Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Усупбекова: Баш мыйзамды өзгөртүү - саясий оюн


Айнура Усупбекова
Айнура Усупбекова

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты.

Парламентте сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун аягы чуу менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарып жатат, парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бүгүн парламентте парламенттик шайлоону Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүп алып, ошондон кийин уюштуруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Анын демилгечилери Кыргызстандын 4-октябрдагы окуядан кийинки коомдук-саясий абалын, экономикалык оор кырдаалын жүйө келтирип жатышат.

Парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик колдоп жатат. Жапаров өзү бир мандаттуу шайлоо системасын да сунуштаган.

“Жарандык платформа” уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова Жогорку Кеңеш депутаттарынын Конституцияны өзгөртүү жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу аракеттерин мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, депутаттар мыйзамсыз кадамы менен өлкөнү Конституцияга шайкеш келбеген абалга түртүп жатат.

Айнура Усупбекова: - Азыр Жогорку Кеңеште болуп жаткан нерсе мыйзамсыз жана ал саясий оюн. Анткени Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жана шайлоону жылдырууга мыйзамдык базасы жок. Алтынчы чакырылыштын депутаттары ишенимсиз кадамдарга кетип жатат. Буларды мажбурлап жатышат же алар жеке кызыкчылыктарын өткөрүп алалы деп жатышат.

Биз эмне үчүн мыйзамсыз деп айтып жатабыз? Конституциялык мыйзамга ушундай шашылыш демилге менен өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт. Конституциялык реформага мындай шашылыш жол менен эч бир жерде барбайт. Депутаттар абдан чыр-чатактуу кадамга барып жатышат. Биз муну мыйзамсыз кадам деп эсептейбиз. Биз нааразылык билдирип, Конституциялык палатага арыз жазабыз.

- Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө долбоор кабыл алынса, кандай тобокелчиликтер бар?

Айнура Усупбекова: - Азыр фракция лидерлерине парламенттик системада калабыз деп убада берип жатышат. А биз турмушта көрүп жүргөндөй, макулдугун алып, бирок кийин көпчүлүк болуп кетип, баштапкы мазмунун бузуп салышат.

Президентке кол койгонго барганда эле мыйзамдын негиздери өзгөрүп кеткенин канча жолу көрдүк. Ошондуктан фракция лидерлери ушул кадамга барбашы керек эле. Алар муну менен чоң ката кетирип жатат. Алар ушул оюндарды токтотуп, андан көрө парламенттик шайлоого барышса болмок. Анан жаңы парламент аталган маселени көтөрүп, шашпай, узак талкуулап, Конституцияга өзгөртүү киргизсе болот. Ал эми азыркыдай шашылыш кабыл алынганда кемчиликтер кетет. Ошондуктан жеке бир-эки адамдын кызыкчылыгын коргобош керек.

- Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт деп белгилеген. Ал эми президенттик шайлоонун датасын белгилөөнүн мөөнөтү бүгүн акырына чыкканы жатат. БШК шайлоону аныктап койгондон кийин депутаттардын парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу барбы?

Айнура Усупбекова: - Шайлоону дайындоо БШКнын өзүнүн гана укугу. Бул кайра шайлоо болуп жатат. Аны узак мөөнөткө артка жылдырууга юридикалык мүмкүнчүлүк жок. Май айына чейин. БШКнын чечими мыйзам боюнча баратат.

- Эл аралык коомчулук мүмкүн болушунча мыйзамдарды сактагыла, анын ичинде Конституцияны сактагыла деп чакырып келе жаткан. Кыргызстан конституциялык жолдон чыгып кете турган болсо, эл аралык коомчулуктун мамилеси кандай болот?

Айнура Усупбекова: - Азыркы учурда конституциялык орган саналган бир гана Жогорку Кеңеш жана Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишин жасап жатат. Азыркы учурда эл аралык коомчулук байкоо жүргүзүп жатат. Качан булар тынчтанып, укуктук нукка кирет болду экен деп карашууда. Кийин алар өз баасын берет. Биздин мамлекет кол койгон көптөгөн эл аралык келишимдер бар. Аларды Кыргызстан аткарышы керек. Азыр кээ бир мамлекеттер жардамдарын токтотуп салды.

XS
SM
MD
LG