Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Бишкекте митингчилер Жогорку Кеңештин короосуна киргени кабарланды


Бишкектеги Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.
Бишкектеги Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган имараттын чыгыш тарабындагы дарбазасын бузуп, короосуна киргени кабарланды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жарандык активист Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдирди. Мындай маалыматты социалдык тармактарга бир нече колдонуучу да жазды. Бул маалыматты расмий жана көз каранды эмес булактардан ырастоо мүмкүн боло элек. Бишкекте ушу тапта уюк байланышы жана Интернет иштебей турат.

Буга байланыштуу «Азаттыктын» окуянын жериндеги кабарчылары менен байланышуу мүмкүн болбой турат.

5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш болгон. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуялардан 120дан ашык ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG