Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Берик Уали: Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши


Берик Уали.
Берик Уали.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали Кыргызстандагы окуялар тууралуу Нур-Султандын оюн билдирди.

Ал 6-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына "Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши. Казакстан боордош Кыргызстанга стратегиялык өнөктөштүктү жана салттуу достук алака-катышты бекемдөө жагынан гана карайт. Жагдай Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жөнгө салынарына үмүт артат. Кыргыз эли бул жөнөкөй эмес кырдаалдан өз мамлекетинин узак мөөнөттүү кызыкчылыгын эске алуу менен чыгат деп эсептейт", - деп жазды.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы проезидент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон. Тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары бүгүн, 6-октябрда кезексиз отурумга чогулганы жатат.

XS
SM
MD
LG