Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

«Матраимовдун кармалышы спектакль болуп калды»


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы, юрист, коомдук ишмер Клара Сооронкулова бул окуяны бийликтин атайын түзүлгөн сценарий менен жүргүзгөн оюну катары баалоодо.

- Райымбек Матраимовго байланыштуу чечим мыйзамга таянган чечимби же саясий чечим болдубу?

- Бул жерде оюн болуп кетти. Эч кандай саясий чечим болушу да мүмкүн эмес эле, анткени Райымбек Матраимов жалаң эле «Коррупция» беренеси менен эмес, бир топ беренелер, башкача айтканда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» деген сыяктуу беренелер менен соттолушу керек эле. Болгондо да ири суммадагы жемкорлук болуп жаткандан кийин абдан оор кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан бөгөт чарасы камакка алуу болмок. Кечээки окуяларды көрдүк, бул чындыгында эле спектакль болуп калды. Бир эле күндө кармап, «тергөө менен келишим түздү» деп кайра бошотуп коюшту. Тергөө менен келишим түзгөнү натыйжалуу болушу үчүн Матраимов өзү менен кошо кылмышка аралашкан адамдарды толук белгилеп бериши керек, бирок биз аны да билбейбиз.

Сөзсүз түрдө биз эми ушуну талап кылышыбыз керек. Негизи бул бир күндө чечилчү маселе эмес. Кылмыш иликтениш үчүн шектүү кармалып, аны менен кошо кылмышка аралашкандар аныкталат, андан кийин гана тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлөт. Мындан ары эми Матраимов жанагы мамлекетке тийгизген зыянын эки миллиард сом өлчөмүндө төлөп берет, анан айыппулду да төлөйт, ага карата ачылган кылмыш иштери кыскартылат. Тергөө эмнени талап кылса, ошол жазанын негизинде аны бошотушат.

Бул жерде эки орчундуу маселе турат. Бажыдагы коррупциялык схемалар баары бир турат. Матраимов ал жерде жалгыз эмес. Анын кожоюндары, жанагы уйгур коммерсанттар бар. Схеманын ээлери ошолор да. Азыр эми бул схемага ким келет? Эми Райымбек Матраимов кайра келе алабы? Жок, схеманы эми сөзсүз түрдө башка адамга өзгөртүшөт.

Албетте, бул процесс азыркы бийликтин калкалоосу менен ишке ашат. Эгерде жогоруда мен айткандай, Матраимов кылмыш беренелери боюнча толугу менен айыпталып, сот жараяны ачык, калыс жүрсө анда мунун бүт мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискация болушу керек эле. Азыр ал оңой эле кутулуп кетип жатпайбы.

- Эми бул кырдаалдын өзү мындан ары өлкөдөн ири суммада акча кымырган коррупционерлер бийликке акча төлөп эле кылмыш ишинен кутулуп кетишине жол ачпайбы?

- Ооба, жол ачат. Андай болсо экономикага байланыштуу кылмышка аралашкандардын баарына ушундай чара көрсө болот. Ушинтип эле келтирилген чыгымды төлөп берип салса болот. Бирок Матраимовдун ишинде контрабанда турат, мамлекетке кыянаттык менен мамиле кылуу, мыйзамсыз баюу турат. Мына ушул беренелердин баарына айыпталышы керек эле.

«Айып төлөп чыгып кетти» дегени мыйзамга да, акылга да сыйбаган көрүнүш. Андан көрө мүлкүн конфискация кылсын, ошондо мамлекетке көбүрөөк пайда болмок. Андан сырткары жанагы схема толук ачылып, ага ээлик кылгандардын баары жоопко тартылышы керек эле. Демек, эми бул схеманы башка бирөө пайдаланат, бирөөлөр үчүн өтө пайдалуу болуп жатат да.

Схемадан баары пайдаланат

- Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин учурунда Матраимов аралашкан коррупциялык схемалардын бетин ачкан иликтөөлөр чыкты. Бирок бийлик «факты жок» деп туруп алгандыктан аны камоо же сот жообуна тартуу маселеси каралган эмес. Эмнеге Жээнбековдун бийлиги бул маселени кароодон жалтактап туруп алды деп ойлойсуз?

- Эми бул схемалар Алмазбек Атамбаевдин учурунда деле бар болчу, Жээнбековдо эле чыга калган жок. Райымбек Матраимовду Атамбаев өзү ушул даражага жеткиргенин баары эле билет. Муну бийлик көрүп туруп унчукпай коёт, себеби Матраимовго түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү ошол бийликке кетип жатты да. Мен аны божомолдоп Атамбаевдин учурунда деле айткам, кайсы бир бөлүгү президенттик фондго, жеке чөнтөккө кетерин айтып эле келгем.

Бийликте тургандардын көбү пайда көрүп жатты. Менин маалыматым боюнча Ош облустук УКМК бөлүмүнүн башында тургандар, прокурорлор, соттор - баары пайда көрдү. Ар биринин өзүнүн «үлүшү» бар. Азыр деле ошондой схема кетет. Бул кетсе анын ордуна жаңы Матраимов келет. Муну азыр кожоюндары сүрүп чыгат, анткени Матраимовдун аларга эми кереги жок. Башка бирөө келип, аны деле бийлик пайдаланышы мүмкүн.

- Деги эле дүйнөдө коррупциялык чиелешкен схемалардын бетин ачуу татаал экенин билебиз. Бир жагынан адам укуктары, менчикти коргоо укугу десек, экинчи жагынан эл байлыгына кол салгандарды кантип жазалоо керек деген суроо турат.

- Ооба, адам укуктары бар, бирок ошолорду чукуп текшериш керек да, текшерсе эле мыйзамсыз байыганы аныкталат. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка бирөөгө каттатып коюшат. Аны барып эле сурап, «кайдан алдың, качан алдың» десе эле чыгат да. Аны чыгарыш оңой эле, адалдаса да текшерсе болот. Ага саясий эрк керек, мыйзамдуулук зарыл. Азыркы бийликтин мындай жолго барарына мен ишенбейм.

Азыр бюджет аябай тартыш, ноябрь айына төлөнө турган пенсияга, жөлөк пулга акча жок. Ушундан улам булар кандай болсо да бюджетти толуктап туралы деп эки миллиард сомго макул болушу мүмкүн. Бирок ошону менен бирге Райымбек Матраимовго кутулуп кетүүгө абдан сонун мүмкүнчүлүк жаралды. Эки миллиард сом бюджетке кетсе, андан көбү бирөөнүн чөнтөгүнө кетти.

- «Мекеним Кыргызстан» партиясынын колдоочулары ага-ини Матраимовдор да. Эгер бийлик азыр Райымбек Матраимовдон эки миллиард сомду алса, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын саясий тагдыры кандай болушу керек? Алдыдагы шайлоого катыша алабы?

- Бул кишилер үчүн моралдык деген түшүнүк жок. Укуктук жагын деле ушинтип ачык эле бийлик менен сүйлөшүп бүтүрүп коюшат. Андыктан шайлоого адамдарын сөзсүз түрдө кайра катыштырат. «Мекеним Кыргызстан» болбосо да башка партияны чыгарат, же болбосо бийлик менен жуурулушуп эле иштеп кете берет. Жаңы «Биримдик» же «Мекеним Кыргызстан» пайда болот.

Бул шайлоо болорунан деле азыр мен абдан күмөн санап жатам. Болбой калышы деле мүмкүн. «Конституциялык реформа болсун» деген чакырыктар көп болуп жатат. «Бизге парламентаризм жарабайт, президенттик башкарууну алып келиш керек» деген пикирлер кеңири жайылууда. Бул абдан чоң ката. Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү деле чоң суроо жаратууда. Беш жылдык мөөнөтү бүтүп калды, азыр чыгарган мыйзамдары кийин легитимсиз болуп калышы мүмкүн. Азыркы парламентти таратып, шайлоого карата жеңилдиктерди кабыл алып туруп эле жаңы шайлоону өткөрүп, жаңы шайланган парламент конституциялык реформа кылабы же мындан ары эмне кылат, аныкташы керек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG