Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

COVID-19 жуккандар 1,85 миллиондон ашты


Испания. 12-апрель, 2020-жыл.
Испания. 12-апрель, 2020-жыл.

Дүйнөдө COVID-19га чалдыккан адамдардын саны 1 миллион 850 миң кишиден ашты, 114 миңден көбү көз жумду. Кытайда коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштады. Алардын басымдуу бөлүгү - чет жактардан кайтып келген кытайлар.

Өткөн дем алышта АКШ COVID-19 илдетинен көз жумган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Жон Хопкинс университети соңку 24 саатта өлкөдө дагы 1 514 бейтап өлгөнүн, ошону менен оорудан жан бергендердин саны 22 миңден ашканын маалымдады. Буга чейинки күндөрү каза болгондор 2 миңге чейин жетип турган. Дүйшөмбүгө карай өлкөдө 557 миңден көп киши вирусту жугузуп алды.

Нью-Йорк шаары. 10-апрель, 2020-жыл.
Нью-Йорк шаары. 10-апрель, 2020-жыл.

Эң аянычтуу абал Нью-Йорк штатында сакталууда. Штатта коронавирустан 9 миң киши каза тапса, анын 7 миңдейи Нью-Йорк шаарына туура келет.

Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны 1 миллион 850 миң кишиден ашты, 114 миңден көбү көз жумду. Бул статистикада Италия АКШдан кийинки экинчи орунда, андан кийин Испания жана Франция келатат.

Бирок Европанын бул өлкөлөрүндө өлгөндөр да, илдет жуккандар да азайганы байкалууда. Испанияда дүйшөмбүдөн тартып айрым катаал чектөөлөр четинен алына баштады.

Ошондой болсо да бийлик өкүлдөрү вирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизилген бардык чараларды сакташ керек экенин эскертип келатышат.

Жекшембиде британ премьер-министри Борис Жонсон ооруканадан үйгө чыгарылды. Бирок өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө кала бермекчи.

Борис Жонсон дарыгерлерге рахмат айтты. Лондон, 12-апрель, 2020-жыл.
Борис Жонсон дарыгерлерге рахмат айтты. Лондон, 12-апрель, 2020-жыл.

«Бир жумадан кийин мен бүгүн ооруканадан чыктым, - деди ал. - Улуттук саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери менин өмүрүмдү сактап калышканы айтпаса да анык. Аларга ыраазылыгымды билдириш үчүн сөз жетпейт. Бирок адегенде ушундай кыйын абалда ар бириңер жасап жаткан аракетиңер үчүн алкыш айткым келет».

Премьер дарыгер, медайымдар гана эмес, оорукананын бардык кызматкерлеринин - имаратты жыйнап-тазалагандардын, ашпоздордун, рентгенологдордун, фармацевттердин - коронавируска каршы күрөштөгү эрдигине күбө болгонун белгиледи.

Жонсондун вируска чалдыкканы марттын аягында аныкталып, бир нече күндөн кийин абалы начарлаганда ооруканага жаткырылган.

Ал эми пандемия алгач башталган Кытайда жекшембиде коронавирус аныкталган 108 киши катталды. Бул алдыңкы беш аптадагы эң чоң өсүш. Саламаттык сактоо министрлиги жаңы инфекциялангандардын басымдуу көпчүлүгү - 98 киши - чет жактардан кайтып келгендер экенин билдирди. Бээжин коронавирустун өлкө ичинде тарашына бөгөт коюп, бир топ аракет кылган. Жакында эпидемиянын очогу Хубей провинциясындагы Ухань шаарында, башка жерлерде карантин аз-аздап алынып, экономика, кадимки турмуш калыбына келе баштаган.

Эми болсо вирустун экинчи толкуну капташы мүмкүн деген кооптонуу пайда болду. Илдетти чет өлкөлөрдөн жугузуп алган жогорудагы 98 кишинин жарымы Орусиядан кайтып келген кытайлыктар болгондуктан эпидемияга каршы күрөштүн чордонунда Владивосток баш болгон Ыраакы Чыгыш федералдык чөлкөмү менен чек ара аймагы болуп калды.

13-апрелде Кытайда жалпы инфекциялангандардын саны 82 160 киши болгону маалымдалды.

Орусияда болсо соңку суткада коронавирустун дагы 2 558 учуру катталды. Алардын басымдуу бөлүгү Москвадан табылды. Ооруп калгандардын жалпы саны 18 328 киши болду.

Вирус жугузуп алгандар ылдам көбөйгөн дагы бир мамлекеттин - Түркиянын чоң шаарларында жекшембиде эки күндүк коменданттык саат аяктады.

Чечим тууралуу чукул эле, жума күнү кечинде жарыяланган. COVID-19га өлкөдө 50 миңден ашуун киши кабылган, өлгөндөрдүн саны 1200гө жетти.

Рим папасынын Пасхадагы салттуу кайрылуусу. Ватикан, 12-апрель, 2020-жыл.
Рим папасынын Пасхадагы салттуу кайрылуусу. Ватикан, 12-апрель, 2020-жыл.

Пандемиядан улам жекшембиде дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги католиктер Пасханы үйлөрүндө майрамдашты. Чиркөөлөрдөгү диний жөрөлгөлөр телеканалдардан же Интернеттен көрсөтүлүп турду.

Адатта он миңдей киши чогулган Ватикандагы Ыйык Петр соборуна бир ууч адам гана барды.

Ошол эле күнү италиялык тенор Андреа Бочелли ээнсиреген Миландагы кафедралдык чиркөөдөн «Үмүткө жетелеген музыка» деген концерт тартуулады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG