Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Кагазда калган жашыл экономика


Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) сөз сүйлөп, Кыргызстан экологиялык дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга сүрөй турганын билдирди. Пандемияга байланыштуу БУУнун быйылкы жыйыны видео байланыш аркылуу өттү.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркто өткөн Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммиттеги кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн экологиялык дипломатия жана жашыл экономика түзөрүн айтты:

«Биз - экологиялык таза өндүрүмдүн жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Бир жыл мурун Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен азайтууну көздөйт».

Президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылууну 1-октябрга караган түнү жасады. Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммит БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында өтүп жатат.

Мамлекет башчы Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоп, ошол эле учурда өз демилгелерин да сунуш кылып келе жатканын белгилеп, анын ичинде ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммит уюштуруу, радиациялык коркунучтун алдын алуу резолюциясын жаңылоо жана Эл аралык тоолор жылын өткөрүү бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал Башкы Ассамблеянын жыйынынын алкагында Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча «Табият чек ара тааныбайт: чек ара кызматташтыгы — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору» деген өз резолюциясынын долбоорун сунуш кыла турганын да билдирди.

- Биз төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурдук:

— Биологиялык ар түрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;

— Биологиялык ар түрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;

— туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн жашыл экономиканын принциптерин пайдалануу;

— ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.

Резолюция долбоору глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылган. Алардын арасында Жапайы жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонд, БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясы, ЮНЕП, Рамсар конвенциясы, Жаратылышты коргоо боюнча немис бирикмеси бар экенин белгилеген Жээнбеков аталган резолюция БУУга кирген мамлекеттердин жана институттардын кеңири колдоосуна ээ болот деген үмүтүн билдирди.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башчысынын орун басары Кумар Мамбеталиев президент айткан долбоорлор Кыргызстанда акырындык менен ишке ашып жатканына токтолду.

Эки жолу ак илбирсти коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форум уюштурдук.

«Эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүп келебиз. Тактап айтканда, тоо саммитин өткөрдүк. Эки жолу ак илбирсти коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форум уюштурдук. Мына ушундай демилгелерибиз менен дүйнө коомчулугун жапайы жаратылышты сактоого жана анын объектилерин коргоого чакырып келебиз».

Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын ченемсиз, ыксыз жана натыйжасыз пайдалануунун аркасында жаратылыш ресурстарынын жок болушу, климаттын өзгөрүшү, абанын жана суунун булганышы, таштандылардын жакшы тазаланбай калышы жана айыл чарбасы менен суу жана энергетикалык тутумдардын натыйжасыздыгы сыяктуу көйгөйлөр бар.

Дүйнөлүк банк ден соолуктун деңгээлин глобалдуу алкакта баалаган маалымат боюнча Кыргыз Республикасы 145 өлкөнүн ичинен 101-орунду ээлеп турат.

Эколог Гамал Сооронкулов Кыргызстандагы жашыл экономиканын деңгээли тууралуу оюн ортого салды.

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

«Жашыл экономика багытын колго алган уул-кыздарыбыз бар. Бирок жалпы мамлекеттин деңгээлинде иш жүрбөй жатат. Ишкерлер өз алдынча органикалык жер семирткичтерди чыгарып жатат. Ошондой эле органикалык бак-дарактарды өздөштүрүшүүдө. Тилекке каршы, булар абдан аз. Сүт азыктары, жашылча-жемиштер менен дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экология үчүн, өкмөткө эл аралык уюмдар аркылуу жылына миллиондогон доллар грант келет. Мындан тышкары Кумтөр алтын кени да экологияны чыңдаш үчүн 57 миллион доллар бөлөт. Бирок бул акчанын баш-аягы жок болуп жатпайбы. Өкмөт негизги басымды тоо кен тармагына жасап жатат. Бирок бул багыт экологияны талкалагандан башка пайдасы жок».

Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери жашыл экономикага өтүү боюнча максат коюп келет. Бул программа жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө өбөлгө экени айтылат.

Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөө принцибинде ишке ашууга тийиш.

Буга чейин Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30% чейин азайтууга милдеттенме алган.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов азыркы өкмөттүн ишин сынга алды.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Экологиялык дипломатия, жашыл экономика деген сөздөр көп жылдан бери айтылып келатат. Бирок иш жүзүндө мунун бири да аткарылган жок. Кыргызстан үчүн бул жок нерсе. Президенттин сөзүн ушундай эле кабыл алдым. Ал өзүнүн тилегин айтты. Ал «буга активдүү катышабыз» деди. Кыргызстандын эгемен тарыхында бул багытта кеминде 18дей стратегия жазылган. Азыркы абалга келишибиздин себеби ошол стратегиялар ишке ашпаганынын кесепети. Эми бул демилге аткарылат деп үмүт кылып туралы. Жашыл экономиканын негизинде биз тышкы саясатта экологиялык дипломатияны жүргүзөбүз. Багыттары, түзүмдөрүнүн түзүлүшү, алдыга койгон максаттары болушу керек. Азыр анын бири да жок. Күчтүү парламент түзүлүп, алар күчтүү өкмөт кураганда гана бул сөздөр ишке ашат».

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков терроризмге каршы жана адам укуктары тууралуу да сөз сүйлөгөн.

Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы, экология маселелеринде Бишкек өзүнө коюлган милдеттерин так аткарып жатканына токтолгон.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдыразаков «Кыргызстан БУУ аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат» деген пикирде.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорлорунда түзүлгөн комитетине же комиссиясына талапкерин сунуштайт. Бирок ошого өтүп, анын үзүрүн көрүп, эл аралык деңгээлде конференция өткөрүп БУУнун алдында отчет бере элек. Башчыларыбыз ошол жерге барып, эптеп эле трибунадан сүйлөп койсо болду. Пайдасын көрө элекпиз. Негизинен өлкөгө пайдалуу аракеттерди көрсөк болмок. Ага Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар».

21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүштү. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыкты.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG