Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Бишкекте элдик мэр жыйын өткөрүп жатат


Элдик мэр Жоошбек Коеналиев. Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.
Элдик мэр Жоошбек Коеналиев. Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.

Элдик мэр деп аталган Жоошбек Коеналиев шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүүдө. Анда борбор калаанын коопсуздугун жана тартибин көзөмөлдөө маселеси каралып жатат.

6-октябрда Жоошбек Коеналиев аттуу адам Бишкек шаарынын элдик мэри болгону кабарланган.

Буга чейин Бишкек шаар кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев Бишкектин мэри алмашпаганын, бирок Азиз Суракматовдун кайсы жакта экенин билбей турганын билдирген.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партиянын жетекчилери координациялык кеңеш түзгөн. Координациялык кеңешке “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жетекчилик кылып жатканы айтылууда. Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин билдирген. "Замандаш" партиясынын талапкери Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатканы, Бишкек шаарынын коменданты милдети Курсан Асановго жүктөлгөнү кабарланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG