Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Жээнбеков: Июнь окуясы баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш


Кыргызстандын президенти Сооранбай Жээнбеков июнь коогалаңынын сегиз жылдыгына байланыштуу кайрылуу таратты.

“Июнь окуясы баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш жана тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган Кыргызстандын келечеги үчүн ынтымактуу, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин далилдеди”, - деп айтылат кайрылууда.

Сегиз жыл мурда сепаратисттер менен улутчулдар өткөн кылымдагы улут аралык жаңжалдын өчпөй калган чогун кайра тутандырганын белгилеп, оор абалдан чыгууга көмөк кылган акылман элге, ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн 2010-жылдагы июнь окуясынын сегиз жылдыгы эскерилип жатат. Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь коогасында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу табыла элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG