Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Жаңы беткаптар жана эски «бетпактар»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин келерки чакырылышы элдин үмүтүн актайбы? «Жаӊыбыз» дегендер кимдер? Алар айткан сөзүндө турабы же эскилердин эле чоорун тартабы?

Түсү ийгиден түңүлбө, бирок...

Айылындагы жакшынакай эле кыздарды теңсинбеген жигиттер алысыраак жерден бир көргөн селкиге эле ашык боло калып, үйлөнүп алган учурларды билесизби? Бактылуу жигит жылдыздуу жанга туш келет. Бирок кээ бирлердин тандаганы өтө сулуу да, акылдуу да эмес, орточо же начар эле чыгып калат.

Парламентке өтүш үчүн орусча «новые лица» дегенди сөзмө-сөз оодарып алган «жаңы жүздөр» да кечээки бети калыңдарга караганда сүйкүмдүү көрүнүшү мүмкүн, башка айылдан келген жаңы келиндей болуп...

Эми кептин баары бул «келиндердин» акыл-эсин, пейилин, уяттуулугун, тиричиликке жарамдуулугун бир-эки ай ичинде байкап үлгүрүштө. Болгондо да тобу менен тандаш керек, жаңылбай! Кимиси эмне кылып жүрдү экен? Билими канчалык? Жогорку Кеңешке баргандардын түз милдеттери кайсылар экенин билеби? Бийлик бутактарынын ортосундагы алака-катыш кандай болууга тийиш экенин, реалдуу жагдай кандай экенин, аны кантип өзгөртүүгө болорун билеби? Өкмөт менен элдин, мамлекет менен жарандын, жетекчи менен эмгек жамаатынын мамилесин шайкеш келтирүүнүн жолдорун сунуш кыла алабы? Буларды билмек түгүл өзү нан таап жеген ишинде деле алдыга суурулуп көрө элек болсочу?..

Жалпылап алганда, ар бир партияны да жаңы келинге салыштырсак болчудай. Көпчүлүгү колу туткак, калпычы, жалаакор ж.б. катары таанылган эскилерди эмес, «башка айылдыктарды» тизменин баш жагына жазып алышкан. Айрымдары «жаңы жүздөрдү» Гүлчөтайдын паранжасындай эле пайдаланып, шайлоо өткөн соң «Өктөбүрдүн келген кези - эмне кылышты өзүбүз билебиз!» деп жерге ыргытып, элдин ишенимин тебелеп салбайбы?

Өзүнө караштуу аймактан жетиштүү добуш топтой алган жок, акчалай салым кошпой койду ж.б. деген шылтоо менен «жаңы жүздөрдүн» көпчүлүгү мандаттан куру калышы толук ыктымал. «Ыманы ысык көрүнөт» деп «башка айылдыктардын» кадыры үчүн тандаган партиясынан кайра эле баягы желмогуздар шайланып алганын көрсө эл катуу алданат го!

Бетпактарга беткап болбогула

Арамдыкка аралашпаган, түз жүрүп, калыс сүйлөгөн адам катары тааныла баштаган айрым замандаштар шайлоонун эртеси тизме боюнча өзү ала турган мандатты кайсы бир шылуунга өткөрүп бериши мүмкүнбү? Тилекке каршы, андай болбойт деп кепилдик бериш кыйын. Мурунку чакырылышка да айрым партиялар эл ишенген кишилерди бетке кармап келип, мандатты кап курсактарга берип салган эмес беле.

Мына, ошол көз боёмочулук бул ирет да кайталанып жатат деп коңгуроо кагылууда:

«Жаштар, арыз жазбайм, мандатымды тапшырбайм дегенге эркиңер жетпесе, шайлоого барбагыла.

Шайлоого бараткан партиялардын көбү эл көзүнө тизменин алдына жаш, таза, булганбаган талапкерлерди коюп, артына аштан-көчтөн калгандарды жыйып алып, коомчулуктун көзүн жазгырган тактиканы колдонушууда.

Өкүнүчтүүсү - добуш алып берчү жаштардан, таза, булганбаган талапкерлерден «шайлоодон кийин мандатыңды тапшырып берип кетесиң» деп алдын-ала арыз жаздырып, нотариус аркылуу күбөлөндүрүп жатышат».

(«Фейсбук» колдонуучу Алмаз Темирбектин постунан)

Мындай болбойт деп кайсы партия ишеничтүү айта алат? Балким 60 же эч болбосо алдыңкы 20-30 талапкердин тизмедеги орду биротоло аныкталды, булар мандатын тапшырбайт деген мазмундагы расмий таризделген документти жарыялоону талап кылыш керек чыгар?

Же көз боёмочулук кылган партияларга карата таасирдүү чара көрүү мүмкүнчүлүгү табылабы?

Жалпы бейнеби же жалпак бетпи?

Жеп-ичмейге аралашпаган, түз сүйлөп, таза иштеген уул-кыздарыбыз жок эмес, бар. Бирок, тилекке каршы, алар бирикпей, ар кайсы партиялардын канатына корголоп калды. Мунун себеби бул шайлоодо да акчанын таасири ашыкча күчтүү болуп жатканында.

Дагы бир себеби - айрым талапкерлердин мүдөөсү анча бийик эмес, эптеп эле депутат болушту көздөп турушат. Алар фракция башчысынын айтканынан чыкпай, колдо дегенин колдоп же беш жыл бою «балык» болуп отурууга кайыл.

Ырас, «мандат колума тийсе эле өзүм билгендей сүйлөп, парламенттин деңгээлин көтөрө алам» деген дымактуулар да кездешет. Өзүнүн туруктуу көз карашы бар, көпчүлүктү же күчтүүлүк кылган жакты ээрчибей, чындыкты айтуудан, мыйзамдуулукту жактоодон тартынбайт дегидей азаматтар бар сыяктанат. Бирок алар бирдиктүү күч болуп чыкпай, ар кайсы партияларга чачырап кетти. Мунун айынан парламентке намыстуулар аз келиши же дегеле өтө албай калышы ыктымал.

Ошондо парламент кайра эле башы жок бака, көзү жок көгөн дегендей бирдемени элестетип калбайбы?

Чечүүчү учурга аз калды, өтө аз убакыт калды. Дале болсо үмүт үзбөй, элибиз ойгонот, көпчүлүк жарандар добушун сатпай, кооз сөзгө, жалган убадага алданбай, кайсы талапкер (же партия) өзүнүн чыныгы өңү менен, кайсынысы пиарчылар жасаган беткап менен чыгып жатканын айырмалаганга жарайт деп ишенгибиз келет...

Талапкерлерге кер какшык

(«Фейсбуктагы» пикирлерден)

Бектемир Төлөн уулу:

- Эптеп эле депутат болуш үчүн шайтандын партиясына болсо да кошулууга даяр саясатчылар бар экен, тооба...

Мырзакат Тыналиев:

- Жөн эле суроо: талапкер кезинде баары жакшы, жаман депутат кайдан чыгат?

Айзат Султан:

- «Жаңы жүздөр келсин» десе бир нерсе билгениң деле, билбегениң деле аттанып алыпсыңар да...

Kubatbek Jakypov:

- Жаңы жүздөр эскилер үчүн беткап болуп калышты окшойт.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG