Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Алтынчы чакырылыштагы парламент эртең кезексиз жыйынга чогулат


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын шайлоодогу лидери Жанар Акаев бүгүн, 6-октябрда журналисттерге билдирди. Ал азыркы учурда бардык фракциялардын өкүлдөрү менен байланышып, чукул чогулууга үндөп жатышканын кошумчалады.

"Биз эртең Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырабыз. Жаңы төраганы шайлашыбыз керек жана элдин ишениминдеги Элдик өкмөттү курайбыз. Кворум болот деген ишенич бар. Түнү менен ошонун үстүндө иштейбиз".

Парламенттик шайлоого катышкан "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Социал-демократтар партиясы", "Бир бол", "Ордо", "Республика" жана "Реформа" партияларынын лидерлери баштаган саясатчылар 6-октябрда координациялык кеңеш түзүштү. Анын жетекчилигине Адахан Мадумаров дайындалды.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG