Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Президент Сооронбай Жээнбеков: Шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болду


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы анда айрым саясий күчтөр бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасап, шайлоонун шылтоосу менен коомдук тартипти одоно бузганын билдирген:

"Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдаалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү депутаттык мандаттан бийик", - деди президент Жээнбеков.

Мамлекет башчы өз кайрылуусунда саясий партияларды тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүгө жана бардык күчтөрдү мыйзамдын чегинде иштөөгө чакырган. Мындан тышкары элди чагымчыл күчтөргө алданбоого үндөдү. Ошондой эле мамлекет башчы Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаганын билдирген.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.

Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG