Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Депутат Нурбаев парламент мүчөлөрүн тез чогулууга чакырды


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Кыргызстанда учурдагы абалды укуктук талаага кайтаруу үчүн Жогорку Кеңештин VI чакырылышы тез арада чогулушу керек.

Бул тууралуу парламент депутаты Абдывахап Нурбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, парламент төраганы алмаштырып, элдик ишенимдеги өкмөттү шайлашы керек:

"Мен алтынчы чакырылыштын депутаттарын тезинен байланышка чыгып, абалды стабилдештирүү үчүн жыйынга чогулууга чакырам. Ар бир мүнөт биз үчүн маанилүү болуп турат. Биз ушул учурда өз мыйзамдуу милдетибизди аткаралы", -деди Нурбаев.

Депутат учурда парламенттин чукул жыйынын өткөрүү боюнча кеңешүү жүрүп жатканын билдирди.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.

Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак үйдүн ичиндеги терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланганын билдиришкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрдагы окуяны шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.

XS
SM
MD
LG