Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Кыргыз экономикасын эң оор жыл күтүп турат


Карантиндеги Ош.

2020-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 1,5 % өстү – көрсөткүч Кумтөр алтын кениндеги алтын өндүрүшүнүн эсебинен болду.

Өлкөнүн ири шаарларына карантин марттын аягында киргизилди, ошондон биринчи үч айлык аз да болсо өнүгүү менен жыйынтыкталды. Мындан аркы абал кандай болорун айтыш кыйын.

Кыскача маалымат:

  • 2020-жылы республикалык бюджеттин кирешеси эсеп боюнча 163 млрд. сомго жетиши керек. Өкмөт эмитен эле бюджет болжолуна 30 млрд. сом жетпей каларын айтууда, ошол эле кезде чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүп баратат;
  • товарларга баа кескин көтөрүлүп кетти – биринчи үч айлыкта инфляция 2,7% түздү;
  • 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы 4% төмөндөй турганы күтүлүп жатат, мындай абал 1995-жылдан бери боло элек болчу;
  • бизнестин баары токтоду, казынага салык түшпөй калды, Финансы министрлигинин болгон аракети кайсы жерден карыз табуу болуп калды;
  • мамлекеттин карызы өсүүдө;
  • эмдиги 2021-жылы экономика калыбына келип, өнүгүүгө бет аларбыз деген үмүт бар.

Баары жаманбы?

Кайсы бир деңгээлде. Кыргызстан 1998-жылдагы жана 2008-жылдагы каржы кризисинен, 2005- жана 2010-жылдардагы ыңкылаптардан көп кыйналбай жеңил өткөн. Оор абал эгемендикке жаңы жеткен жылдары болду.

Эл аралык Валюта Фонду быйыл Кыргызстан ИДПсы 4% төмөндой турганын болжолдоп турат. Жалпы дүйнөлүк көрсөткүчкө салыштырмалуу бул өтө төмөн. Дүйнөлүк экономикадагы төмөндөө 3% болжолдонууда.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанга өзгөчө оор болгону турат. Түркмөнстан менен Өзбекстандын экономикасы бир жылда 1.8 %, Тажикстандыкы – 1 % өнүгөрүн ЭВК ушу тапта болжолдоп отурат. Кризистин кээрин Казакстан да анча тартчудай эмес, төмөндөө 2,5% түзөрү айтылууда.

Кыргызстанда болгон ишкердик жабыркаганы турат. 2020-жылдын мартында өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда өнөр жай өндүрүшү 17,2% төмөндөдү.

Анын ичинен:

  • пайдалуу кен казып алуу -1,2%;
  • кайра иштетүү өнөр жайы -13,1%;
  • электр энергиясы, газ, буу жана абаны тазалоону камсыз кылуу-31,5%;
  • иче турган суу, акыр-чикирлерди тазалоо, кайра иштетүү, ошондой эле иштетилген сырье алуу -15,5%.

Азырынча тейлөө кызматы мигранттардан келе турган акча тууралуу маалыматтар жарыя кылына элек, сырттан келе турган акча кыйла азаяры болжолдонууда.

Өкмөт ансыз да жетишпеген бюджет жыл аягында күтүлгөн акчаны 30 миллиард сомго аз аларын эсептеп чыкты (163 миллиард сом алынышы керек болсо болжол менен 133 миллиард түшүшү ыктымал). Жугуштуу оору кетпей туруп алса, мындай эсептер дагы көп жасалышы мүмкүн.

Бардык жерде баалар кескин көтөрүлүп кетти. 2020-жылдын январы менен мартында инфляция 2,7% түздү. Бишкектиктерге кыйла оор түшүүдө, үч айдын ичинде баалар 3,5% көтөрүлдү. Айрыкча ширелүү суусундуктардын баасы кыйла кымбаттады (5,2%).

Эмне кылыш керек?

Жардам сураш керек. Кыргызстанда болочокто кездеше турган кыйынчылыктардан кыйналбай өтүп кетчү каражатын бир жерге чогултуп койгон кору жок. Тапкан кирешесинен чачкан кирешеси көп, ошондуктан жыл сайын бюджет жетишпестиги менен кабыл алынат, жетишпеген акча жаңы алчу карыздардын эсебинен жабылат.

Президент менен өкмөт жыйырмага жакын эл аралык уюмга кайрылышты, суралып жаткан каржынын өлчөмү миллиард доллар, бул акча Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн тең жарымы.

Финансы министрлиги мындай деп түшүндүрүүдө: Азыркы күнгө биздин өлкөдө бизнестин баары ишин токтотту […] Каржы министрлиги жагдайды жакшы жагына оодаруу үчүн зарыл иш-чаралардын баарын жасап жатат. Ошондой иштердин бири негизги эл аралык каржы институттарынан, донор өлкөлөрдөн болушунча узак убакытка эң арзан делген гранттар менен кредиттерди тартуу.

Кайтарымдуу жардам:

ЭВФ 120,9 млн. доллар бөлдү, жылдык үстөгү - 0,7%. Акчанын 70% - 5 жылга берилет, калган 30% -10 жылга;

Дүйнөлүк банк - 12,15 млн. доллар 38 жылга, жылдык үстөгү - 0,75%. Бул акчанын жарымы гана кайтарылат, калганы грант түрүндө;

Азия өнүгүү банкынан 32 жылга 100 млн. доллар суралып жатат, жылдык үстөгү - 1%;

Европа өнүгүү жана реконструкция, Ислам өнүгүү банктарынан, Евразия турукташтыруу жана өнүгүү корунан жүздөгөн миллион долларлар 10 жылга же андан узак мөөнөткө, жылдык үстөгү төмөн каражат суралууда.

«Айрым маалымдоо каражаттары биздин өлкө колун сунуп эле карыз сурап жүрөт деп жазышууда. Коронавирус 200дөн ашуун өлкөгө жайылды, азыр өлкөбүз эл аралык каржы институттарынын көмөгүнө муктаж. Мисалы, 80 өлкө ЭВФ илгиртпей карыз алууга жетишти. Ошондуктан биз деле дүйнөлүк жамааттын мүчөсү катары ошондой каржылык колдоо суроого акылуубуз», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

ЭВФ аналитиктери Кыргызстан экономикасы эмдиги 2021-жылы турукташып, ИДП өнүгүшү 8% чыгышы мүмкүн экенин болжолдошууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (99)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG