Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Митингчилер президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти


Президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүн ээлеп алган митингчилер, 6-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүн ээлеп алган митингчилер, 6-октябрь, 2020-жыл.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти. Бул тууралуу окуянын жеринен «Азаттыктын» кабарчысы кабарлады. Учурда Ак үйдө «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров баштаган топ кишилер жүрөт. Алар президентин илинген сүрөтүн дубалдан алып, иш бөлмөнү ээлеп отурушат.

Бишкек. 6-октябрь, 2020-ж.
Бишкек. 6-октябрь, 2020-ж.

«Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, митингчилер өрт өчүрүүчү автоунаа менен президенттик администрациянын короосуна кирип барышты. Алгач имараттын ичинен күч органдарынын кызматкерлери коргонууга аракет кылышты. Бирок экинчи жолку аракет кылууда митингчилер имараттын ичине кирип кетишти. Аларга каршы күч түзүмдөрү эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Учурда митингчилер имараттын ичинде турат. Президент Сооронбай Жээнбеков кайда экени белгисиз. Кыргызстандан расмий бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланып жатты.

5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш болгон. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуялардан 120дан ашык ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG