Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Саясий кризистин эпкини кендерге жетти


Иштамберди кени.
Иштамберди кени.

Акыркы күндөрдөгү башаламандыктан улам 6-октябрда Таластагы Жерүй алтын кенинде имарат өрттөлдү. Белгисиз адамдар Нарындагы Кара-Кече көмүр кенин басып алышты. Мындан тышкары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Терек-Сайда жайгашкан алтын комбинаттары ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Эксперттер мындай көрүнүш кыргыз экономикасын эңшерип, өлкөнүн тышкы саясатын туңгуюкка кептеп жатканын белгилеп жатышат.

«Жерүй» алтын комбинаты өрттөлдү

6-октябрда Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Каныбеков 200дөй киши Жерүй алтын кенине бастырып кирип барышканын билдирди. Жаалданган топ кендин имаратына өрт коюп, кампалары, кеңселери күйүп кеткен.

Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. 2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

«Азыр өздөрүнүн коопсуздук кызматы иштеп жатат. Башка жумушчулары кенди таштап кетип калышкан экен. Ал жерди милиция кызматкерлери кайтарууга алган жок. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат».

Кара-Кече көмүр кенин басып алышты

Ушул эле күнү Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алды. «Кыргызкөмүр» ишканасы кенди басып алууну «Саяк» деген каймана аты бар кримавторитет Кадыркулов уюштурган деген маалымат бар экенин кабарлады.

Басып алгандар филиалдын кассасынан акча жана көмүр иштетүүдөн түшкөн жарым миллион сомдон ашык каражатты тартып алган. Алар филиалдын директорун, башкы инженерди «өз ыктыярым менен кызматтан кеттим» деген арыз жазууга мажбурлап, жетекчиликтин алмашуусун талап кылган.

Ишкананын жетекчиси Канатбек Ашырбаев буга чара көрүүнү өтүнүп, УКМКга, ИИМге жана Координациялык кеңешке кайрылган.

Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова 7-октябрда «Кыргызкөмүр» ишканасынын башкы кеңсесине да белгисиз адамдар келип, жетекчиликти коркутуп кеткенин билдирди.

Кара-Кече.
Кара-Кече.

«100дөй адам келип, чогулуп турушту. Алардын максаты ишкананын жетекчисинин ордун тартып алуу экени байкалды. Биз укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин алар кетип калышты. Бирок кайра келишпейт деп айта албайбыз».

Ал арада «Кыргызалтын» ишканасына өзүн Алмаз Туманов деп тааныштырган адам эки күндөн бери «жаңы жетекчиңер болом» деп келип жаткан экен. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Толкун Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, Туманов өзүн жаңы бийлик дайындады деп билдирген. Бирок ал кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйругун көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле Камчыбекова мекеменин карамагындагы Солтон-Сары, Макмал алтын кендери кадимкидей тартипте иштеп жатканын белгиледи.

Башаламандыктан улам бир катар алтын кен ишканалары ишин токтотту

Чаткал районунун Терек-Сай шаарачасындагы алтын кенин иштеткен түркиялык компания жергиликтүү элдин талабы менен кен казуу иштерин токтотту. Буга жергиликтүүлөрдүн бир тобу барып, азыркы кырдаал жөнгө салынганча кен казууну токтотууну талап кылганы себеп болгон. Ошондой эле Ала-Бука районундагы «Full Gold Mining» алтын компаниясы да убактылуу ишин жапты.

Тоо-кен металлургия кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев башаламандык таасир эткен кен компаниялары тууралуу буларды айтты.

Элдар Тажибаев.
Элдар Тажибаев.

«Кен тармагындагы ири ишканалар кол салуунун айынан ишин токтотконго аргасыз болушту. Иштамберди кенинде иштеген чет өлкөлүктөр элдин талабы менен кендин аймагынан чыгып кетишти. Биз кен тармагында тез арада тартип орношун талап кылабыз. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Маселе кыргыз экономикасына таасирин тийгизбегендей болуп чечилиши керек. Тоо-кен тармагындагы ишканалардын иши токтошу бюджеттин киреше бөлүгүн азайтат. Бул каатчылыкка алып келет. Эл аралык соттошуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары ондогон мекендешибиз жумушсуз калат».

Экономика эңшерилгени калды

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Анын ичинде 46сы ири алтын кени. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген. Кыргызстанда кен иштеткен компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр-чатак буга чейин эле көп катталган.

Тышкы саясат боюнча эксперт Аскар Бешимов кен тармагында болуп жаткан окуялардын кесепетине токтолду:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Биринчиси - башка өлкөлөр Кыргызстанда бийлик жок деген көз карашта болот. Бул мамлекеттин аброюна шек келтирет. Экинчиси - инвестор келбейт. Басып алып жатышса ким келмек эле? Ошондуктан азыркы бийлик жакын арада мыйзамдуу жолго түшпөсө болбойт. Эртерээк тартипке салбаса мунун арты туңгуюк. Ансыз да карызга жашап жаткан өлкөбүздүн экономикасына бул чоң сокку болду. Тышкы карызыбыз толтура. Бюджетибиз эңшерилип турат. Өкмөт элди бага албай жатат. Тышкы саясаттын эң чоң багыты – бул тыштан акча табуу. Бирок бүгүнкү мамлекет өзүнүн социалдык милдеттерин да так аткара албай калган».

Ал эми эксперт Эркин Абразаков кендерди басып алуунун жыйынтыгы экономикага кандай таасирин тийгизерин айтып берди:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Жерүй - 100 тоннадан ашык алтын-күмүшү бар өтө кымбат долбоор. Бирок аны өрттөп салгандары жаман болду. Бул элдин бийликке болгон ишеничинин кеткендиги. Ошентсе да фабриканы талкалабай эле коюшса болбойбу. Анда эмне күнөө? Ал экономикага жакшы салым кошо турган жер эле. Эми белгисиз адамдардын көзү Кумтөргө түшүп жатат. Бюджетке киреше түшүрүп турган Кумтөр алтын кенин сактап калбасак экомикабыз алсырап, банкротко быйыл эле барып калышыбыз мүмкүн. Ушуну түшүнбөй бийлик талашып жатышат. Кыргызга «кресло», «потфель» эле керекпи? Кримтоптордун таасири болуп жатат».

2019-жылдын 6-февралында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү абалды өлкөнүн Коопсуздук кеңеши талкуулап, кен казуу тармагынын өндүрүш объектилеринде жергиликтүү элдин каршылык маанайы бар экени, инвесторлордун ишин токтотуу максатында элди козуткандарды аныктоо жана жоопко тартуу зарыл экени айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өткөн жыйында бул тармактын өнүгүшүнө жемкордук да тоскоолдук жаратып жатканы, айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасында коррупция терең жайылганы белгиленген.

6-октябрдагы башаламандыктан бери өкмөт толук ишке чыга элек. Ал эми бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери иштерин таштап кеткен. Ал эми саясий күчтөрдүн, парламент депутаттарынын жаңы өкмөт түзүү аракеттеринен майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG