Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

18:02 8.10.2020

«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова азыркы таптагы бийликте болуп жаткан вакуум жана өлкөдөгү башаламандык мыйзамдуу президент Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигинде экенин билдирди.

Ал «Азаттык» радиосуна: «Парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздык элдин кыжырын келтирип, жеткен чегине жетти. Мунун баарына ал көз жуумп, унчукпай туруп берди. Бийликтин өзүм билемдиги ушул абалга алып келди. Жээнбеков 5-октябрда нааразылык акциялары башталганда эле абалды конституциялык нукта, укук талаасында чечип коё алчу сонун мүмкүнчүлүгү бар эле. Чагымдын алдын алыш үчүн митингге баргандарга күч колдонуу жөнүндө буйругун токтотуп, башкалар менен сүйлөшүүлөрдү дароо башташы керек эле. Кризис маалында саясатчынын реакциясы чагылгандай тез болушу зарыл. Бирок, ошого карабай ал азыркы таптагы легитимдүү президент бойдон калууда. Кайда экени белгисиз болсо да, улам-улам бир жерден чыга калып кайрылуу жасап жатса да, юридикалык жактан ал баары бир өлкөнүн президенти. Бирок азыр иш жүзүндө өз милдеттерин аткара албай калды», - деди.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бир катар жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын жетекчилери кызмат ордунан кетүү жөнүндө арыз жазышкан.

15:15 8.10.2020

УКМК: Тилек Матраимовдун кармалганы фейк эмес, чын

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимовдун кармалганы чын.

Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Тилек Матраимовдун кармалганы жалган экени тууралуу маалыматтар тарап, алардын жаңы тартылган деген сүрөтү жарыяланган.

УКМК Тилек Матраимов менен анын туугандары чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда кармалганы анык экенин билдирди.

Тилек Матраимов, анын туугандары (уулу, жээндери) жана жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда кармалганын атайын кызмат 7-октябрда расмий кабарлаган. Бирок аны менен кошо кармалгандар канча киши экенин тактаган эмес.

Соңку окуялардан кийин Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Матраимов Өзбекстанда экенин жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлө турганын ырастаган.

8-октябрда Матраимовдун башка бир туугандары Русланбек менен Исламбектин да кармалганы тууралуу кабар тарады. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Матраимовдордун өздөрү менен байланышып, комментарий алуу боюнча "Азаттыктын" аракетинен майнап чыга элек.

15:14 8.10.2020

Кара-Сууда жүк ташыган айдоочулар «Абу-Сахий» ишканасынын автоунааларын мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда

Оштогу 100дөн ашуун жүк ташуучу айдоочулар бүгүн, 8-октябрь күнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы «Абу-Сахий» аттуу кытайлык ишкананын жүк ташуучу терминалында чогулушту.

Жүк ташуучулардын «Айдоочу» коомунун төрагасы Надир Токторов чогулганынын себебин »Абу-Сахий» ишканасына нааразылык менен байланыштырды. Анын айтымында, бул компания өзүнүн Кыргызстанда катталган автоунаалары аркылуу жергиликтүү айдоочулардын нанын тартып алган.

«Он жылдан бери булар биздин ишибизди тартып алып, жүк ташуу тармагын монополия кылып алышты, - деди ал. - Буга каршылык кылып, канча жолу кайрылганбыз. Бул компаниянын машинелери мамлекетке өткөрүлсүн. Кыргызстандын жүгүн ташуу менен миллиондогон акча уурдап келди. Акыркы жети-сегиз жылда буларды Матраимовдор башкарып келди. Сырттан жүк алып кирүү, транзит жүк ташуунун баарын ушулар жүргүзүп турган. Эми баары ачык болушун талап кылабыз. «Айдоочу» коому эми бул ишкананы дагы башка бирөө келип, башкарып алышын каалабайбыз. Ошондуктан ишкананын кароолчусу менен ар бир машинаны белгилеп атабыз. Бул автоунааларга эми биз кароолчулук кылабыз да, аларды мамлекетке өткөрүп беребиз».

Айдоочулар мындан ары жүк ташуу тармагына бир үй-бүлө же бир адам ээлик кылбай, аны мамлекет колуна алууга тийиш деп эсептешет. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча учурда ишканада кароолчудан башка эч ким жок, жетекчилери, кызматкерлери кайда экени белгисиз.

«Абу-Сахий» ишканасы Кытайдан Өзбекстанга товар ташыйт. «Абу-Сахий» фирмасынын товарларын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө Райымбек Матраимов кепилдик берип турганы, ишкананын ээси Хабибулла Абдукадыр аттуу кытайлык жаран экени, анын карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы «Азаттыктын» иликтөө макалаларында көрсөтүлгөн. Иликтөөлөр ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

«Абу-Сахий» фирмасынын Кыргызстандын өкүлү «Тарим-Транс» ишканасынын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышууга мүмкүн боло элек.

14:11 8.10.2020

Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

Укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Жолугушууда акыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Жолугушуу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат берди. Суваналиевдин айтымында «кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат, буга карабастан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү».

Суваналиевге БУУ Баш катчысы Антонио Гуттериштин билдирүүсүн эске салып, өлкөнүн кризистен чыгышы үчүн болгон көмөктү көрсөтүшөрүн айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG