Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

«Туруксуз өлкө катары Кыргызстандын баркы кетүүдө»


 6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.
6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Кыргызстандагы окуяларга чет өлкөлүк саясат талдоочулар да көз салышууда. Алардын бири, Лондондогу тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос биздин суроолорубузга жооп берди.

- Сиз Кыргызстандагы окуяларга жакындан байкоо жүргүзүп келатасыз. 6-октябрдын түнүндө ыңкылап болдубу же төңкөрүшпү?

- Азырынча бул көбүрөөк төңкөрүш катары көрүнөт. Күтүп туруп, окуялардын кандай өнүгөрүнө жараша айтса болот. Жээнбеков кызматтан кетип, убактылуу өкмөт курулса, бийлик боштугу жоюлса, анда балким революция болду десек болчудай.

- Эмне үчүн Кыргызстандын президенттери, бийлик тарыхтан сабак албайт?

- 2005 жана 2010-жылкы окуяларда окшоштуктар менен катар айырмачылыктар да бар. Акыр аягында бардыгы барып президенттин жоопкерчилигине барып такалат. Ошо президенттер же бийликтен кеткиси келбейт же кандайдыр бир оюндар аркылуу бийликти сактап калгысы келген. Жакынкы тарыхтан сабак алышса жакшы болмок. Бирок менимче, алар мурдагы президенттен акылдуураакмын деп ойлошот. Балким маселе ушунда.

Бирок Жээнбековдун пландары жаңылыш болуп чыкты. Шайлоодо чоң бир мыйзам бузуу күтүлгөн, ансыз да №2 форма деген маселе чыккан. Андыктан ири демонстрациялар, нааразылык ыктымалдыгы да күтүлгөн. Бирок президент мунун баарына олуттуу мамиле кылбай койгон деп ойлойм. Анын үстүнө коррупцияга байланыштуу буга чейин эле элдин нааразылыгы күчтүү болчу.

Ошол эл койгон көптөгөн талаптарды көз жаздымда калтырып, Жээнбеков буга чейинки президенттердин катасын кайталады. Балким элден, элдин мүдөөлөрүнөн алыстап, коомдун маанайын сезбей калган. Президенттин кайда жүргөнү да түшүнгөнүмө караганда так белгисиз. Бул окуялар ал үчүн да күтүүсүз болгондой.

Франциско Олмос.
Франциско Олмос.

- Мурдагы президент Атамбаевди бошотушканы тууралуу кабар тарагандан кийин, сиз «оппозиция ага көз салып туруш керек» дегендей жаздыңыз. Эмне үчүн?

- Менимче, ал сөзсүз кырдаалдан пайдаланып кетет. Өзүңөр билгендей, ал «Жээнбековду көзөмөлдөп турам, көмүскөдөн башкарып турам» деген. Бирок ал планы ишке ашпай калды. Бийлик вакууму пайда болгонун, дагы көптөгөн колдоочулары бар экенин эске алганда, ал кырдаалды өз максатында пайдаланып кетиши ыктымал. Менимче, оппозициялык күчтөр аны байкап турушу керек. Анын буга чейинки жасаган иштерин эске алуу менен бийликти өткөрүү жана башка процесстерге ал аралашпашы керек деп ойлойм.

- Казакстан «Кыргызстандагы окуялар - өлкөнүн ички иши деген» билдирүү жасады. Москва үн ката элек. Кыргызстандагы окуялар Кремлди тынчсыздандырчудайбы?

- Кремль тараптан азырынча эч кандай сөз айтылбаганы көп нерседен кабар берет. Менимче, алар байкап, тараза ташы каякка ооп кетерин күтүп турушат. Кыргызстан тышкы саясатында Орусияга жакындыгы менен белгилүү.

Соңку күндөрү болгон окуялар өлкөнүн таза ички иштери экенин, ички саясий окуялардан келип чыкканын эч ким тана албайт. Бирок Кыргызстан - Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Москва менен тыгыз байланыштарды сактап келатат. Орусияга каршы эч кандай ураандар угулган жок, андай маанай да байкалган жок. Бул жагынан алганда Москваны камтама кылчу бир нерсе бар деп айта албайм.

Албетте, туруксуздук жакшы көрүнүш эмес. Ушу тапта Тоолуу Карабакта согуш жүрүп жатат, Беларуста кризис уланууда. Эми Кыргызстандагы окуялар да бир баш ооруга айланмакчы. Бирок менимче, Орусия үчүн Армения менен Азербайжандын ортосундагы чатак алда канча маанилүүрөөк, алда канча көбүрөөк тынчсыздандырат.

- Жалпысынан ушундай туруксуз абал өлкөнүн эл аралык сахнадагы аброюна, инвестиция тартууга кандай таасир этет?

- Акча туруктуулукту жакшы көрөт. Бул сыр деле эмес го. Көп учурда өлкө демократиялык жолдобу же жокпу, маанилүү эмес. Эң негизгиси - туруктуулук болушу керек. Ошондо гана инвестицияларга коопсуз шарт түзүлөт. Ушундай төңкөрүш же революциялар сөзсүз түрдө туруксуздукту жаратат. Башка өлкөлөрдүн мамилесине, инвесторлордун келишине акыркы окуялар таасир этпей койбойт. Бирок мунун бардыгы кризистин канчалык тез жөнгө салынарына көз каранды. Бир нече күндүн ичинде чечилип калса, кесепети анча чоң болбойт. Ал эми жумалап созулуп кетсе, анда Кыргызстандын туруктуу өлкө деген аброюна чоң залал алып келмекчи.

XS
SM
MD
LG