Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:29

Кыргызстан: Өзгөчө абал 30-апрелге чейин уланмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылган. Муну адистер оорунун жайылышы туу чокусуна жете электиги менен негиздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG