Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Кыргызстандагы саясий туңгуюк


Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликти күч менен тартып алуу аракети болгонун айтып, бардык саясий күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырды.

Экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбеков кеч кайрылуу жасап, кырдаалды жөндөп кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калганын айтып, азыр эми бардык тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө отурууга үндөдү.

Ал арада саясий партиялардын координациялык кеңеши саясий кризистен чыгуунун жолун талкуулай башташты. Өкмөт өзгөчө шартта иштеп жатканын жарыялады, бирок премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү каякта экени белгисиз. Бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү баштала элек.

Бийлик де-юре бар, де-факто жок

Президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылуу жасап, 6-октябрга караган түнү баш калаада Ак үй шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилердин колуна өтүп, бийликти күч менен басып алуу аракети болгонун жарыялады.

Мындай шартта президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтын жокко чыгарууну сунуштап, тараптарды укуктук талаага кайтып келүүгө чакырды:

«Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык.

Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик. Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм. Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам. Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу - баарынан кымбат. Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам», - деди Жээнбеков.

Кечиккен кайрылуу

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте болгон соңку окуяларга карата билдирүүсүн экс-президент Роза Отунбаева кечиккен кайрылуу катары баалады.

Ал шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык акциясына чыккан саясий партиялардын үнүн угуп, кырдаалды жөнгө салып кетүүгө анда жетиштүү убакыт болуп, бирок президент тарабынан чечкиндүү чара көрүлбөгөнүн кошумчалады.

Экс-президент Роза Отунбаева азыр саясий күчтөрдү өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырып, абалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады:

«Президент элге чыгып сүйлөшү керек эле. Бир күн бою митинг болду. Кечээги күндү бийлик жөн эле өткөрүп жиберди. Өкмөттөн бирөө да митингчилер менен сүйлөшүүгө басып барбай койду. Кечкисин желим октор менен таркатууга аракет кылды. Ушунун баары мурда болгон да. Муну президент билип, алдын алып, митингчилердин талабын укса болмок. Шайлоо мыйзамсыз өтсө моюнга алышы зарыл эле. Лидерлерге кайрылат элем, чогулуп, кырдаалды таразалап, чыныгы лидерлик сапаттарын көрсөтүү маалы келди. Кыргызстандын тагдыры азыр алардын колунда. Эл аралык аренада да өлкөнүн жүзү жарык болуш үчүн салмактуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзгөн мыйзамдар бар. Биринчи кезекте лидерлер өз ара биригиши керек, орток стратегия кабыл алып, жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгилеп, жаңы жылга чейин ушул жараяндарды ишке ашырып алса, чоң утуш болот эле. Элге тандоо мүмкүнчүлүгүн эркин берүү зарыл».

Роза Отунбаева: Эл өз жолун эркин тандасын
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:03 0:00


Координациялык кеңешке сегиз партиянын - "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Социал-демократтар партиясы", "Бир Бол", "Ордо", "Республика", "Реформа" партияларынын жетекчилери кол койгон.

Мадумаров: президент каякта?

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жаңы түзүлгөн координациялык кеңештин жетекчиси болуп дайындалды. Ал саясий партиялардын координациялык кеңеши президент менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди:

«​Президент менен жолугушуу болгон жок. Бүгүн ал кишинин кайда экенин да билбейбиз. Эгерде азыркы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө же кандайдыр бир жолго баруу керек болсо, анда координациялык кеңеш бардык күч-аракетин жумшайт. Бүгүн бизге тынчтык керек»​.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлерин 6-октябрда күндүзгү саат он бирде кабыл алууга даяр экени жарыяланып, бирок ал жолугушуу болбой калган. Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов жана башка өкмөт мүчөлөрүнүн каякта экени белгисиз. Басма сөз кызматы өкмөт өзгөчө абалда иштеп жатканы тууралуу маалымат таратуу менен чектелди.

"Президент качкан жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Ошто тарапташтарына кайрылып, президент Бишкекте экенин айтты:

Асылбек Жээнбеков, Ош шаарында.
Асылбек Жээнбеков, Ош шаарында.

«Кыргыз эли бөлүнбөсүн. Биз эч качан түндүк-түштүк деп бөлүнүүгө жол бербейбиз. Шайлоонун мыйзамдуу жыйынтыгын сыйлайбыз. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мыйзамдуу укуктарын колдонот. Баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Жалпы эл шайлаган президент Сооронбай Шарипович эч жакка качып кеткен жок. Ал азыр Бишкекте. Ал киши мыйзамдуу, легитимдүү президент. Баскынчылык жол менен кетүү биздин мамлекет үчүн туура эмес жол. Тополоң салган күчтөр алар - чагымчылар. Алар шайлоону ойлогон жери жок. Алар тынчтыкты бузгусу келгендер. Легитимдүү президент өз укугунан пайдаланып, бүгүнкү кырдаал боюнча чечимдерди кабыл алышы керек. Легитимдүү өкмөт, легитимдүү Жогорку Кеңеш иштеп, бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды жөнгө салышы керек»​.​

Саясий жол карта

Ал эми мамлекеттик бийлик органдарында өз алдынча жаңы дайындоолор башталды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тараптарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырып, саясий күчтөрдү абалдан чыгуунун жолдорун талкуулап, чечим кабыл алууга үндөдү.

Өмүрбек Текебаев бийлик менен оппозициянын мунасага келүү боюнча жол картасын иштеп чыгууну сунуштады:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«​Президент турат. Ал өзүнүн аман-эсен, акыл-эси жайында экенин билдирип чыкты. Өкмөт турат. Аны эч ким кызматынан кетирген жок. Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтө элек. Аны азыр эч ким тарата элек. Мыйзам боюнча азыр бардыгы ордунда турат. Бирок өз милдеттерин аткара албай калышты. Азыр бардык тараптар сүйлөшүүгө отуруп, бул кризистен чыгып кетүүнүн жол картасын иштеп чыгышы кажет. Бардык саясий күчтөр сүйлөшүп, мындан аркы аракеттерди өз ара макулдашып, тез арада чечимдерди кабыл алуу милдети турат. Тез аранын ичинде легитимдүү бийлик органдарын ишке киргизип, мыйзамдуулукту камсыздоо зарыл. Мына ошондон кийин жаңы шайлоолорду дайындаш керек»​.

"Биримдик" партиясы кайра шайлоого макул

Шайлоодо эң көп добуш алган "Биримдик" саясий партиясы кайра шайлоо дайындоого макул экенин жарыялаган. Аталган партиянын айрым өкүлдөрү шайлоодо мүчүлүштүктөр кеткенин моюнга алып, кырдаалды курчуткан тобокелдиктердин алдын алуу жагы эске алынбай калганын билдиришти.

"Биримдик" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров шайлоодон кийин кырдаалдын курчуп кетишине алып келген жагдайлар тууралуу буларга токтолду:

«Бул шайлоонун артынан саясий кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы бар эле. Кооптонуу бар болчу. Ал тууралуу мен айтып жүргөм. Айрыкча добуштарды сатып алууну ооздуктап, кээ бир партиялардын тизгинин тартып, добуш сатып алган талапкерлерди тизмеден чыгарып, бул терс көрүнүштөрдү токтотпосо, жакшылыкка алып келбей турганын буга чейин айтып жатканбыз. Мына ушундай кырдаалды алдын ала көрө билип, мындай тобокелдиктерди эске алыш керек эле. Бул жерде албетте, мүчүлүштүктөр кетти. Азыр эми саясий күчтөр отуруп алып, кызматтарды бөлүшө турган учур эмес. Азыр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо дайындап, мыйзамдуу талаага кайтуу абзел. Азыр легитимдүү президент отурат. Анын астына бардык саясий күчтөр топтолуп, саясий туруктуулукту камсыздай турган зарыл чараларды көрүшүбүз керек»​.

Элдик өкмөт түзүү демилгеси

Саясий партиялар координациялык кеңеши коопсуздукту көзөмөлгө колго алуу маселесин талкуулаганы белгилүү болду. "Ата Мекен" партиясынын тизмесин баштап барган депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чакырып, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү демилгесин көтөрдү.

Жанарбек Акаев бирок депутаттарды жыйынга чакырып, кворум чогултуу татаал болуп жатканын билдирген эле:

«​Биз азыр Жогорку Кеңештин эски курамы чогулуп, жыйын өткөрүп, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү маселесин чечишибиз зарыл. Координациялык кеңеш түзүп, бул жакта коопсуздукту камсыздоо үчүн шаарга комендант дайындоо зарыл. Бирок мен азыр бул жакка келип, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн көпчүлүк депутаттардын эч кимисин тапкан жокмун. Алардын бир тобу качып кетишиптир. Азыр эми жалпы абал ушундай. Эртең парламент чогулуп, кворумдун болушунча жыйын өткөрүп, жаңы өкмөт башчысын шайлап, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү маселесин карап, мына ошонун негизинде иш алып баруу керек»​.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын тарапташтары 5-октябрда борбордук аянтка чогулуп, митинг уюштурушкан. Кечке жуук Ак үй тарапка барган митингчилерди милиция кууп таратып, бирок алар 6-октябрга караган түнү кайрадан тартип сакчыларын сүрүп чыгып, Ак үйдү ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG