Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

Ошто нааразылык митинги уланууда


Ош шаары. 2020-жылдын 6-октябры.
Ош шаары. 2020-жылдын 6-октябры.

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланууда. Алгач бул иш-чарага жүзгө жакын адам чогулуп, алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керектигин белгилеген.

Кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюла баштады.

Саат 11:00гө карата аянтта жүздөгөн адам чогулуп турду. Митингде “Бийлик алмашты, кайра эле мурдагы жегич-ичкичтер бийликке келип алышпасын” деген сөздөр айтылып жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан.

Президент 6-октябрда видеокайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. (RK/DU)

XS
SM
MD
LG