Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Карантин жакыр өлкөлөргө сокку урду


Индиядагы мигранттар
Индиядагы мигранттар

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (6-12-апрель).

“Foreign Policy” журналына Йель университетинин окумуштуулары Ахмет Мушвик Мобарак жана Захари Бэрнетт Хаувеллдин жакыр өлкөлөрдөгү социалдык обочолонуунун тийгизген таасирине байланыштуу талдоосу жарыяланды.

Акыркы эрежелерге ылайык, карантин бай өлкөлөрдө коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкону менен, кирешеси аз мамлекеттерде бир топ адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

Эпидемиологиялык божомолдор боюнча, социалдык обочолонуу болбосо вирус миллиондогон өмүрдү алып тынат. Бирок анын экономикалык кесепети адамзатына андан да коркунучтуу таасир этет. АКШ, Европа сыяктуу бай өлкөлөр жарандарын үйүнө камаса да, алардын кирешеси кайсы бир деңгээлде сакталып турат. Бирок Бангладеш, Нигерия сыяктуу кедей өлкөлөрдө күнүмдүк киреше менен гана жан баккан эли жокчулуктан, ачарчылыктан, оорулардан көп каза табышы ыктымал.

Падышалык коллеждин COVID-19 боюнча жасаган эпидемиологиялык анализи боюнча, бул вирус Бангладеш элинин 0,39%, Сахара чөлкөмүндөгү африкалыктардын 0,21%, ал эми АКШ баштаган өнүккөн өлкөлөрдүн калкынын 0,8% алып тынышы ыктымал.

Ал арада карантин АКШда 1,3 миллион, Германияда 426 миң адамдын өмүрүн сактап калат деп эсептелген. Ал эми Пакистанда 182 миң, Нигерияда 102 миң гана киши карантинден улам тирүү калышы мүмкүн. Индияда ачка түмөндөгөн адамдар таштанды челектерди аңтарып, тамак издеп жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча программасынын маалыматтарына ылайык, жакыр мамлекеттерде 16 пайыздан 37% пайызга чейин эл тамак-аш тартыштыгынан жабыркоодо. Мындай өлкөлөрдө социалдык обочолонуу таптакыр ишке ашпай жатат. Уханда вирус башталганда эл карантинге алынганы менен азык-түлүк менен камсыз болуп, салык төлөөдөн бошотулган.

Европанын айрым өлкөлөрү, АКШда да дал ушундай чаралар көрүлүүдө. Бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калктын басымдуу бөлүгү көмүскө иштегендиктен, алардын кирешеси да, чыгашасы да ачык эмес. Айрыкча социалдык коргоосу өнүкпөгөн мамлекеттердин бийлиги бул көйгөйдү чечүү үчүн санариптик техниканы колдонушу керек. Гуманитардык жардам таркатып, мобилдик операторлор акчаны телефон аркылуу которууга өткөнү дурус болот.

Латын Америкасы, Чыгыш Азия, Африканын лидерлери элди коргоонун карантинден башка да жолдорун издеши керек. Маселен, ишканаларды жаппай, ал жакта санитардык нормаларды сактоо, жумушчуларды беткап, коргонуучу каражат менен камсыздоо, кары-картаңдарды, оорулууларды гана изоляциялоо, оорунун жайылуусун шарттаган ар түрдүү таза эмес көндүмдөрдү токтотуу менен элди толук карантинден чыгарса болот" деп жазышты авторлор.

Коронавирус мигранттарга азап болду

“The Diplomat” журналына Арууке Уран кызынын борбор азиялык мигранттардын оор абалына арналган макаласы чыкты. “COVID-19 Орусиядагы мигранттарды азапка салып, аларга болгон кайдыгер мамиленин бетин ачты.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Мындай оор кырдаалда “жарандык” деген түшүнүктүн мааниси жогорулаганы менен айрым өлкөлөр мигранттарды бөлүп-жарбай эле мамиле кылууда. Мисалы, Португалияда чет элдиктер жана өз жарандары деп бөлбөй, медициналык, социалдык жактан баарын тейлөө ишке ашып жатат.

Орусияда кырдаал таптакыр башкача. Жабылган чек ара, токтогон аба каттамдары, ишсиз калган мигранттар өз өлкөсүнөн да, Орусиядан да жардам албай жатат. Орусияда жүргөн жүздөгөн борбор азиялыктар бир нече апта бою оору жугуу коркунучу абдан жогору, кир аэропорттордо жашашты. Аларды орус полициясы күч менен айдап чыккан учурлар да болду. Бул көйгөйдөн улам Орусияда мигранттарды “төмөнкү даражадагы адам” катары кабылдоо түшүнүгү жаралды.

20-30 жылдан бери Орусияга Борбор Азиядан 4,2 миллионго чейин жумушчу күчү барып, иштеп жаткан. Алар Борбор Азиядагы жакырчылыктан азап тарткан туугандарына акча салып турушат. Москванын өзүндө эле 3 миллиондой мыйзамсыз иштеген мигрант бар. Бирок коронавирустан улам мигранттар ишинен айрылып, чек арада, аэропортто мекенине кайта албай калышты. Айласы кеткенде орус президенти Владимир Путинден жардам сурап видео кайрылуу жасашты. Бирок орус бийлиги мигранттарга карата ар дайым жазалоочу тартипте иштеп келет”, - деген ойдо автор.

Пандемия качан, кантип бүтөт?

“World Economic Forum” басылмасы Бельгиянын вирусологу, Антверпендеги тропикалык оорулар институтунун вирусология кафедрасынын мурдагы жетекчиси Гвидо Ванхамдан COVID-19 пандемиясы качан, кантип бүтөрүн сурады. Окумуштуунун айтымында, бул оору эч качан бүтпөйт.

Качан гана ага каршы вакцина иштелип чыгып, ар бир кишиге сайылмайын анын аягы көрүнбөйт. Бирок бул процесс көп жылдарды талап кылат. Ага чейин бул вирус кала берет, кыш келген сайын чыгып, жайга чейин адамды кыйнай берет.

Мындай эпидемиялар мурда деле болгон. Элдин 50 пайызына жуккандан кийин анын күчү улам басаңдап, кадимки сасык тумоодой эле дене табынын жогорулашы менен билинип калат. Адам барган сайын ага каршы антитело жаратат. Муну Кытайдын мисалында көрсө болот.

Вакцина чыкканы менен баары бир аны таптакыр жок кылуу мүмкүн эмес. Вирус адамдын иммунитетин сынап жатат, албетте жашы өтүп калгандар үчүн кооптуу. Коронавирустун генетикасы да толук изилдене элек. Илимпоз өсмө же кант диабети менен ооругандар үчүн коркунучтуу экени эми билинип жатканын айтты.

Онлайн соода кызыды

“Economist” басылмасы миллиондогон адамдар үйдө камалып жатканда Интернеттен тамак жасаганды көрсөткөн, ден соолукка байланыштуу кеңештерди берген, медитация, фитнесс жасаганды үйрөткөн сайттар көп окулуп жатканын жазды.

Бир эле “Zoom” аттуу видеоконференция жасаган шилтеменин кирешеси 40 миллиард долларга жеткен. Global Welness аттуу институттун изилдөөсүнө караганда, "Ютубдан" тамак жасаганга, сабак окууга, дене тарбия көнүгүүлөрүнө байланышкан видеолорду көргөндөр 15-марттан бери 600 пайызга көбөйгөн.

Британиядагы “Жон Льюис” дүкөнүндөгү онлайн соода беш эсе күчөгөн. Айрыкча йога менен машыга турган төшөнчүлөр даараткана кагазындай эле көп сатылууда.

Фитнесс тренер Жой Уикстин айтымында, анын "Ютубдагы" каналына эки аптанын ичинде жазылгандар миллиондоп артып, бир эле сабагын 15 миллион жолу көрүшүүдө. Карантинден мурда фитнесс сабактары Интернетке бекер эле коюлчу.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG