Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Талашка түшкөн жаңы шайлоо


4-октябрда өткөн шайлоо.
4-октябрда өткөн шайлоо.

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 20-декабрга белгиленди. Мындай чечим 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду.

Бул жаңы бийликтин БШКга карата басымы катары бааланууда. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да талкууланды.

Ушул эле күнү парламент депутаттары шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда өзгөртүп, №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунуштарын колдоду.

БШКга чакырылбай келген тергөөчү

21-октябрда кечке маал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү журналисттерге маалымат берүү максатында чукул чогулду.

Алар Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын коомчулукка жеткиргиси келген. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мындай деди:

«Өзүн тергөөчүмүн деп тааныштырган адам баарыбызды суракка алып кетерин айтты. Биз макул болбой, каршылык көрсөткөндө кайра кетип калды. Бизди башаламандык боюнча чакырыптыр. Ага БШКнын кандай тиешеси бар?»,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

БШК мүчөлөрүн ИИМ суракка чакырган окуя шайлоо мекемеси кайра парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү расмий жарыялаган күнгө туш келди. Мындан улам бул жаңы бийликтин басымы катары бааланды.

Ал арада Ички иштер министрлиги БШК мүчөлөрүн суракка чакыруу боюнча маалымат берди. Анда милиция кызматкерлери 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтып, аталган окуяга түрткү болгон себептерди аныктоо максатында Боршайкомдун бардык мүчөлөрүн кабарлама жазып берүү менен күбө катары суракка алуу үчүн БШКнын имаратына барганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка чакыруу тууралуу маселе парламентте да козголуп, ИИМден маалымат талап кылынды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжоев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга мындай деп жооп берди.

«Шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча БШКга маалыматтар берилген, бирок алар эч кандай чара көрбөй койгонуна байланыштуу Жазык кодексинин 316-беренеси («Шалаакылык») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. БШКнын мүчөлөрү күбө катары суракка чакырылган. БШКнын жалпы курамы күбө катары өтөт», - деди министрдин орун басары.

Депутаттар Каныбек Иманалиев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги (ИИМ) Боршайкомдун мүчөлөрүнө карата мындай аракет кылышына мыйзам жол бербей турганын эскертишти. Алар министр Улан Ниязбековдун жана башка буйрук берген жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты.

Депутат Каныбек Иманалиев шайлоого даярданып жаткан учурда Боршайкомдун мүчөлөрүнө бир гана Башкы прокуратура кылмыш ишин козгой ала турганын айтып, ИИМдин укугу жок экенине басым жасады.

Ал эми депутат Жанарбек Акаевдин пикири төмөндөгүдөй болду:

«Борбордук шайлоо комиссиясына ИИМдин өкүлдөрү келип БШКнын мүчөлөрүн алып кетүүгө аракет кылып жатышыптыр. Бул мыйзамсыз кадам! Азыртадан эле коркутуп-үркүтүү, жапайычылык жол менен жеңишке жетем дегендер үчүн бул туура. Шайлоого даярдык болуп жаткан учурда мыйзамга ылайык, БШК мүчөлөрүн суракка чакырганга Ички иштер министрлигинин укугу жок. Бирок мыйзамды уруп ойнобой, келбей жатып эсире баштаган биздин саясатчылар ушуга барып жатышат».

ИИМ Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Буга чейин БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өкмөттүн аппараты тарабынан Боршайкомду таратуу аракети болгонун айткан.

21-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн ичинен президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөткөнү да белгилүү болду.

Бул окуяларга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзамдагы берене менен жооп берди.

«Садыр Жапаровдун каты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынан билдим. Баш мыйзам боюнча, президент Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсүн Жогорку Кеңешке шайлоо же бошотуу үчүн киргизет деген норма бар. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарында “Жогорку Кеңеш мыйзамда белгиленген учурларда БШК мүчөлөрүн бошотот” деген норма бар. Ал эми шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамга кайрыла турган болсок, ал жерде “Жогорку Кеңештин таркатылышына, Жогорку Кеңештеги фракциялардын курамынын өзгөрүшүнө, президенттин укуктарынын токтотулушуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши токтотулбайт” деп жазылып турат. Жогорку Кеңеш өз чечимин мыйзамдын негизинде гана чыгарат деп ойлойм».

Буга чейин БШКнын бир мүчөсү Атыр Абдрахматова өз арызы менен курамдан чыгып кеткен.

Жаңы шайлоого сунушталган жаңы эреже

Ал арада Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныкталып, ал 20-декабрда өтө турган болду. Мындай чечим 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган.

Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Боршайком: парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Шайлоодогу мыйзам бузууларды эске алынып, парламентте мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жатат.

21-октябрда кызуу талкуу жана талаш-тартыштардан кийин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кызматташтарына бул үчүн ыраазычылык билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунушталган.

Референдум сунушу: Мыйзам эмне дейт?

Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдары талкууланып жаткан учурда мамлекеттик башкаруу ыкмасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү тууралуу сунуш да айтылды.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев парламент биринчи кезекте референдум маселесин талкуулап алышы керек экенин айтып, сынга кабылды:

«29 жылдан бери 32-премьер иштеп жатат. Президент эч нерсеге жооп бербейт, бирок иш жүзүндө мамлекетти ошол башкарат. Ошондуктан референдум өткөрүп, башкаруу формасын аныкташ керек. Жоопкерчилик керек. Жоопкерчилик эч кимде болбогондуктан, ушунун баары болуп жатат».

Парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин бир мандаттуу шайлоо системасы менен өткөрүүнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик да колдоп жатат. Бирок бир катар депутаттар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү узак убакытты талап кылган жараян экенин айтып, аны өзгөртүүнү парламенттик шайлоодон кийин гана сунуштаса туура болот деген көз карашта.

Депутат Каныбек Иманалиев учурда референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок экенин айтып, аны демилге кылуу укугуна үч субъект гана ээ экенин эске салды.

«Бирөө президент. Президент азыр жок, анын милдетин аткаруучу референдум кыла албайт. Экинчи – 300 миң кол. Эки айда аны чогултуп, өткөрүү мүмкүн эмес. Үчүнчү – Жогорку Кеңеш. 80 депутат барсыңарбы? Референдумга коюла турган Конституциянын долбоорун көрдүңөрбү? Кайсы комитетте каралды? Бизде эки эле айлык ресурс бар. Референдум парламентке түшүп, каралгыча алты ай өтөт. Бүгүн референдум өткөрүүгө эч кандай укуктук негиз жок. 4-6-октябрда борбордук аянтка чыккан кишилер «референдум кылгыла» деп келген эмес. Кыргызстандын тарыхында сегиз жолу референдум болду. Онунчу жылдыкын эске албаганда, жети жолкусу президенттин бийлигин кеңейтүүгө багытталган».

Кыргызстанда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз каалоосу менен тапшыргандан кийин анын милдетин парламент өкмөт башчы кылып шайлаган Садыр Жапаров жетектеп калган.

Жаңы бийликтин соңку кадамдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:27 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG