Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте калды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. УКМКнын ыкчам кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Матраимовдун адвокаты ал тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергени үчүн камалбаганын билдирди.

УКМК Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы жөнүндө маалымат тараткан.

Кийинчерээк УКМК Райымбек Матраимовдун мамлекетке эки миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектелүүчү төлөөгө макул болгон жана 80 миллион сомун дароо которгонун кабарлаган.

Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG