Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Орусия жаңы вакцина даяр экенин жарыялады


Орусияда коронавирустан эмделген биринчи ыктыярчылар.
Орусияда коронавирустан эмделген биринчи ыктыярчылар.

Орусиялык окумуштуулар коронавируска каршы вакцина даяр экенин жарыялады. Бийлик күздө калкты жапырт эмдөөдөн өткөрүүгө камданып жатат.

Бул жумада Сеченовский университетинин Биотехнологиялар институтунун директору Вадим Тарасов "Орусияда коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина даяр" деп жар салды.

"Бизде азыр коронавирус боюнча тастыкталган маалыматтардын илимий базасы жок. Илдет акырына чейин изилдене элек. Биз Гамалея борбору жасаган вакцина бейтаптарга коронавирустан коргонууга жардам берген дүйнөдөгү биринчи вакцина болоруна ишенебиз", - деди Тарасов.

Ага чейин Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор COVID-19га каршы вакцина сыноолордон өткөнүн, сентябрда дарыны жапырт өндүрүүгө болорун билдирген.

Борбордун жетекчиси Александр Гинцбургдун билдирүүсүндө, вакцина Росздравнадзордо каттоодон өткөрүлгөндөн кийин аны жайылтууга мүмкүн болот.

Ал эми Сеченовский университетинин өкүлү Александр Лукашев вакцинанын коопсуздугу тастыкталганын айтып, аны "азыркы базардагы вакциналардай эле коопсуз" деп баалады.

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Гамалеядан тышкары Новосибирскидеги "Вектор" мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп жатат.

Москвада жасалган вакцина менен Сеченовский университети жана Бурденко аскерий ооруканасында 17-июнда ыктыярчылар эмделе баштаган.

Жаңы вакцинаны сыноого ыктыярчылар менен аскер кызматкерлеринен түзүлгөн, жалпы 38 адамдан турган эки топ катышкан. Алар алдын ала эки жумага обочолонууга алынып, баарынын организминде коронавирусту тосмолоп сала турган антителанын жоктугу тастыкталган. Андан соң дарыгерлер адамдарды дагы эки топко бөлүп, бирине вакцинаны кургак зат, бирине суюктук түрүндө сайган.

Лукашевдин айтымында, биринчи күндөрү эмделгендердин дене табы көтөрүлгөнү байкалган, азыркы кезде баарынын дени сак, абалы жакшы. Алар 20-июлда үйлөрүнө чыгарылып, догдурлардын көзөмөлүндө болот.

Буга чейин вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко Орусияда калкты коронавируска карата жапырт эмдөө күздө башталышы мүмкүн экенин айткан. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко эмдөө милдеттүү түрдө эмес, жарандардын каалоосу боюнча өткөрүлөрүн белгилеген.

Анткен менен айрым орусиялык окумуштуулар орус вакцинасы негизинен аскер адамдарында текшерилип, сыноо учурунда тийиштүү протоколдор сакталбагандыгын, анын адамдын организмине коопсуздугу гана тастыкталганын, терс таасири акырына чейин изилдене электигин белгилеп жатышат.

Биофармацевтик технологиялар боюнча эксперт Игорь Горский "Азаттыктын" орус кызматына берген маегинде Гамалеи борборунун вакцинасынын коопсуздугу менен натыйжалуулугунан күмөн санаган.

"Мындай вакцинаны окумуштуулардын бир нече тобу сынап жатышат. Алардын ичинде Оксфорд университетинин окумуштуулары жана кытайлардын "Cansino Biologics" компаниясы бар. Негизи, бул вакцина иштеши керек. Соңку 5-6 жылда буга окшош 30-40тай вакцина жасалган. Бирок муну күзгө чейин текшерип, анан жайылтууга мүмкүн эмес. Вакцина үч фазадан өтөт. Биринчиси - анын адамга коопсуздугу текшерилет. Экинчиси - бери дегенде миңдей адамда, жок дегенде 200-400 адамга дагы сыналышы керек. Ушул фазада анын эффективдүүлүгү, ар кандай адамдарга кандай таасир этери, кандай шартта өзгөрөрү байкала баштайт. Мен вакцина чыгарган бир топ команиялар менен иштешкем. Мындай фаза үчүн адатта 1-2 жыл, кээде төрт жыл керек. Ал эми үчүнчү фаза - вакцинаны жүз миңдеген адамдарда текшерип көрүү керек. Бул дагы 1-2 жылдык убакытты алат.

Ал арада Британия, АКШ менен Канада орусиялык хакерлер коронавируска каршы вакцина иштеп жаткан дүйнөлүк уюмдарга чабуул жасап, вакцина тууралуу маалыматты уурдоого аракет кылып жатышат деп айыптап чыгышты. Орток билдирүүдө "APT29" деп аталган хакердик топ орус чалгын кызматынын көрсөтмөсү менен иштешкени айтылат.

Британ окумуштуулары коронавируска каршы вакцина сыноодон өтүп жатканын алгачкылардан болуп апрель айында кабарлаган. Оксфорд университетинин бул багытта иштеген окумуштуулары тобу вируска каршы вакцина иштеп чыгууда лидер катары саналат.

Доминик Рааб
Доминик Рааб

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб орусиялык атайын кызматтардын аракеттерин "кабыл алынгыс иш" катары сындады:

"Биз орусиялык атайын кызматтар коронавируска каршы вакцина жасап жаткан үч мамлекетке, анын ичинде Британияга каршы киберчабуулдарды жасаганын билебиз. Бул кабыл алынгыс иш. Биз вакцинаны жарандарыбыз жана дүйнөдөгү бардык адамдар үчүн жасоого аракеттенип жатабыз. Ошон үчүн орус өкмөтүнүн аракеттерин ачыктап, бардыгына көрсөтүшүбүз керек".

"APT29" (Cozy Bear жана Dukes) деп аталган орус тилдүү хакердик топ 2014-жылдан бери белгилүү. Бул хакерлерди АКШда президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партиянын улуттук комитетине жана батыш өлкөлөрүнүн өкмөттүк мекемелерине жасаган чабуулу үчүн айыпташкан.

Кремль британ министринин билдирүүсүн четке кагып, COVID-19га каршы вакцина тууралуу маалыматтарды уурдоонун зарылчылыгы жоктугун билдирди. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "айыптоо жөнсүз" десе, ТИМдин өкүлү Мария Захарова мындай билдирүү жасоого негиз болгон "фактыларды" сурады.

Буга чейин Орусиянын инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев "Р-Фарм" компаниясы Британиянын фармацевтикалык "AstaZeneca" компаниясы менен чогуу оксфорддук вакцинаны Орусияда чыгарууну макулдашканын кабарлаган.

Орусияда коронавирусту жуктургандар 750 миңден ашып, расмий 12 миң кишинин өлүмү катталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG