Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Элди кыйнаган оорунун эстен чыккан сабагы


Бишкектеги стационардык оорукана.
Бишкектеги стационардык оорукана.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавирустан каза болгондор азайды. Бирок коронавирус күчөп турган кездеги убадалар унутулган жокпу деген суроо жаралып жатат.

Соңку эки айда эпидемиологиялык абал курчуп турган Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирустан каза болгондор азайды. 21-августта бир адам жарык дүйнө менен кош айтышты. 22-августта бул илдеттен көз жумгандар катталган жок.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жалпысынан март айынан бери бул оору 42 889 кишиге жукса, каза болгондордун расмий саны 1055 адамга жетти. Үч күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус курмандыктарынын санын кайра иликтеп чыгып, буга чейин илдеттен каза болду деген 437 адам башка оорунун кесепетинен көз жумганы аныкталганын кабарлаган.

Бирок акыркы статистика пандемиянын коркунучу азайды деп жай турмушка өтүүгө жол бербейт. Өлкө бийлиги жана дарыгерлер вирустун коркунучу өтө жогору экенин белгилешүүдө.

Ал түгүл премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен жана Жалал-Абад облусунда эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин, бул аймактарда коронавирус жугузуп алуунун жаңы учурлары чыгып, оорусу күчөгөндөр азайбай жатканын айтты.

«Абалды оңдош үчүн облустарга тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин жөнөтүү зарыл», - деди Боронов.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев учурда дарыгерлер жер-жерлерде абалды көзөмөлдөөгө аракет кылып жатканын билдирди:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Учурда аймактарда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, өз ишин улантууда. Анткени, оор жана өтө оор абалда ооруканага кайрылган бейтаптар болуп жатат. Өзгөчө бир нече райондогу абал боюнча маалыматтар берилген. Бүгүнкү күнү үйдө жатып калбай, оорунун белгилери чыккан адамдарды өз убагында дарылоого аракет кылып жатабыз».

Кырдаалдын салыштырмалуу турукташканына байланыштуу Бишкек мэриясы бир катар чектөөлөрдү алып салды. Тактап айтканда, коомдук транспорттун, эс алуу жана соода борборлорунун иштөө мөөнөтү узартылды. Сейил бактарга, парктарга, аянттарга киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага берүү кызматына уруксат берилет.

Мындан сырткары республикалык штаб эпидемиологиялык абал жөнгө салынды деген 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга келишине жол ачты.

Оор күндөр эстен чыктыбы?

Бирок бийликтин чектөөлөрдү азайтышына чейин эле өлкөдө жай турмуш калыбына келип, санитардык нормалар жакшы сакталбай калганы байкалып жаткан.

Ал тургай 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо өлкө бийлиги, жарандар көңүл бурган башкы маселеге айланып, бир ай мурунку курч абал эстен чыга баштаган сыяктанат.

Пандемиянын айынан үч бир тууганынан айрылган дипломат Айымкан Кулукеева "Фейсбуктагы" баракчасына акыркы абалды «ушунчалык кыска эстутумдуу эл экенбиз, чиркин. Элдин кайгысы, өлүмдөр унутулду. Ала-була жаңы жүздөр менен маскировкаланып алгандарга алданып, кай бири сатылып, шайлоо башталган экен...», - деп сүрөттөдү.

Чынында эле коронавирус курчуп турган өткөн айда эле жалпы дүйнө, анын ичинде Кыргызстан да мындан ары өзгөрөт деген пикирлер айтылып жаткан. Пандемиянын мизи бир аз кайтып, каза болгондор азая түшкөн учурда бул убадалар унутулуп калган жокпу деген суроо жаралат.

Ал кезде алгач пандемия саламаттык сактоо тармагынын кемчилигин көрсөтүп, өзгөрүүлөр керек экенин ачыкка чыгарды. Өлкө ооруканалардагы орундардын, керектүү жабдыктардын жетишсиздиги, дары-дармектин борборлоштурган системасынын жоктугу, иммунолог, вирусолог сыяктуу адистердин жетиштүү даярдалбаганы, абалды жөнгө салуу боюнча чечимдердин аткарылбаганы сыяктуу толгон-токой маселелерге туш болгон эле. Ушундан улам саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгы, кадрларды тандоодо мурдагыдай мамиле жарабай турганы айтылган.

Пандемия курч турган учурда «кызыл зонада» иштеген дарыгер Эрмек Исмаилов чынында эле бир ай мурун абдан актуалдуу болуп турган медицинага көңүл буруу жөнүндө убада эстен чыга баштаганын айтты:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Пандемия күчөгөн кезде «дарыгерлерди сыйлайбыз, ден соолубузга кам көрөбүз, чоңдорубуз медицинага салым кошот» деп баары айтып жатканда эле «ушунун баары убакыттын өтүшүнү менен эсте болобу» деп күмөн санадым эле. Чынында мунун баарын унутчудай абалга барабыз. Азыр шайлоону айтып, тойлор уланып, куран окуткандар чакыра баштады. Ушунун баары көрүп туруп элибиз пандемиядан сабак алган жокпу деп ойлойсуң. Өткөн оор күндөрдөн сабак алып, өз ден соолугуна кам көрсө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай көрүнүш байкалбай жатат».

Учурда өлкө бийлиги пандемия шартында медицинага көңүл буруларына убада берип келатат. Азыркы тапта өлкө боюнча үч оорукана курулуп, тогуз оорукананын имараты оңдолуп жатканы кабарланууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе өз көзөмөлүндө экенин айтып, медицинага мамиле мурдагыдай болбой турганын айтканы бар.

Cооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддагы ооруканада.
Cооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддагы ооруканада.

«Өкмөт маалымат берди. Азыр жалпысынан 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан тогуз оорукананы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатышат. Муну эмне үчүн жасап жатабыз? Өткөндө билесиз, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы ачык айтты. «Качан оңолот, качан токтойт бул оору? Аны биз да айта албайбыз» деп айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир даяр болушубуз керек, ар кандай бул оорунун таркалуусуна. Суук мезгилде кокус оору дагы улана турган болсо, ошого кам көрөлү деп ооруканаларды даярдап жатабыз. Мурун «реформа жүргүзөбүз» деген ар кандай шылтоолор менен, ар кандай программанын негизинде көп койка-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. 15 жыл, 20 жыл болгондор бар», - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары быйыл медициналык багытта кошумча 90 студент бюджеттик негизде кабыл алынары белгилүү болду.

Пандемия сабак эмес, шылтоо катары пайдаланылабы?

Бирок коомчулукта 1500дөн ашык адамдын өмүрүн алган пандемиянын сабагы бир нече оорукана имаратын оңдоо менен чектелбеши керек деген пикирлер бар. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыркы айлардагы абал көп тармакта толугу менен мамилени өзгөртүүнү талап кылганын белгиледи:

«Бул жерде көп нерсе комплекстүү түрдө каралышы керек эле. Медицина тармагындагы маселелер, керектүү жабдыктарды алуу... Үч оорукана куруп эле маселени чече албайбыз. Дарыгерлердин айлык акысы кандай чечилет? Азыркыдай абал улана берсе дарыгерлер мамлекеттик ооруканада иштебей, жеке ооруканаларга кетишет. Биз сабак деп системалуу өзгөрүүлөрдү айтышыбыз керек эле. Тилекке каршы, азырынча андай ишти көргөн жокпуз».

Ал эми көпчүлүк учурда кризистен сабак алынса, мүмкүнчүлүк катары пайдаланууга болорун айткан коомдук ишмер Алмаз Кулматов учурда кыргыз бийлиги үчүн пандемия жаңыланууга мүмкүнчүлүк эмес, кемчиликтерди жабыш үчүн шылтоо катары каралып жатат деп эсептейт.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Кандай гана маселе болбосун аны чечүүгө болгон мамиледен көп нерсе көз каранды, - деди серепчи. - Ал адамбы, өкмөтпү, мамлекетпи, кандай мамиле кылып жатат? Кайсы бир оор кырдаалга кабылганда «ушул маселени чечили, эртең эле кайталанчу балакет экен, толугу менен өзгөртөлү» деген мамиле башка, ошол эле кезде «эптеп ушул кырдаалдан чыгалычы, калганын Кудайдын башка салганын көрөбүз» деген мамиле такыр башка. Кризисти жаңыланууга мүмкүнчүлүк катары колдонуш керек эле. Анын ордуна «ушундай болуп калбадыбы, эмне кылалы» деп шылтоо катары колдонгон инсандар көп экенин азыр байкап жатам».

Мындан сырткары пандемия кыргыз экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку урду. Анын кесепетинен орто жана чакан бизнесте ишкерлер жапа чегип, айрымдар толугу менен ишин жабууга туура келди. Бул чөйрөдө өкмөт эки жыл ичинде 14 миллиард сомду насыя катары бөлүүгө убада берген. Бирок азырынча ал каражат толугу менен ишкерлерге жетет элек.

Өлкө экономикасы расмий эсеп боюнча быйыл жарым жылда алты пайыз артка кетти. Бирок эл аралык уюмдар бул көрсөткүч 10 пайызга чейин чыгышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге коронавирусту дары менен эмес, адамдардын жоопкерчилиги менен гана жеңүүгө болорун айтып чыкты. Ал 20-августта брифингде эпидемиологиялык абалды жакшыртуу адамдардын аң-сезимине байланыштуу экенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG