Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстандагы түнкү окуя дүйнөнүн назарында


Бишкекте митингге чыккандар, 5-октябрь 2020-жыл.
Бишкекте митингге чыккандар, 5-октябрь 2020-жыл.

Дүйнөлүк медиа каражаттары Кыргызстандагы 6-октябрга караган түнү болгон окуялар тууралуу байма-бай жазып жатат. Алардын айрымдары учурда Кыгызстандын бийлик башында кимдер турганына көңүл бурса, кайсы бири "Октябрь революциясы" ишке ашканын билдиришүүдө.

“Eurasianet” басылмасы Кыргызстандын баш калаасында күч түзүмдөрү менен кагылышкан митингчилер өкмөттүк имараттарды ээлегенин, саясий туткундарды бошотушканын жана учурдагы президенттин тагдыры белгисиз экенин жазды.

“Бурмаланган шайлоо түнкү кагылышуу менен коштолуп, "Кыргызстанды ким башкарып жатат” деген суроолорду жаратты”, - деп жазды басылма.

Британиялык “The Guardian” гезити Кыргызстанда ири демонстрациядан кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганына көңүл бурду.

5-6-октябрь күндөрү болгон митингдерде жүздөгөн адамдар жараат алып, бир киши каза тапканын жазды. CNN телеканалы 6,5 миллиондой калкы бар Кыргызстан Орусиянын жакын өнөктөшү экенин, бул өлкө саясий абалы туруксуз болгону менен таанылганын, акыркы 15 жылда эки президент бийликтен кулатылганын билдирди.

Франциялык “Le Monde” басылмасы да Кыргызстанда миңдеген адамдар катышкан демонстрациялардан кийин шайлоонун талаштуу жыйынтыгы жокко чыгарылганын жазды. Шайлоону катарында президент Сооронбай Жээнбековдин иниси бар “Биримдик” партиясы жана жемкорлукка каршы акцияларга себеп болгон Матраимов кланына ыктаган “Мекеним Кыргызстан” партиясы жеңгенин, Кыргызстан авторитардык мамлекеттер менен курчалган тоолуу, жакыр өлкө экенин эске салды.

Катарлык “Ал-Жазира” телеканалынын Бишкектеги кабарчысы Чарльз Стрэтфорд түнкү окуялардан кийин “майрамдоо менен кошо бүдөмүк абал” жаралганын айтты.

“Бардык далилдер көрсөткөндөй, өзгөчө мурдагы президент менен мурдагы премьер -министр түрмөдөн бошотулганын эске алганда, учурда бийлик эч кимдин көзөмөлүндө эместей таасир калтырат”, - деди Стрэтфорд.

Түркиялык “Хүрриет” гезити “Кыргызстанда башаламандык!” деген аталыш менен өз макаласын жарыялап, демонстранттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушканына көңүл бурду. “Таквим” басылмасы Түркиянын Тышкы иштер министрлиги түрк жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырганын жазды.

Орусиялык “Gazeta.ru” сайты президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусуна басым жасады. Басылма Жээнбековдун “айрым саясий күчтөр бийликти күч менен басып алууга аракет жасады” деген сөзүн алдыңкы сапка чыгарды.

Дагы бир орусиялык “Известия” гезити 6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон окуяларды “Октябрь революциясы” деп атап, Ак үйгө кирип барган митингчилерди “козголоңчулар” деп мүнөздөдү.

“Нааразылык маалында президент Сооронбай Жээнбеков саясий партиялардын лидерлери менен жолугууга макулдук берди. Эң көп добуш алган “Биримдик” партиясы эгер кайра шайлоо дайындалса, ага катышууга даяр экенин билдирди. Уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурады. Бирок мунун баары чыңалууну басаңдата алган жок”, - деп жазды “Известия”.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG