Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Ватиканда диний майрам эл жок белгиленди


Европа өлкөлөрүндөгү христиандар Пасха майрамын 12-апрелде адаттан сырткары белгилешти. Католик христиандардын диний борбору саналган Ватикандагы Ыйык Перт сарайында Пасха эл жок белгиленди.

Динчилдерге онлайн кайрылган Рим папасы Франциск азыркыдай оор кырдаалда бүткүл дүйнөлүк тилектештикке чакырды.

Франциск Пасха майрамына карата элсиз бош залда туруп кайрылды. Анын коронавируска каршы күрөштө бүт дүйнөнү биригүүгө, бүт адамзатты тилектештикке чакырган сөзү Интернет аркылуу түз чагылдырылды.

«Азыр кайдыгерликтин мезгили эмес. Анткени бүт дүйнө азап чегип, биригүүгө муктаж болуп турат. Азыр «менин оюм гана туура» деген эгоцентризмдин убагы эмес. Коронавирус - жалпы адамзаттын мүшкүлү», - деди ал.

Рим папасы «Евробиримдик ыдырашы мүмкүн» деген пикирлерге жооп кылып, буларды айтты:

«Кайдыгерликке, өзүмчүлдүккө негизделген бөлүнүү тууралуу сөздөрдү унутчаактык деп кабыл алабыз. Биз бул сөздөргө тыюу салгыбыз келет».

Адатта Рим папасы жыл сайын Пасхага карата түмөндөгөн эл чогулган аянтка чыгып элге кайрылчу. Быйыл христиан динин тутунган дээрлик бардык өлкөлөрдө Пасха элсиз белгиленди.

Ал арада коронавирустун айынан АКШда саясий жаңжал от ала баштады. «New York Times» гезити атайын иликтөө жүргүзүп, коронавирус илдети Америкага жайылышы мүмкүн экендиги тууралуу атайын кызматтар январь айынын башында эле президентке маалымат беришкенин жазып чыкты. Бирок басылма Дональд Трамп ал маалыматтарга көңүл бурбай койгонун жарыялады.

Учурда АКШда илдетке кабылгандардын жалпы саны 528 990 адамга жетти. Акыркы бир сутка ичинде илдеттен 1 708 адам каза болду. COVID-19 АКШга жайылгандан бери жаңы вирустан каза болгондордун жалпы саны 20 миң адамдан ашып кетти. Ага байланыштуу ишембиден тартып АКШнын бардык штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Карантин режиминен улам акыркы апталарда 16 миллиондой америкалык жумушсуз калды.

Ал арада Орусияда илдет жуккандар тездик менен көбөйүп жатканы, акыркы бир суткада андан 14 адам каза болгону кабарланды. Орусиянын коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабы «каза болгон адамдардын баарында коронавирустан тышкары кант диабети, жүрөк оору сыяктуу эски дарттары бар болчу» деп билдирди.

Ошентип, Орусияда коронавирус жуккандардын саны 13 584 адам болду. Анын ичинен 1 667 адам акыркы бир суткада аныкталды. Бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 106 адамга жетти. Штаб уюк байланыш операторлорунун маалыматына таянып, 10-апрелде Москва шаарында эле 3,5 миллион адам карантин талаптарын бузганын, аларга айып салынганын билдирди.

Ал эми кошуна Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө илдет жуккандардын жалпы саны 12-апрелдин кечинде 951 адамга жеткенин жарыялады. Анын ичинен ону кайтыш болду.

Өзбекстанда болсо илдет чалган адамдардын саны 833 адамга жетти. Анын ичинен төрт адам көз жумган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG