Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Ысык-Көлдө өзүн "элдик коалиция" деп атаган топ түзүлдү


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Ысык-Көлдө 11 адамдан турган "элдик коалиция" деп өзүн атаган топ түзүлдү. Бул тууралуу Каракол шаарынын тургуну Таалай Отунчиев билдирди:

"Биз элдик коалицияны түзүп жатабыз, анда бир дагы партиянын өкүлү жок. Эми 11 киши катталган коалиция аймактагы элдин ынтымагын ыдыратпай кармап туруу. Ар бир райондон өкүл киргиздик, алар жер-жерлерде тынчтыкты сактап, облустун өкүлү Балбак Түлөбаевге жардам берип турат. Биз мародёрлукка, башаламандыкка жол бербешибиз керек. Өкмөттүн иши турукташкандан кийин биз аларга баарын өткөрүп берели деп чечтик".

Отунчиевдин айтымында уюмду түзгөндөр Балбак Түлөбаевди "элдик өкүл" кылып бекитишти.

Буга чейин Балбак Түлөбаев өкмөттүн облустагы өкүлү кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергени кабарланган. (КS)

XS
SM
MD
LG