Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Жаштардын үмүтүн үзгөн шайлоо


Татьяна Зеленскаянын анимациялык сүрөтү.
Татьяна Зеленскаянын анимациялык сүрөтү.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына социалдык тармактарда көпчүлүк жаштар нааразы экенин билдирип, баракчаларына тексттер менен видеолорду жарыялап жатышат.

Бир бөлүгү элдин сатылганын сындап, жаштарды колдобой койгонуна ыза болсо, дагы бир бөлүгү шайлоонун ыплас өткөнүн айтып чыгышты.

Курамы жалаң жаштардан, жарандык активисттерден түзүлгөн «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаев шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыккандан кийин «Фейсбуктагы» жеке баракчасына видео кайрылуу жарыялады.

«Урматтуу, кыргызстандыктар, өзгөчө байке-эжелер! Кыргызстандын миңдеген, он миңдеген жаштары пандемия учурунда силерге келип, жардам берип, тамак ташып жүрбөдү беле? Эмнеге ушинттиңер? Эмнеге сатылып кеттиңер? Эртең жаштар силерге кайтпай койсо, таарынбайсыңарбы? Бизди жаман көрбөйсүңөрбү? Эмнеге ушинттиңер? Аман болгула!»

Көзүнө жаш алып, шайлоочуларга капа болуп, видео кайрылуу жасаган жалгыз Эркин эмес. Түн ортосунда түз эфирге чыгып, алып баруучу, актриса Назира Айтбекова да улуу муунга кайрылып, нааразылыгын билдирди.

«Мага окшоп түн жарымга чейин ыйлап жаткандар болсо, баарыңарга салам! Мен Москвага барганда балдарыңар айтты эле. «Ата-энем чалганда: «Балам, курсагың ачкабы, кийимиң бүтүнбү?» деп чалбайт. Чалганда: «Акча кана? Канча саласың?» деп чалат. Ата-энебиз чалганда кадимкидей заарканып турабыз» деп айтышты эле. Ишенген эмесмин. Бүгүн өз көзүм менен көрдүм. Жугунду аңдыган иттей болуп, улуу сакалыңарды сүйрөп алып, шайлоо участогунун эшигинин алдында турасыңар, баштыгыңарды көтөрүп, сагалап. Ушуларды көрүп зээним кейиди. Улуу муун кечээки коронавирусту унутуптур, улуу муун эки жолку төңкөрүшүн, окко учкан балдарын унутуптур. Биз эч нерседен сабак албаптырбыз! Демек, бул нерсе бизге керек экен! Бизге ушундай чимкириктер, ушундай көпөстөр, элдин айласын кетиргендер керек экен! Ошолор келиптир. Биз тарбияланмайын, ушундай адамдар болорун эскертем».

Ошондой эле алып баруучу оппозициялык партиялардын бириге албаганын да кошумчалап, аларды катуу сынга алды.

Ал эми активист Айкут Конушбай уулу Назира Айтбекованын пикирин колдобойт. Ал элди күнөөлөгөн туура эмес деп эсептейт.

«Эл сатылды, оппозициялык партиялар бирикпеди деп күнөөнү элдин өзүнө оодарганы жатышат. Бирок чын дили менен элдик партияларга 650 миң адам добуш бериптир. Сатылгандар деле саналуу эле. Демек, кеп элде эмес», - деди ал.

Бирок Айкут бул жолу парламенттеги депутаттар жаңыланат деген үмүтү өчкөнүн, азыр маанайы аябай түшүп турганын айтты:

«Жогорку Кеңештин курамы алмашса деген үмүт бар болчу. Жок дегенде 20-30% жаңы жүздөр, жаштар, кесипкөй адамдар келсе деген үмүттөр бар эле. Тилекке каршы, анын баары орундалбай калды. Азыр болсо «чимкирик» аталган чакырылыштын 104 депутаты кайра эле келатат. Демек, алдыдагы беш жыл дагы мурдагыдай эле болот же андан да жаман болот деген божомолдор бар».

Ал арада Оштогу активист Айсулуу Аскарбекова шайлоого жоопкерчиликсиз мамиле кылган жаштардын өзүнө күнөөнү коёт. Ал акча алып, добуш берген, тизме түзүп, үгүт кылган жаштар шайлоонун таза өтүшүнө чуркаган жаштардын абийирине да шек келтиргенин белгиледи:

«Шайлоодон кийин биз, жаштар, биригип алып улуу муунду сындап, тепкилей баштадык. «Добушун саткандар – улуулар, бизге туура жол көрсөтпөгөндөр» дейбиз. Бирок биз, жаштар, өзүбүздүн жоопкерчиликти да эстеп койсок. Анткени кечээ социалдык тармактарда жайылган видеолордон биз көрдүк да? Ошол жаштардын сатылганын биз эмнеге айтпайбыз? Же улуу муундун видеолорун көрүп алып эле аларга асылган оңой болуп жатабы? 35 жашка чейинки жаштар шайлоочулардын 51% түзөт экенбиз. Жаштар улуу муунга караганда көп экенбиз. Ушуну эске алып, жаштар өзүбүздүн жоопкерчиликти да эстеп койсок».

Айсулуу шайлоодо акча алган жаштардын максатын такыр түшүнбөгөнүн, ал акчаны бир күн иштеп таап алса болорун айтып, аларга кайрылды:

«Ошол акчаны алгандан кийин сураныч: беш жыл элге чыгып, акыл үйрөтпөй эле койсоңор! Митингдерде улуу сөздөрдү, жаттап алган ырларыңарды айтпай эле койгула, сиздерден сураныч! Анткени таза шайлаган жаштар сиздер үчүн сөз угуп калып жатабыз. Сиз өзүңүз жалгыз калганда абийириңиз менен, уятыңыз менен кантип сүйлөшөсүз? Жаман, ыплас нерсе өмүр бою сиз менен жүрүп, ичиңизден жебейби? Билбейм, алар кантип түнү жакшы укташат, кантип кеңири тамак жейт? Жалгыз калганда отуруп ойлонуңузчу!»

«Тамашоучу» Актан Рыскелдиев быйылкы парламенттик шайлоодо «адамдар ойгонду, жарандык милдеттерин так аткара баштады» деген пикири шайлоонун жыйынтыгы чыгары менен өзгөргөнүн айтып чыкты. Ал кесиптеши Мыкы менен Бишкектен Ысык-Көлгө барып, өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарып келишкен. Бирок шайлоонун жыйынтыгы алардын үмүтүн актаган жок.

«Өзүмдүн жарандык жоопкерчилигимди алып Чолпон-Атага, Мыкы болсо Кең-Сууга, жердин түбүнө барып шайлап келдик, - дейт ал. - Албетте, жаңыларга шайладык. Бизде деле үмүт бар болчу, жок дегенде чектен өтөт деп ойлогонбуз. Бирок жыйынтыгында такыр башкача болуп чыкпадыбы. Ошол жакка чейин барып убара болгонубуз текке кетти. Мен бир эле жыйынтык чыгардым: чыныгы шайлоо мындай болгон жок. Чыныгы шайлоодо азыр алдыдагы партиялар эч нерсе (добуш) алган жок».


Учурда Малайзияда иштеп жаткан мекендешибиз Мээрим Нурланбек кызы да шайлоонун жайынтыгы анын үмүтүн актабаганын айтат. Бирок ал жаштарды буга моюн сунуп отуруп калбай, тескерисинче дагы көбүрөөк иштешибиз керек экен деген бүтүмгө келген.

«Шайлоонун жыйынтыгы мени жана менин тааныштарымды өтө нааразы кылды. Көптөгөн укук бузууга эл күбө болуп жатты. Ошол өтүп кеткен партиялар уюштурган массалык добуш сатып алууга адамдар өздөрү добуштарын сатып жатты. Мындан өзүмө бир тыянак чыгардым. Кыргызстандын 70% калкы элетте турат. Биз, прогрессивдүү жаштар, шаардын ичинде, соцтармактарда гана жүрбөстөн, айыл жергелерине чыгып, тууган-туушкандарыбызга жолугуп, диалог куруп, парламентти кантип көзөмөлдөш керек, бийликке кантип талап коюш керек – ушул нерселерди үйрөтүшүбүз керек экен. Эгер адамдар унчукпай, добушун сатып жүрө берсе, эч качан таза шайлоого жетпейбиз», - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына ылайык, «Биримдик» партиясы 487 685 добуш же 24,5% менен, «Мекеним Кыргызстан» 475 372 добуш же 23,88% менен, «Кыргызстан» 174 317 добуш же 8,76% менен, «Бүтүн Кыргызстан» - 141 940 добуш же 7,13% менен жети пайыздык чектен өтүштү.

XS
SM
MD
LG