Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

ДССУ: вакцинаны адилет бөлүштүрөлү


Айрым өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизди. Трамп менен Ардерн кайым айтышса, ДССУ вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды.

“Вакциналык улутчулдуктун алдын алалы”

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны тегиз жана акыйкат бөлүштүрүүгө чакырды.

Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсустун айтымында, вакцинаны эки баскыч менен бөлүштүрүү сунушталууда. Жалпы коркунучту азайтуу үчүн биринчисинде дозалар Дүйнөлүк саламаттык уюму жетектеген вакцина иштеп чыгуу планына катышкан өлкөлөргө пропорциялуу тийиши керек. Экинчисинде коркунуч көбүрөөк жана аялуу өлкөлөргө көңүл бурулушу шарт экени белгиленет.

Тедрос Аданом Гебрейсус
Тедрос Аданом Гебрейсус

18-августта өткөн жыйында Гебрейсус бир катаны кайра кайталабоого чакырды:

«Вакциналык улутчулдуктун алдын алалы. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы күрөшкөн каражатка жетүүнү тездетүүнү, көбүрөөк коркунучка кабылгандардан тарта баарын жана бардык жерде жаңы табылга менен камсыздоо үчүн өкмөттөр жана жеке сектор менен чогуу иштеп жатат».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19 боюнча техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове вируска туруштук берүүнү камсыздаган антиденече айыккандардын 10% жетпеген адамдан гана чыкканын белгиледи. Андан тышкары изилдөөлөр элдин көпчүлүгү дале коронавируска чалдыгуу коркунучу бар экенин көрсөткөнүн эскертти.

11-августта Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы «Гам-КОВИД-Вак» деп аталган алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн билдирген. Путин вакцинаны кызы өзүнө сынап көргөнүн айткан.

Орусиянын дымагына эл аралык эксперттер сын көз караш менен карап, учурда «тез арада вакцина чыгаруу эмес, сапаттуу жана коопсуз вакцина чыгаруу зарылчылыгы турганын» белгилешкен. Ушу тапта дүйнө жүзүндө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина иштелип чыгууда. Алар сыноо мөөнөтүнүн түрдүү баскычтарында турушат. ДССУ вакцинанын тийиштүү процедуралардан өтүп, жапырт колдонууга берилиши ушул жылдын аягынан эрте болбойт деп билдирген.

АКШ менен Жаңы Зеландия лидерлери кайым айтышты

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Жаңы Зеландия коронавирусту жеңдик деп жар салганын белгилөө менен бул өлкөдө вирустун “кескин тараганы абдан коркунучтуу” деп баа берген эле.

Жасинда Ардерн
Жасинда Ардерн

Бул сын арал өлкөнүн тургундарынын арасында нааразылык жаратып, премьер-министри Жасинда Ардерн эртеси эле жооп кайтарды:

«​Карап көрсөңүз, менимче дүйнөдө COVID-19дун таралуусуна көз салып турган ким болбосун опоңой эле көрө алат. Жаңы Зеландиядагы күнүнө катталган тогуз учур менен Кошмо Штаттарындагы он миңдеген жаңы учурду салыштырып болбойт. Чынында дүйнөдөгү көп өлкө менен теңдештирүүгө мүмкүн эмес. Биздин абалды туура эмес чечмелеген кишилерди этибарга да албайм»​.

19-августка карата маалымат боюнча АКШда коронавируска чалдыккандар 5,6 миллиондон ашса, Жаңы Зеландияда вирус жуктурганы катталгандар жалпы жонунан 1600 ашуун гана. Ошентсе да буга чейин коронавирусту жеңгенин жарыялаган Жаңы Зеландиянын ири Окленд шаарында абал начарлап, обочолонуу режими узартылган.

Кайрадан чектөөлөр

Коронавируска каршы күрөштө ийгиликтүү саналгандардын дагы бири Түштүк Корея да жабык имаратта элүүдөн ашык адам чогултуп, иш-чара өткөрүүгө кайра тыюу салды. Анткени апрелдин башынан бери күнүнө катталгандар 70ке жеткен эмес. Өткөн апта соңунан тарта вирус жуктургандар кескин көбөйдү. 19-августта 300гө чамалуу адамдан вирус табылганын өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Каң Лип билдирди.

«​Алардын ичинен 140 бейтап "Сараң Жейл" чиркөөсү менен байланыштуу. Андан тышкары биз инфекция баш калаадагы жана башка аймактардагы чиркөөлөр менен жумуш орундарында таралып жатканын көрүүдөбүз».

Коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр чектөө чараларын кайрадан күчөтө баштады. Франция менен Чехия 1-сентябрдан тартып жабык коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынууну милдеттендирди.

Коронавирус бар экенин расмий жарыялай элек, бирок бийлиги чектөө чараларын көрүп, калкты беткап кийүүгө мажбурлап жаткан Түркмөнстанда футбол боюнча өлкө чемпионаты, кубоктук оюндар жана жаштар чемпионаты токтотулду. Бул тууралуу Улуттук футбол федерациясынын сайтында жарыяланып, себеби көрсөтүлгөн эмес.

19-августка карата Борбор Азиядан Казакстанда 271, Өзбекстанда 166, ал эми Кыргызстанда 179 жаңы учур катталды. Премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык абалды турукташтырууга коомчулуктан жардам сурап, той-аштарды өткөрбөй кое турууга чакырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG