Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Митингчилер Ак үйдө

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти. Бул тууралуу окуянын жеринен “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады.

Учурда Ак үйдө "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров баштаган топ кишилер жүрөт. Алар президентин илинген сүрөтүн дубалдан алып, иш бөлмөнү ээлеп отурушат.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG