Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Парламентке аттанган партиялардын багыттары


Гүлнара Каликова.
Гүлнара Каликова.

Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын программаларын талдоо.

Тандоо дайыма оор. Парламенттик шайлоого катышкан 16 (!) партиянын арасынан тандоо үч эсе оор! Көчөлөрдө партиялардын баннерлери илинген. Гезиттерден, социалдык тармактардан жана сыналгыдан партияга добуш берүүгө чакырган жарнамалар байма-бай берилип турат.

Бирөөлөр кайсы бир партиянын мүчөлөрүнө ишенгендиктен ошол партияны тандайт. Башкалары административдик ресурска кабылат. Дагы бирөөлөрү добуштарын сатышат. Ошол эле учурда, жалпы шайлоочулардын басымдуу бөлүгү партиялардын программаларын окубайт. Бирок аларды окуу абдан кызыктуу жана пайдалуу болот. Анткени партиянын программалары аркылуу болочок депутаттар өлкөнү кайда алып барарын билсе болот.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – «парламент») депутаттары көп нерсени чечет. Өлкөнүн өксүшү же өсүшү да алардын колунда. Анткени өлкөнү башкарган өкмөттү дал ушул адамдар тандайт. Депутаттар менен өздөрү дайындаган өкмөт өлкөбүздүн жарандарынын баары баш ийип жашай турган эрежелерди түзүшөт. Төлөй турган салык менен пенсиябыздын өлчөмү, жолдорубуздун абалы, дем алган абабыздын тазалыгы жана башка ушу сыяктуу көп маселелерди дал ошолор (депутаттар менен өкмөт) чечет. Өлкөнүн жана анын жарандарынын тагдыры депутаттардын колунда. Дал ошол үчүн өлкөнүн ар бир жараны кимди тандап жатканын түшүнүп, шайлоосу маанилүү.

Партиялардын баары эле Кыргызстанды өнүккөн өлкө катары көргүсү келерин айтышат. Бирок кайсы жолдор жана кандай ыкмалар менен буга жетсе болот? Депутаттар менен өкмөт өлкөнүн жарандарын кантип башкарат? Жоопторун партиялардын программаларынан тапса болот.[i] Программалар ар башка болгону менен, айрымдардан мамлекеттик түзүм, экономика, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда партиялар кандай иш алып барарын билсе болот. Партияларды тандап жатканда, парламентке келгенден кийин алардан кандай иш-аракеттерди күтүш керек экенин жарандар катары өзүбүзгө эле билип алган пайдалуу.

1-эскертүү: Текстте келтирилген партиялардын тизмеси алфавиттик тартипте жайгаштырылган.

2-эскертүү: тараптардын убадаларынын цифралар же конкреттүү сунуштар менен колдоого алынган чектелген маселелери гана талдоодо алынган; («куруу», «түзүү», «жасоо», «иштеп чыгуу» жана башка ушул сыяктуу билдирүүлөр) декларативдик убадалар алынган жок.

Мамлекеттик түзүм жана башкаруу

«Мамлекет кандайча уюштурулуп, башкарылат?» деген суроо - ар бир коомдун негизги суроосу. Жооптору өлкөнүн Баш мыйзамында - Конституцияда камтылган. Ага ылайык Кыргызстан «эгемендүү, демократиялык, укуктук, башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет». Эл - Жогорку Кеңештин (парламенттин) жана президенттин өкүлү болгон мамлекеттик бийликтин булагы. Президент сотторду, башкы прокурорду, коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилерин дайындайт / бошотот жана Коопсуздук кеңешин жетектейт. Парламент мыйзамдарды кабыл алат, өкмөттүн түзүмүн жана курамын, анын ичинде өкмөт башчысын бекитет (президенттин карамагында турган коргоо жана коопсуздук органдарынан тышкары), программаларды жана өкмөттүк отчётторду бекитет.

Көпчүлүк партиялар өлкөдөгү маселелерди белгилешет. Көптөгөн партиялар мамлекеттик түзүм менен администрацияны реформалоо аркылуу реформаларды жүргүзүүнүн зарыл экенин билдиришет.

Бир катар партиялар («Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил», «Ордо», «Реформа», «Социал-демократтар», «Ыйман Нуру» жана «Чоң Казат») Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылып жатышат. Бирок сунушталган өзгөртүүлөрү кээде бири-бирине таптакыр карама-каршы келет. Алсак, «Республика», «Реформа» жана «Социал-демократтар» парламенттик башкаруу формасына өтүү жөнүндө айтышса, «Ордо» жана «Чоң Казат» президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, мамлекеттик органдардын баары отчёт берген Элдик Курултай түзүүнү көздөшөт. «Ыйман Нуру» Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамын жана судьяларга коюлган талаптарды өзгөртүүнү сунуш кылат.

«Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил», «Республика», «Социал-демократтар» жана «Чоң Казат» орто эсеп менен парламент депутаттарынын санын (120) эки эсе кыскартууну сунуш кылып жатышат.

Айрым партиялардын («Бир Бол», «Реформа», «Социал-демократтар») пикири боюнча, УКМК (жана аны көзөмөлдөгөн АКК) менен прокуратура органдарын жоюш керек же реформа кылуу зарыл («Республика»). Дагы бир партиялар УКМК менен АККны көзөмөлдөөнү парламентке өткөрүп берүүнү туура көрүшөт. Ал эми «Ордо» бийликтин вертикалын чыңдап, күч түзүмдөрү менен атайын кызматтарды күчөтүүнү пландаштырыш керек деген башкача көз карашты билдиришет.

16 партиянын дээрлик баары коррупция менен күрөшүү жөнүндө айтат. Мында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү сыяктуу күрөштүн окшош ыкмалары бар.

«Биримдик» президент тарабынан дайындалган сотторду жоопко тартуу аркылуу коррупцияны азайтууну пландап жатат. Башка партиялар коррупция менен күрөшүүнү, биринчи кезекте, укук коргоо, бажы жана салык органдарынан башташ керек деп эсептешет. Акыркы 30 жыл ичинде казынаны уурдап байыган аткаминерлердин баарын кылмыш жоопкерчилигине тартып, өлүм жазасын киргизиш керек деген катаал ыкмалар да бар («Мекенчил»).

«Ооган согушунун ардагерлери» казынадагы акчаны үнөмдөө жана жетекчилердин азгырыгын азайтуу максатында аларга автоунаа сатып бербей, такси кызматын колдонтуш керек деген кызыктуу сунуш киргизишти.

Көпчүлүк партиялар министрликтердин, мекемелердин, аткаминерлердин санын жана алардын чыгымдарын чектөө маселесин көтөрүп жатышат («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Реформа»).

Бир катар партиялар («Ата Мекен», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Реформа», «Социал-демократтар») административдик-аймактык реформа жүргүзүп, райондорду кеңейтип, аймактык деңгээлди (губернаторлорду) жоюп, облустук бюджеттердин үлүшүн көбөйтүүнү көздөшөт. «Республика», «Реформа» жана «Бир Бол» жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана шаарлардын мэрлерин жарандар түздөн-түз шайоого тийиш деп эсептешет.

Мамлекеттик түзүмдө жана башкаруудагы өзгөрүү маселелери «Биримдиктин», «Бүтүн Кыргызстандын», «Замандаштын» жана «Ыйман Нурунун» программаларында каралган эмес.

Экономика

ИДӨ боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат. Акыркы 20 жылда Кыргызстанда ИДӨнүн өсүшү 4% түзгөн. Ушундай өнүгүү менен Кыргызстандын жашоо деңгээли Казакстандын учурдагы жашоо деңгээлине 52 (!) жылдан кийин гана жетет.

Экономика өнүкпөсө, мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү, мектеп, оорукана, турак жай жана жолдорду куруу мүмкүн эмес. Ал эми ИДӨгө салымы 85% ды түзгөн жана салыктарына мамлекеттик аппаратты камсыздаган жеке сектор менен ишкерлерди колдобосо экономиканы өнүкпөйт.

Көпчүлүк партиялар экономиканы өнүктүрүү маанилүү деп эсептеген менен экономикалык маселелерди чечүү боюнча сунуштары ар башка.

Алсак, «Республика» ИДӨнүн жылдык өсүшүн 15% камсыз кылууну көздөйт, «Бир Бол» жана «Замандаш» ИДӨнү эки эсе көбөйтүүнү пландоодо. «Мекен Ынтымагынын» пландары кыйла жөнөкөй - ИДӨнүн жылдык өсүшү 5-6% болушу керек. Башка партиялардын экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү жок.

Салыктарга байланыштуу көптөгөн сунуштар бар. «Бир Бол», «Республика» жана «Реформа» учурдагы социалдык төгүмдөрдү (27,5 пайыздан 15 пайызга, («Бир Бол») же 10 пайызга («Республика», «Реформа») жеткен бир социалдык салыкка алмаштырууну сунуш кылып жатышат. «Бир Бол» жана «Мекен Ынтымагы» соода жүгүртүүсү сегиз миллион сомго жетпеген ишкерлерди салыктардан бошотууга убада берүүдө. «Мекеним Кыргызстан», «Республика» жана «Реформа» бардык категориядагы ишкерлер үчүн бирдиктүү салык киргизүүнү каалашат. «Замандаш» менен «Кыргызстан» да салык жүгүнүн азайышын жактайт. Бирок буга жетүүнүн жолдорун беришкен жок.

Башка партиялар айрым тармактарды өнүктүрүү аркылуу экономиканы көтөрүүгө убада беришүүдө. Алсак, «Ата Мекен» өнөр жайын өнүктүрүүнү көздөп, импортту алмаштырууну жана экспортту колдоону сунуш кылат. «Ордо» пландуу экономика аркылуу экономикалык өсүштү көздөйт. «Ооган согушунун ардагерлери» турак жай маселесин чечүү, тактап айтсак, баштапкы төлөмсүз жана пайызсыз турак жай менен камсыз кылуу аркылуу инфратүзүмдү, завод-фабрикаларды куруу менен экономиканын өсүшүн касыз кылууну көздөйт. «Бүтүн Кыргызстан» ишкерлерди ашыкча жөнгө салуудан куткарып, жергиликтүү атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөргө карата экспорттук алымдарды азайтат. Бул партия чийки затка экспорттук алымдарды жана жер казынасын пайдалануучулардан алынуучу салыктарды көбөйтөт. «Замандаш» экономиканы инновация жана жаңы технологиялар аркылуу өнүктүрөт. «Ыйман Нуру» инвесторлорго айланган банктар жана фондулук биржалар аркылуу экономиканы өнүктүрөт. «Мекен Ынтымагы» энергетика тармагын өнүктүрүү аркылуу экономиканы өстүрөт. «Социал-демократтар» Кыргызстанда автоунаа түйүнү, туризм менен эс алуу жана башка өнүгүү пункттарын түзүүгө убада берүүдө.

«Биримдик», «Мекенчил», «Чоң Казат» «экономиканы өнүктүрүп, жумуш орундарын түзөбүз» деген убада беришет. Бирок бул үчүн кандай иш-чараларды колдонорун айтышпайт.

Билим берүү

Билим берүү жана билим алуу укугу - бул өлкөнүн жарандарынын негизги укугу. Билим берүү адамдын экономикалык өнүгүшүнө, жашоо деңгээлине жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө түздөн-түз таасир этет. Кыргызстанда мектептеги билим берүүдө өтө чоң кыйынчылыктар бар - билимдин төмөндүгү, каржылоонун жетишсиздиги, 600гө жакын мектептин, окуу китептеринин, билим берүү тармагындагы каржылоонун жетишсиздиги, мектептерде берилген нормадан окуучулардын саны ашып кетиши, мугалимдердин эмгек акысынын аздыгы ж. б. Адистердин айтымында, 10-15 жылдын ичинде реформа болбосо, мектептеги билим берүү тутуму кыйрап калышы мүмкүн. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү абал да жакшы эмес - эки жаштан алты жашка чейинки 800 миң баланын ичинен төрттөн бири гана бала бакчага барат.

Билим берүүнү реформалаш үчүн бир нече партиялар ваучер тутумун киргизүүнү сунуш кылышат (анда мектеп менен ЖОЖдорду каржылоо окуучу менен студенттердин санына байланыштуу болот), илимди ЖОЖдорго өткөрүп берүүнү («Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Реформа») жактагандары бар. Мындан тышкары, «Ата Мекен» бардык мектептерди акысыз Интернет менен камсыз кылгысы келет. «Мекеним Кыргызстан» негизги сабак боюнча сааттарды көбөйтүүнү жана салыктык жеңилдиктердин ордуна жеке секторду мектептерди курууга тартууну көздөйт. «Ыйман Нуру» өлкөнүн жана дүйнөнүн эң мыкты ЖОЖдорунда билим алыш үчүн 15 жылдык үстөксүз жана күрөөсүз насыяларды берет. «Социал-демократтар» 35 жашка чейинки мугалимдердин киреше салыгын алып салууну сунуш кылып жатышат.

«Кыргызстан» партиясы кыргыз тилин өнүктүрүү аркылуу билим берүүнүн өнүгүшүн көздөйт. «Ордо» салттуу үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдеп, либералдык баалуулуктардын алдын алуу аркылуу билим берүүнү өнүктүрөт. «Ооган согушунун ардагерлери» орто билимди акысыз кылууну каалашат. Бирок орто мектептерде билим берүү азыр деле бекер.

«Биримдик», «Замандаш», «Мекенчил», «Мекен Ынтымагы», «Ордо» билим берүүнү өркүндөтүү боюнча убада бергени менен, ага жетиш үчүн сунуштары жок. «Чоң Казаттын» программасында билим берүү боюнча кандайдыр бир сунуштары жок.

Саламаттык сактоо

Билим берүү тармагындай эле саламаттык сактоо тармагында да каржылоонун, ооруканалардын, дарыгерлердин, шаймандар менен дары-дармектердин жетишсиздиги, эмгек акынын төмөндүгү, расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү, энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли боюнча олуттуу кыйынчылыктар бар. COVID-19 пандемиясынын натыйжасында ден соолук маселеси өзгөчө курчуп кетти.

Аларды чечиш үчүн партиялар кандай чараларды сунуш кылып жатышат?

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Реформа» медициналык камсыздандыруу тутумун өзгөртүп, ЖОЖдордо клиникаларды түзүүнү, базар механизмдерин киргизүүнү жана жеке инвестицияларды тартууну туура деп эсептешет. «Биримдик», тескерисинче, саламаттык сактоо жеке менчикке берилбей, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүлүш керек деген позицияда турат.

«Ата Мекен» коомдук саламаттык сактоого кеткен чыгымдар 8% чейин көтөрүлүп, дары-дармек жеткиликтүү болуп, баалар жөнгө салынышы керек деп эсептейт. Өзгөчө көз карашы бар «Мекенчил» спорттук комплекстерди, клубдарды жана футбол аянтчаларды куруу аркылуу калктын ден соолугун чыңдагысы келет. «Ооган согушунун ардагерлери» өлкөнүн бардык жарандары үчүн медициналык карточкалары бар маалымат базасын киргизип, 30 жаштан 50 жашка чейинки бардык аялдар үчүн аялдардын репродуктивдик тутумундагы неоплазмалар боюнча милдеттүү медициналык текшерүү киргизүүгө убада беришүүдө.

«Кыргызстан» менен «Мекен Ынтымагы» ооруканаларды курууну жана ден соолукту чыңдоону сунуш кылышууда. Бирок буга эмненин эсебинен жана кандайча жетерин айтышкан жок. «Чоң Казат» жана «Ордо» өздөрүнүн программасында ден соолук маселелерин карашпайт.

Башка маселелер

Көпчүлүк программалар тышкы саясат маселелерин козгобойт. Ошол эле учурда бир катар партиялар ЕАЭБ менен интеграциялоону жакташат («Биримдик», «Замандаш», «Мекен Ынтымагы», «Ордо», «Социал-демократтар»).

Бир катар партиялар сөз эркиндигине байланышкан маселе көтөрүштү. Алсак, «Ата Мекен» сөз эркиндигине жана өкмөттүк эмес сектордун өнүгүшүнө шек келтирген мыйзамдардын бардыгын жокко чыгарууга убада берүүдө. «Замандаш» ЖМКнын эркиндиги, ой жүгүртүү, дин тутуу, сөз эркиндиги жана жарандык коомдун колдоосу жөнүндө сөз кылат. «Кыргызстан» басма сөз жана сөз эркиндигинин кол тийбестигин жарыялады. «Республика» сөз эркиндигин жана Интернет эркиндигин жактай турганын билдирди.

«Социал-демократтар» «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды четке кагууну сунуш кылышууда. «Мекеним Кыргызстан» да бул мыйзамды «коомдо доомат жараткан» деп белгилейт. Бирок «Кыргызстандын колдонуучуларынын Интернеттеги жүрүм-турумун жөнгө салуучу улуттук интернет конституциясын кабыл алабыз» деп убада беришүүдө. «Ордо» адамдын аң-сезимине таасир этүүчү бардык жерлерде (саясий чөйрөдөн тышкары) цензура орнотууга убада берет.

Ар бир партия жөнүндө эки ооз сөз

Ар бир партиянын программасында, ураанында, баалуулуктарында же миссиясында чагылдырган бир өзгөчөлүктөрү бар. Эсте сакталып калгандары эмнелер?

«Ата Мекен» - өзгөрүлгүс баалуулуктар.

«Бир Бол» – жаңылануу жана компетенттүүлүк.

«Биримдик» – евразиялык тандоо.

«Бүтүн Кыргызстан» – күчтүү, бирок көзөмөлдөнүүчү бийлик.

«Ооган согушунун ардагерлери» – турак жай маселеси.

«Замандаш» – жаңыланган экономика.

«Кыргызстан» – ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом.

«Мекеним Кыргызстан» – социал-либералдар.

«Мекенчил» - бийлик элге, уурулар түрмөгө.

«Мекен Ынтымагы» – партия лидеринин бир туугандарга кайрылуусу.

«Ордо» – адегенде адеп-ахлак, андан кийин мыйзамдар жана программалар.

«Республика» – алдыга карай жол.

«Реформа» – түп-тамырынан бери өзгөрткөн реформалар.

«Социал-демократтар» – убада бербестен аткарабыз.

«Чоң Казат» – конфискация жана люстрация.

«Ыйман Нуру» – Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага 1500 миллион сом.

* * *

Программаларга караганда быйыл тандоо оңой, ошону менен бирге татаал да болот. Партиялардын негизги (топтордун ичинде көз караштары ар башка болсо да) үч топторунун көрүнүктүү элестери пайда болду: (1) либералдык реформаларды жүргүзүүгө убада берген («Ата Мекен», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Реформа», «Социал-демократтар»), (2) катаал режимге умтулган («Бүтүн Кыргызстан», «Ооганстан согушунун ардагерлери», «Кыргызстан», «Ордо», «Мекенчил», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат») жана (3) реформалар боюнча да, бийлик институтун бекемдөө чаралары боюнча да ээлеген так орду жок («Биримдик», «Замандаш», «Ыйман Нуру»). Бирок бул шарттуу топтордо деле тандоо кыйынга турат. Анткени алар дагы эле чоң жана «өз» партияны табуу оңой эмес.

Жакшы жагы, көптөгөн партиялар өлкөдө системалуу кризис бар экендигин, айрыкча мамлекеттик түзүлүш, башкаруу жана экономика маселелеринде тутумдуу реформалар керек экенин билип турушканын белгилей кетүү керек. Дагы бир жакшы жагдай - бул коомдогу пикирлердин ар түрдүүлүгү жана аларды чагылдырган партиялардын программаларынын айырмачылыгы. Ушундан улам, парламентте канчалык көп пикирлер болсо, парламенттик чечимдердин сапаты ошончолук жакшы болот.

«Иш орундарын түзөбүз», «билим берүүнү өркүндөтөбүз», «саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатабыз», «заводдорду жана фабрикаларды курабыз», «бардык жарандарды турак жай менен камсыз кылабыз» деген көп куру убадалар - көпчүлүк программалардын мүчүлүштүктөрү. Анткени, ошол эле учурда, бул максатка кандай иш-аракеттер аркылуу жетерин көпчүлүк партиялар айтпайт.

Сандарды жана көрсөткүчтөрдү колдонгондор өтө эле аз. Мүмкүн, бул айтылган сандардын аткарылышы жөнүндө шайлоочулар суроого жол бербеш үчүн жасалат. Дагы эле лидердин атынан жазылган программалар бар. Бул учурда партия барбы деген суроо жаралат. Бирок мындай программадан экөө эле. Бул партиялардын көпчүлүгү жеке адамдар эмес, командалар экенинен үмүт берет.

Шайлоочулар партиялардын программаларын аз окушса да, программаларга коомдун кызыгуусу артууда. Кооз баннерлерден карагандардын ойлорун, болочок депутаттардын кандай иш алып барарын эл билгиси келет. Депутаттар өлкөбүздүн жана ар бир жарандын тагдырын чечкен адамдар экендигин, ошондуктан тандообуз биздин келечегибиз экендигин биз, шайлоочулар, унутпашыбыз керек.

[i] https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/ - бул 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоого катышкан бардык саясий партиялардын программалары жарыяланган Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы шилтеме.

Гүлнара Каликова

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG