Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Президент өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартты


Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Бул өлкөдө эпидемиологиялык абал азырынча оор болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, айрым аймактарда киргизилген өзгөчө абал дагы эки жумага узартылмай болду. Атап айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Эми аны парламент 15-апрелде бекитиши керек.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин эки комитети коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Парламентте депутат Чыныбай Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдай өзгөчө абалды жоюуга азырынча жол бербей турганын айтты:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Оору азайган жок, ошондуктан азырынча алмаштыра албайбыз. Илдет жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз дагы эки жумага чейин өзгөчө абалды улантууну мамлекет башчыга сунуш кылдык».

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Президент Сооронбай Жээнбековдун дагы бир жарлыгына ылайык, өзгөчө абалдын эрежелери 15-апрелден тартып эми Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да киргизилип жатат. Нарында COVID-19 илдети катталгандар акыркы күндөрү көбөйүп, жалпы саны 34 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель болот деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби, оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдеттин алдын алуу иштерине өтөт элек», - деди ал.

Өлкөдө 14-апрелде коронавирус жуккан дагы 11 жаңы учур катталып, ооруну жугузгандардын жалпы саны 430 адамга жетти. Ал эми анын 18% дарыгерлер. Ошондуктан депутаттар өкмөттү элди коронавируска жапырт текшерүүгө, ал эми министрликти жеке менчик лабораториялардын жардамын алып иштетүүгө чакырышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мындай деди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Элди коронавируска жапырт текшерүүгө шарт түзүш керек. Жогорку Кеңеш жеке менчик лабораторияларга элди жапырт текшерүүгө уруксат берген. Азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатат. Эгерде адам өлүмү көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголушу мүмкүн».

Жогорку Кеңештеги талкууда мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартуу маселесин бир катар башка да депутаттар көтөрүп чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мурунку саламаттык сактоо министрин «коронавирус илдетинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөн жок» деп сындады:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Бизде азыр согуштук кырдаал - өзгөчө абал жарыяланып отурат. «Ушундай шартта шалаакылык кылып, тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай, оорунун жайылып кетишине жол берди» деп кылмыш жоопкерчилигине тарткыла. Прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек. Азыр бизди вирус эмес, кайдыгерлик, шалаакылык жок кылат».

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин парламент комитетинде билдиргени боюнча, мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн прокурорлук эскертүү берилген.

«Андан тышкары да бир нече эскертүүлөр берилген. Комитет чечимдеринин негизинде сунуш берсеңер прокуратурада карайбыз», - деди Нурлан Дүйшөмбиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-апрелде кызматтан кеткен. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы алар коронавирус илдетинин алдын алууда бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеген. Мурдагы жетекчилер өздөрүнө коюлган дооматтар боюнча жүйөсүн айта элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG