Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Коронавирустун экономикалык зыяны эсептелди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан кабар алган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринин алгачкы эсептери чыкты. Өлкөнүн тышкы соодасы 21% кыскарды.

Анын ичинде ЕАЭБдеги өлкөлөр менен алып-сатуу төмөндөдү. Ички өндүрүш өзү да артка кетти.

Адистер бул көрүнүш күтүлгөн жыйынтык экенин, COVID-19 илдети басаңдабаса кесепети мындан да оор болорун эскертүүдө.

Артка кеткен тышкы соода

Жыл ортологону менен Улуттук статистика комитети азырынча алгачкы төрт айдын жыйынтыгын гана санап бүттү. Көпчүлүк көрсөткүчтөр оптимисттик маанайда эмес. Анын ичинде быйыл тышкы соода жүгүртүү кескин төмөндөдү.

Аталган комитеттин Тышкы соода статистика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлайым Шаяхметова «Азаттыкка» буларды билдирди:

Улуттук статистика комитети.
Улуттук статистика комитети.

«Кыргызстанда товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд. 753,9 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-апрелине (2 млрд. 222,6 млн.) салыштырмалуу 21,1 пайызга төмөндөдү. Мунун ичинде экспорттук жөнөтүүлөр 2,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,4 пайызга кыскарды»,-деди ал.

Келтирилген сандардагы экспорттук көрсөткүчтөрдү алтындын туруктуу сатылышы кармап калгандай болду. Бул баалуу зат былтыр төрт айда 256,2 млн. долларлык көлөмдө сатылса, быйыл бул аралыкта 340,9 млн. долларлык көлөмдө сатылган. Алтын негизинен Европа өлкөлөрүнө кетет.

Эгер Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мамлекеттер менен соода алакасын өзүнчө карасак, товарды сыртка сатуудагы абалдын оордугу ачык көрүнө түшөт.

Демек, быйыл январь-апрелде уюмдагы өлкөлөр менен 764,5 млн. долларлык карым-катыш жүргөн. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% аз. Мунун ичинен 599 млн. 621 миң доллар импортко туура келет жана ал 5,2% кыскарды. Өнөктөш өлкөлөргө экспорттун көлөмү 164 млн. 892 миң доллар болуп, былтыркы жылдын төрт айына салыштырганда 17,4% азайды.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев жагдайды мындайча түшүндүргөнгө аракет кылды:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

«Мунайдын арзандашына байланыштуу Орусияда да, Казакстанда да экономикалык абал төмөндөп жатпайбы. Бул өлкөлөрдө көп чектөөлөр, тоскоолдуктар алынбай келди. Бизде деле, бул өлкөлөрдө деле калк өзүнүн чыгымдарын күнүмдүк керектелүүчү нерселерге гана жумшап жатат. Себеби Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун экинчи толкуну келиши мүмкүн деп жатат. Ошол себептен аларда бизден барган товарларды сатып алуу төмөндөп жатат. Натыйжада бул биздин экспортубузга таасир этти. А импортко келсек, бизге күйүүчү-майлоочу май, авиакеросин азыраак ташылып келди. Себеби карантинге байланыштуу транспорттордун кыймылы азыраак болду, учактар дээрлик учкан жок. Мындан сырткары калкыбызда деле суроо-талап азайды, ошого жылда импорттолчу товарлар да азыраак келди»,-дейт ал.

Экспорттоодо негизинен даяр тамак-аштары, алкоголдук ичимдиктер, химиялык өнөр жай продуктулары, таш, гипс, цемент, айнек жана андан жасалган буюмдар, кымбат баалуу эмес металлдар, бут кийим, кийим жана башка текстил товарларын сатуу кыскарганы байкалат.

Маселен, текстил жана текстил буюмдары былтыр төрт айда 50 млн. 284,7 миң долларлык сатылса, быйыл январь-апрель айларында ал көрсөткүч 37 млн. 618,1 миң долларга араң жетти.

«Жеңил өнөр жайы» тигүүчүлөр ассоциациясынын президенти Сапар Асанов буларга токтолду:

Сапар Асанов.
Сапар Асанов.

«Тигүү тармагындагы ишканаларды бир нече топко бөлсөк болот. Ишканалардын 10-15% чоң-чоң ишканалар, алар алдын ала берилген буйрутмалар менен иштеп жатышат. Экинчи топ катары жыйырмадай ишкана карантин шартында деле беткап, же ушул сыяктуу нерселерди тигип иштеп жатышты. Дагы көпчүлүгү Орусиянын же Казакстандын шаарларында өздөрүнүн күркөлөрү бар. Булар ошол жактагы рыноктун жанданышын күтүп, отуруп калышты. Дагы бир тобу буйрутмасы да жок, тиккен товарларын деле жөнөтө албай жатышат. Алар келип калса тигип берет, болбой калса жумушсуз отурушат. Ошондуктан азыр ар кимдики ар кандай жүрүп жатат»,-деди ал.

Ооба, Кыргызстан ЕАЭБдин ичинде негизинен Орусия жана Казакстан менен соода-алака жүргүзөт. Маселен быйыл төрт айда карым-катыштын 69,7% Орусияга, 28,5% Казакстанга туура келди. Мына ушундан улам да кыргыз ишкерлеринин жагдайы ушул өлкөлөрдөн көз каранды.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, Кыргызстандын 2019-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү 6 млрд. 869,3 млн. долларды түзгөн. Мунун 4 млрд. 903,8 млн. доллары импорт, 1 млрд 965,5 млн. доллары экспорт.

Өндүрүш да төмөндөдү

Эми өлкөдөгү өндүрүштүн өзүнө келели.

Ушул эле статистика мекемесинин алгачкы эсебинде, 2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 186 миллиард сомдон ашты. Бул 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,8 пайызга азайды дегенди түшүндүрөт.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-майда ИДӨ көлөмү 161 миллиард сомду түзүп, 6,4 пайызга азайды.

Кыргызстандагы завод.
Кыргызстандагы завод.

Деталдаштырып алсак, өнөр жай продукциясынын көлөмү беш айда 124 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-майга салыштырмалуу 0,2 пайызга азайды. Анын ичинде чийки мунайзатты өндүрүү (65,9 пайыз), жыгачты жана кагаз иштетүү (25,4 пайыз), резина жана пластмасса буюмдарын жана металлдык эмес буюмдарды жасоо (21,9 пайыз), текстиль, кийим, бут кийим өндүрүшү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдардын өнүдүрүшү (13,3 пайыз) азайды, ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшү, анын ичинде суу ичимдиктери менен тамеки өндүрүү (4,0 пайыз) кыскарды.

Экономист Сейдалы Мырзакматов COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу өндүрүштө жана тышкы соода жүгүртүүдөгү төмөндөө алдын ала күтүлгөнүн белгилеп, жагдай мындан ары дагы оорлойт деп эсептейт.

«Ушул эле тенденция улана берет. Менин оюмча, Кыргызстан экспортто да, импортто да аябай эле чоң минус менен чыгат. Жалпы 40% чейин артка кетебиз. Импорттун азайганында дагы бир көңүл бура турган жагдай, кайсы бир сумма келет, бирок физикалык көлөм жылдагыдан аз болот. Анткени доллардын сомго карата катышы кескин өсүп кетпедиби. Бул кырдаалга бийлик эч таасир эте албайт. Пандемия учурунда эле эмес, негизи эле бизде бийлик экономикалык өндүрүшкө, экспорт-импортко салым кыла албайт. Себеби дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр сыяктуу бизде бизнес 97-98% менчикте. Мамлекеттин колунда социалдык эле объекттер калган. Маселен Казакстанда, же Өзбекстанда чоң киреше алып келген ишканалар мамлекеттин колунда. Башкача айтканда мындагы көрсөткүчтөрдү жөнгө сала алат. А бизде мамлекет фискалдык саясатты гана камсыз кылып, шарт түзүп, бизнестин көзүн караганга аргасыз. А биздин бизнес болсо кайра эле эл аралык рыноктон, өзгөчө Казакстан менен Орусиянын рыногунан көз каранды»,-дейт Мырзакматов.

Кыргыз өкмөтү экономикадагы каатчылыктын терс таасирлерин өз чамасында баалап келет. Маселен, аткаруу бийлиги ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2020-жылы 5-7% чейин артка кетерин мойнуна алууда. Керек болсо бийлик пандемиянын кесепеттери келерки жылдарга чейин сезилет деп боолголоп жатышат.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиевге кайра сөз берели.

"Кумтөрдүн" алтыны.
"Кумтөрдүн" алтыны.

«Биз жылдын жыйынтыгында “Кумтөрдү” кошо эсепке алганда, экономиканын өсүү темпин 5,3% артка кеткен абалда алып чыгалы деп жатабыз. Өкмөттүн максаты мына ушуда кармап туруу. Себеби көрүп атпайсыздарбы, вирус кайра күчөп жатат. Бирок ошого карабастан экономиканын көпчүлүк секторлору иштеп жатат, баарын жаап койгон болбойт. Кыргызстандын дүйнөлүк экономикада, ЕАЭБде өзүнүн орду бар. Соода-сатык баары бир жүрөт. Экономиканы мурдагы калыбына келтирүү үчүн өкмөт аракет кылып жатат. Орусияда вакцина чыкканы кабарланбадыбы. Ошол массалык түрдө кирип калса, келерки жылдын башында болбосо да, жарымдаганда экономика калыбына келет деп ойлойбуз. 2021-жылы жок дегенде оң көрсөткүчкө чыгып алсак, анан 2022-жылы кайра өсүүгө бет алабыз. Бирок баары вакцина канчалык бат сыналып, канчалык деңгээлде тез пайдаланууга кирет, бардыгы ошол нерседен көз каранды»,-деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жылдын биринчи кварталында курулуш тармагында да 7,4 пайыз төмөндөө байкалды. Дүң жана чекене соода тармагы - 13,8 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,3 пайызды түздү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG