Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 13:59

Өкмөт чектөөлөрдү жумшарткысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өзгөчө абалдын экономикага тийгизген таасири, анын кесепетин азайтуу жолдору талкууланып жатат.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында Бишкек баштаган төрт район жана төрт шаарда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Бул режимге ылайык, аталган аймактарда азык-түлүк, дары-дармек, байланыш сыяктуу тармактан башка көпчүлүк ишканалардын ишмердиги токтогон.

Кыргыз бийлиги карантин узарган шартта айрым тармактарда ишмердикти жандантуу маселеси каралып жатканын билдирди.

Муну президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде парламентте сүйлөгөн учурда ырастады:

“Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, абал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында айрым субъектилерге уруксат берүү мүмкүнчүлүгү каралат”.

Буга чейин Коронавируска каршы республикалык штаб өлкө аймагында өзгөчө абал аяктагыча ачылбай турган жайлардын тизмесин жарыялаган. Алардын арасында бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейинки бардык билим берүү мекемелери, оюн-зоок жайлары, соода борборлору, ири базар жана дүкөндөр, бар, түнкү жана оюн клубдары, театр, музей жана кинотеатрлар киргизилген.

Эми болсо кайсы тармакта иштеген ишкана же жарандарга уруксат берилери ачык айтыла элек.

Илдетке каршы республикалык штабдын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов учурда мындай сунуштар каралып жатканын жана аягына чейин чечим кабыл алына электигин айтууда:

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

“Жашоо токтоп турбайт, эл жашаш керек. 20 күндөн бери туруп калышты. Биз азыр айрым тармактар боюнча жеңилдетсекпи деп карап жатабыз. Эшикке чыкпагандай кылып, бир топ тармактардын иштешине жол беришке туура келеби деген ой бар. Биз аны ойлонуп жатабыз. Акыркы чечим эмес. Бардык чечим абалдын оңолушуна жараша кабыл алынат”.

Боронов учурда коронавирустун мизи кайта электигин, ошондуктан бул жаатта абдан ойлонулган чечимди кабыл алуу зарыл экенин белгилеп жатат.

Бирок 15-апрелде өлкөдөгү акыркы абал парламентте каралган учурда бир катар депутаттар экономиканы сактап, жарандар кыйын абалга кептелбеш үчүн айрым тармактарда иштөөгө уруксат берүү зарылдыгын айтып чыгышты. Алар курулуш материалдарын жана автотетик саткандарга уруксат берүүнү, чачтарач жана автоунаа ондоочу жайларды ишке киргизүүнү сунушташты.

Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков санитардык эрежелерди бекем сактоо менен ишкерлерге уруксат бербесе экономикалык абал начарлайт деген пикирде:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

“Оору таратуу мүмкүнчүлүгү аз бизнестер жөнүндө кеп болуп жатат. Мисалы, Кыргызстанда чакан тигүү цехтери, автоунаа оңдоочу жайлар болобу же чачтарачтарбы иши кылса адамдар бири-бири менен аз байланышта болгон жайларга акырындап уруксат берүү маселеси каралса болот. Болбосо, бир айдан бери жумушу токтоп калган жарандарды иш менен камсыз кылып, алардын жан багып кетишине шарт түзүү көйгөйү турат”.

Дал ушундай пикирди колдогон ишкер Тилек Токтогазиев өкмөт бул жаатта ойлонулган жана чечкиндүү чараларга барбаса, күнүмдүк оокатын күндө тапкан адамдарга оор болуп жатканын билдирди:

“Азыр күнүмдүк такси айдап, тигүү цехтеринде же кафе-ресторандарда иштеп тыйын тапкандар өз жанын бага албай калышты. Кырдаал курчуп бара жатат. Ушундай улана берсе коронавирустан эмес, ач калуудан корккон адамдар сыртка чыга башташы мүмкүн. Ошондуктан, бул жаатта реалдуу чечимдерди кабыл алуу керек”.

Учурда өкмөт колунда жок жарандарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүлүп жатканын жарыялап жатат. Бирок бул жетишсиз экени айтылууда. Ошол эле кезде коронавирусту толугу менен ооздуктамайынча, элдин эшикке чыгышына уруксат берүү туура эмес дегендер арбын.

Мурдагы финансы министри Марат Султанов учурда эң башкы максат эпидемиологиялык абалды оңдоо болушу керек экенин белгиледи:

Марат Султанов
Марат Султанов

“Негизги тарыхка көз салышыбыз керек. Мисалы, өткөн кылымдын 17-18-жылдары “испанка” деген вирус жайылган. Ал учурга көз салсак, вируска каршы катуу чараларды көрүп, карантин киргизгендер башында уттурушса да, кийин утуп кетишкен. Мисалы, быйыл Кытай деле эки ай баарын жаап, бир топ чыгымга учурады, бирок азыр туура болгону көрүнүп жатат. Ошондуктан, бул жагынан карантиндин чараларын колдоп турушубуз керек. Бирок адамдар менен товарлардын кыймылын бөлүп, товарлардын эркин өтүшүнө шарт түзүү зарыл”.

Бийлик да ушул көз карашка ыктап турганы байкалат. Коронавирус пандемиясынан улам бир топ мамлекеттер каратин киргизген.

Алардын айрымдар талаптарды жеңилдетип, айрым тармактардын иштешине уруксат берди. Маселен, коңшу Казакстан өзгөчө абалды апрелдин аягына чейин узартканына карабай Нур-Султан жана башка ири шаарларда курулуш, айрым өнөр жай, тейлөө ишканалары ишин жандантарын жарыялады.

Өзгөчө абал: Экономика эмне болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:36 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG