Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Мурдагы премьер-министр өлкөдөн чыга албайт


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Финансы полициясы мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салды. Ошондой эле аталган мекеме ушул жылдын июль айында өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө иштерин баштады.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөн чыгууга аракет кылса, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы) жеткирилет. Бирок анын чет өлкөгө чыгышы кайсы иштин негизинде чектелип жатканы тууралуу маалымат айтыла элек. Финполиция иштин толук жагдайы кийинчерээк берилерин билдирүүдө.

Ал эми Абылгазиев «Азаттык» радиосуна Кыргызстандан эч кайда кетпей турганын билдирди.

Ар кандай суроолорго өлкө мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө даярмын

«Мен өлкөдөн чыгып кеткен жокмун, кетүү максатым да жок», - деди ал. Абылгазиевдин айтымында, ал учурда Бишкек шаарында жана анын жашаган жери укук коргоо органдарына белгилүү. «Ар кандай суроолорго өлкө мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө даярмын. Бул боюнча бир нече жолу айтканмын жана бул жолу дагы бир ирет ырастайм», - деди мурдагы өкмөт башчы.

Быйыл сентябрда мурдагы премьер-министр Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнда кызматтан кеткен.

Буга чейин бир катар активисттер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү суранып келишкен.

«Тез жардам» автоунааларынын баасы териштирилет

Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине жана башка тиешелүү органдардын башчыларына кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди:

Анастасия Пискур.
Анастасия Пискур.

«Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан бир млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатып алганы, натыйжада андан мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканы аныкталды. Учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иштин алкагында жогорку кызматта иштеген аткаминерлер суралып жатат».

Быйыл 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.

Бирок алардын баасы коомчулукта кызуу талкууга алынып, «эл ооруп жатканда пайда табууну көздөдү» деп бийликти сындагандар чыккан. Көп өтпөй автоунаалардын бири жолдон бузулуп калганы тартылган тасма тараган.

Баасы менен сапаты талкууга түшкөн "Тез жардам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов ошол кезде автоунаалардын сапаты баасына туура келе турганын билдирген болчу.

Анын айтымында, 13 машиненин үчөө экинчи класстагы реанимобил. Анда кубаттоочу шаймандар менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Бул «Форд Транзит» үлгүсүндөгү ар бир машине 90 миң доллардан алынган. Калганы дизел менен жүрүүчү 4WD «Соболь» («Газел») үлгүсүндөгү машинелер. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек баллондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүш үчүн бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен 49 миң доллардан айланган.

Исмаилов сатып алуу иши тендердик комиссиянын катуу көзөмөлүндө жүргүзүлгөнүн белгилеген.

«Тендерге төрт фирма катышкан. Алардын ичинен кызмат акысын арзан сунуш кылган компанияны тандап алдык. Бул «Тез жардам» автоунааларынын комплектациясы жөнөкөй машинелерге салыштырмалуу башкача болот. Бул жакта бекитилген өзүнчө эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Биз жаңы техниканы текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди», - деген Исмаилов.

Финансы министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-июлга карата Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү төрт млрд. 824,01 млн. доллар болду. Бул жылы Кыргызстан тыштан 337 млн. доллар каржылык жардам алганын, анын ичинен 269 млн. доллар насыя экенин билдирди. Быйылкы алынган жардам коронавируска каршы күрөшүү жана бюджетти колдоо үчүн берилген. Жылдын этегине чейин алына турган да карыздар бар.

«Жарандык көзөмөл комитети» кыймылынын жетекчиси Динара Ошуракунова экономикалык ири кылмыштарды иликтөө зарыл деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Финполиция «Тез жардам» автоунаасын гана иликтеп, жалпы көйгөйдү ачып бербей, ушундай майда-барат иштер менен элди алаксытып жатат. Пандемия учурунда тыштан келген каражаттарга ошол автоунаалар эле алындыбы? Калган акча кайда кетти? Айлыкка канчасы төлөндү? Түшүндүрүп бериши керек. Муну менен маселе чечилип калды деп айтышка болбойт», - деди ал.

18-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалып, эки айга камакка алынган. Башкы прокуратура ага «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айып коюуда.

Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу камалган биринчи аткаминер. Ал 1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен кошо кызматтан алынган.

Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү сунуш кылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштин калыс тергелишинен күмөн санап турганын жашырган жок:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Бул ишти тергеш үчүн жаңы кадрлар келиши керек. Анткени мурунку бийликтин буйруктарын аткарып жүргөн тергөөчүлөр кызматта отурушат. Аларга баары бир. Башкысы - жетекчисинин тапшырмасын аткарат. Ошондуктан калыс тергелет деп айтыш оор болуп турат. Кызматка жаңы жүздөр келип, ишти карай баштаганда гана эл ишенет».

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын учурунда жакындарын жоготкондор да адам өмүрү кыйылганынын себебин териштирүүнү бийликтен талап кылып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1113 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG