Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Түнкү митингде жаракат алган бир адам каза болду


Ала-Тоо аянты. 6-октябрь,
Ала-Тоо аянты. 6-октябрь,

Саламаттык сактоо министрлигинин таңкы саат 08.00дөгү маалыматы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы митинг учурунда башынан оор жараат алган бир адам каза болду.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жаткан. 13 киши оор абалда реанимацияда жатат.

Жарадар болгондор Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпитал, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.(BCh)

XS
SM
MD
LG