Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Стамалиева: Президент Жээнбеков Бишкекте


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте экенин 24.kg агенттигине анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында саат 02.00гө чейин Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Президент каршылык акцияларынын уюштуруучуларынын акыл-эстүүлүгүнө үмүт артары да кошумчаланат.

Буга чейин митингчилер президенттик администрацияга кирип барып, жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнө киришкен.

Ал тапта Интернетте президенттик администрациядан милиция коштоосунда бир топ автоунаа чыгып, батышты көздөй кеткени тууралуу видео жарыяланды.

Парламенттик шайлоону мыйзам бузуу менен өттү деп, жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган саясий партиялардын лидерлери жана тарапкерлери 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митингге чыгып, мөөнөтсүз митинг жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG