Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Жаңы вакцинанын алгачкы сыноосу ийгиликтүү өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык "Moderna" компаниясы COVID-19га каршы вакцинанын баштапкы сыноосу ийгиликтүү болгонун, жакында эксперименттин акыркы фазасы башталарын билдирди.

Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө COVID-19 илдети күч алып турганда коронавирустун вакцинасына байланыштуу үмүт жараткан кабар тарады. 14-июлда "The New England Journal of Medicine" журналы америкалык "Moderna" биотехнологиялык компаниясынын вакцинасынын баштапкы сыноосунун жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, сыноого катышкан дени сак 45 адамдын баарынын организминде коронавирусту тосмолоп сала турган антитело пайда болгон. Компания эмделгендердин абалы жакшы экенин, июль айынын соңунда вакцинанын үчүнчү же негизги фазасы башталарын билдирди. Анда жалаң эле жаштар эмес улгайган адамдар баш болгон 30 миң киши эмдөөдөн өткөнү турат.

Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти, Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун башчысы Энтони Фаучи баштапкы сыноонун жыйынтыгын "жакшы жаңылык" деп мүнөзөдү. Ал бир нече күн мурда "Moderna" компаниясынын вакцинасы ишеним жаратып жатканын айткан эле.

"Мындай эксперименттердин алгачкы жыйынтыктары этияттык менен коштолгон оптимизмге негиз берүүдө. Жок дегенде жылдын соңунда же 2021-жылдын башында кайсы бир даражада натыйжа бере турган вакцинаны иштеп чыкса болот деген үмүт бар", - деп билдирген Фаучи.

"Moderna" компаниясынын АКШнын Массачусетс штатындагы баш кеңсеси, 18-май 2020-жыл.
"Moderna" компаниясынын АКШнын Массачусетс штатындагы баш кеңсеси, 18-май 2020-жыл.

"Moderna" биотехнологиялык компаниясы рынокто жок ыкма менен даярдалган жана РНК же рибонуклеин кычкылына негизделген вакцинасын март айынын ортосунда сынай баштаган. Компаниянын окумуштуулары коронавирустун жыл башында чечмеленген генетикалык коду аркылуу адамда илдетке каршы иммунитетти пайда кылууну көздөшөт.

“Биздин вакцинабыз коронавирус клеткаларды кантип ээлеп аларын көрсөткөн маалыматты кодго айландырат. Вакцина ал маалыматты адамдын организмине алып кирет. Бирок ооруну жаратпайт. Бул жол менен адамдын иммундук системасы вирусту таанууга үйрөнөт”, - деп билдирген май айында “Модернанын” башкы медициналык жетекчиси Тал Закс.

"The New England Journal of Medicine" журналы жазгандай, мындай вакцинаны алган ыктыярчыларда COVID-19 илдетинен айыгып чыккан адамдардыкына окшош антитело пайда болгон. Сыноого катышкандар вакцинанын эки дозасын ортодо бир ай аралык менен алышкан.

Орусиялык окумуштуулар иштеп чыккан болжолдуу вакцинанын сыноосу, Москва шаары.
Орусиялык окумуштуулар иштеп чыккан болжолдуу вакцинанын сыноосу, Москва шаары.

Ыктыярчылардын ден соолугу кескин начарлап кетпесе да алардын жарымына чукулунда сасык тумоонукуна окшош симптомдор байкалган. Дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, эмделген жердин оорутушу сыяктуу белгилер бир күндөн кийин токтогон.

Бул сыноого тиешеси жок окумуштуулар башка ооруларга каршы эмделген адамдарда деле мындай симптомдор кездешерин айтышууда.

"Булар биринчи фазадагы эксперименттер. Бирок жакшы жышаан. Вакцина иммундук системанын күчтүү реакциясын жараткандай. Бул жакшы. Организм өзүн коргоп жатат дегенди билдирет. Бир-эки ойду айта кетейин. Бул эки дозадан турган вакцина. Колдун вакцина сайылган жери ооруганын, дене табы көтөрүлгөнүн, чарчаңкы тартышканын айткан адамдар болуптур. COVID-19дан коргонуу үчүн буга чыдоого туура келет. Андан башка ири сыноо өткөрүүгө бөгөт боло турган маселелер жок", - деп билдирди АКШнын Теннеси штатындагы Вандербильт университетинин окумуштуусу, доктор Уильям Шаффнер.

Адатта, кайсы бир илдеттин алдын алуучу вакциналар бир нече жылдап сыноодон өтүшү керек. Бирок алдыңкы биотехнологиялык компаниялар коронавирус пандемиясын токтотуу үчүн бул жараянды бир нече эсе кыскартууга аргасыз болушту. Окумуштуулар белгилешкендей, эпидемия токтошу үчүн кайсы бир өлкөнүн калкынын кеминде 60 пайызында илдетке каршы иммунитет болушу керек.

Швеция мамлекети мындай жапырт иммунитетти табигый жол менен пайда кылууну көздөп, коронавируска каршы катаал чараларды кабыл алган эмес. Бирок дүйнөнүн көп бөлүгү коронавирустун вакцинасынын же COVID-19ду натыйжалуу дарылоочу каражаттардын иштелип чыгышын күтүп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Бирок учурда алардын 23ү гана адам организминде сыноодон өтүүдө. Кайсы бир өлкөлөрдө вакцинаны жасоо үчүн коронавирустун зыянсыздандырылган бөлүгүн организмге киргизүү сыяктуу салттуу жол колдонулса, "Moderna" өңдүү айрым компаниялар жаңыча ыкмаларды издештирип келет. "Потенциалдуу талапкер” деп мүнөздөгөн жыйырмадан ашык вакцинанын көбү Кытайдагы, Кошмо Штаттардагы жана Европадагы биотехнологиялык компанияларга таандык. Алардын ичинен Америкадан тышкары Кытайдагы жана Британиянын Оксфорд университетиндеги айрым вакциналардын сыноосу акыркы фазасына келип калды.

Ошентсе да вакциналар калктын калың катмарына, анын ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө качан жетери азырынча так белгисиз.

"Сыноодон өткөндөн кийин да аны өндүрүү, муктаж адамдардын баарына таратуу жагы да бар. Вакцина кимге биринчи берилерин да аныктоо керек. Себеби, 7 миллиард адамдын баарын бир маалда эмдөөдөн өткөрө албайсың. Андыктан быйыл болбойт", - деп билдирген "Азаттыкка" Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз өкүлү, доктор Маргарет Харрис.

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев да коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыгуу үчүн убакыт зарыл экенин, акыркы фазасына келген айрым акциналар жарабай калышы мүмкүндүгүн айткан.

"Себеби, көп кишиге, 5-10 миң кишиге колдонгондо кошумча зыяндуу жактары табылса же пайдасы жок болуп калса, ал вакциналар өндүрүлбөй калат. Ошондуктан бир жыл же бир жарым жыл деген бул эл аралык стандарт", - деп билдирген Абдылдаев.

Батыш өлкөлөрү жана бир катар эл аралык акчалуу фонддор үмүт жараткан вакциналарды иштеп чыккан компаниялар менен келишим түзүп, аларга каржылык колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Маселен, май айында Кошмо Штаттар Британиянын Оксфорд университетиндеги вакцинаны иштеп чыгууга 1 миллиард 200 миллион доллар берүүнү убада кылган. Өткөн аптада АКШ өкмөтү вакцинасын адам организминде сынап жаткан дагы бир америкалык "Novavax" компаниясына 1 миллиард 600 миллион доллар каражат бөлүүнү чечкен.

Вакцина даяр болгуча дүйнө өлкөлөрү коронавируска каршы чараларды карманууга аргасыз. Карантин жумшаргандан кийин вирус кайра күчөгөн АКШнын бир катар штаттары жарандарды беткап тагынууга чакырып, бетти жана мурунду жаап жүрүү илдеттин таралышын алдын аларын көрсөткөн жаңы изилдөөлөрдү жүйө келтиришүүдө.

Британия өкмөтү 24-июлдан тарта жарандарды дүкөндөр сыяктуу коомдук жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирди. Франциянын президенти Эммануэл Макрон да француз атуулдары 1-августтан тарта имараттардын ичинде беткап менен жүрүшү керек экенин эскертти.

15-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 13 миллион 320 миңден ашты. Өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен кеминде 578 миң киши ажал тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG