Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Президент өкмөттүн иши үчүн жооп берди


Парламент.
Парламент.

Парламент Кыргызстандын айрым аймактарындагы өзгөчө абал режимин дагы 15 күнгө узартууну колдоду.

Жогорку Кеңеште сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков бул чара аргасыздан болгонун белгилеп, алдыда коронавируска чалдыккандардын саны дагы көбөйө турганын ачык айтты.

Өкмөт буга чейинки карантин убагындагы жыйырма күн ичинде эмне иш кылды? Эми он беш күндө илдетти ооздуктоого чамасы жетеби?

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалдын айынан өлкөнүн экономикасы олуттуу зыян тартып жатканына карабай, жарандардын ден соолугу, өмүрү үчүн карантинди узартуу керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

“Адистердин айтымында, оору жугузгандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, бейтаптардын саны карантин киргенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган. Биздин адистердин анализи боюнча Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү - апрель айынын экинчи жарымына туура келери болжолдонуп жатат”, - деди президент.

Парламент оору көп катталган аймактардагы өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу жана ага айрым региондорду кошуу боюнча президенттин жарлыгын колдоп берди.

Жыйында айрым эл өкүлдөрү өкмөт 25-марттан бери кандай иштерди жасаганына кызыгышты.

Маселен, «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат Марлен Маматалиев “өзгөчө абал режими, үй карантиндери сакталбай жатат” деп сындады. Маматалиев мындай кемчиликтер кайталана берсе, карантин дагы узарып кетерин эскертти.

“Чынында таанышы барлар, уруксат алып иштеп жүрүшөт. Ар кандай механизм менен каалганын кылышат. Экинчиден, үй карантиндери иштеген жок. Күмөн санагандын баарын изоляцияга жаткырбайлыбы? Мисалы, менин кошунам үй карантининде болчу. Көчөдө эле жүрдү. Аида Жекшенбаевна азыр президент айткандай ар бир мүнөт баалуу, көзөмөлгө алгыла”, - деди депутат.

Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жооп берип, депутат айткан кемчиликтерди моюнуна алды. Бирок Боронов өлкөдөгү өзгөчө абалдан пайдаланып, илдеттин жайылышын алдын алууга бир топ иштер жасалганын белгиледи. Ал иштердин негизгиси деп төмөнкү жүйөнү атады.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

164 адам коронавирусту сырттан жугузуп келген. Үч жуманын ичинде аларды эч жакка чыгарбай кармап калууга өзгөчө абал режими жардам берди. Эми экинчи этабында айрым өзгөчө абалдын чектөөлөрүн жеңилдетүү каралып жатат. Анткени жыйырма күндөн бери бир топ иш токтоп калды”.

Боронов өзгөчө абал режиминин экинчи мөөнөтүндө кайсы тармактардагы чектөөлөргө жеңилдиктер каралары изилденип жатканын кошумчалады.

15-апрелдеги парламент жыйынында үч вице-премьер-министр депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Исхак Масалиев “өкмөт башчы буга чейинки иштер боюнча отчет бериши керек эле” деп, премьер-министр парламентке келбей койгонуна нааразы болду. Борбордук трибунага чыгып сүйлөөгө уруксат алган депутат дарыгерлердин айлык маселеси, ишкерлерди колдоо боюнча өкмөттүн программасын ачык эмес деп сындады. Масалиев өлкөдөгү кырдаалды парламент толук көзөмөлгө алышы керек экенин белгилеп, төрөганы милдеттерин так аткарууга чакырды.

“Штабдын жетекчиси, өкмөт башчы президентке эмес, башка мамлекеттердин алдына отчет бербей төрагага маалымат бериш керек. Ошондо чыныгы парламенттик өлкө болобуз. Эгерде ага барбасак, төрага өз милдетин так аткарды деп эсептебейбиз. Мен анын кызматтан кетишин сунуш кылбайм, эгерде туура тапса, өзү бошотуп бермек”, - деди эл өкүлү.

Масалиев парламенттин атынан илдеттин алдын-алууда мамлекеттин даяр болбой калганы үчүн жалпы журттан кечирим сурады.

Кыскасы, 15-апрелдеги парламент жыйынында депутаттар коомчулукта, массалык маалымат каражаттарында айтылган бардык көйгөйдү көтөрүштү. Өкмөт мүчөлөрү жалпылап айтканда “эске алынат” деп жооп берип жатышты.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бирок, эл өкүлдөрүнүн “25-марттан бери өкмөт эмне иш кылды” деген суроосуна жалпы жыйындын башында сүйлөгөн президент жооп бергендей болду.

Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жугуштуу илдет менен күрөшүүдө, анын экономикалык кесепеттерин жоюуда бийлик болгон аракетин кылып жатканын, өлкөдөгү кырдаал толук көзөмөлдө экенин билдирди. Президент өкмөт каржылык жактан эл аралык өнөктөштөргө үмүт артып жатканын кошумчалаган.

Бирок, март айында президент катышкан Коопсуздук кеңешинин жыйындарында дагы ар кандай чаралар боюнча тапшырмалар берилгени, абал көзөмөлдө экенин кабарланган. Бирок, өлкөдө коронавирус илдети аныкталгандан кийин штабдын ишиндеги кемчиликтер болгону айтылып, бакыйган вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри кызматтан айдалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG