Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

COVID-19: Мобилдик тиркеменин оош-кыйышы


Грузиядагы коронавируска каршы мобилдик тиркеме.
Грузиядагы коронавируска каршы мобилдик тиркеме.

Кыргызстанда үй карантининде болууга милдеттүү жарандарга мониторинг жүргүзүү системасы ишке кирди. Бул мобилдик тиркемени иштеп чыккандар «система дарыгерлердин ишин жеңилдетет» десе, укук коргоочулар «маалымат коопсуздугун бузат» деген пикирлерин айтышууда.

Үй карантининдеги жарандардын жол картасын карап, комментарий берип жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Анда үй карантининде отурууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке киргени айтылат. Атайын тиркеме колдонула баштаганын 13-апрелде республикалык штаб да тастыктады. Аны Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштеп чыккан. Бул боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Адилет Абылов айтып берди:

«Жогорку технологиялар паркы мекемебиздин резиденти менен жаңы тиркеме чыгарды. Коронавирус жуккандар менен байланышта болгон жарандарыбыз телефонуна тиркеме койдурат. Ал аркылуу кайда турганын, кайда жүргөнүн көрсө болот. Биринчиден, тиркеме койдуруш үчүн ар бир жарандан милдеттенме алынат: телефонун дайым жанында алып жүрүп, GPSти, Интернетти өчүрбөш керек. Тиркемени койдуруу ыктыярдуу түрдө болот».

Адилет Абылов тиркеме апрелдин башында иштей баштаганын жана ушул тапта өлкө боюнча 1500дөн ашык адам колдонуп жатканын билдирди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети бул системаны Саламаттык сактоо министрлиги менен кошо ишке ашырып жатат. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева тиркеменин дарыгерлер үчүн пайдасы чоң болорун айтты:

«Мурда кагаз түрүндө болсо, бул тиркемеде электрондук анкета толтурабыз. Анкетаны толтургандан кийин да дарыгер аны каалаган жерден ачып, көрө алат. Коронавирус жугузган адам менен байланышта болгон адам анализ бердиби, анализи кандай чыкты – бүт маалыматтар ошол жакта болот. Андан тышкары азыр биздин дарыгерлер үй карантинине чыккандардын үйүнө барып жатышпайбы, «үйүндө отурабы, ал-акыбалы кандай» деп текшерип? Бул электрондук тиркеме менен ошонун баарын карап турса болот. Бул дарыгерлердин ишин кыйла жеңилдетет».

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында түрдүү тиркемелерди башка өлкөлөр да колдонууда. Мисалы, Кытайда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана башка ондогон өлкөлөрдө коронавирус менен күрөш үчүн ар кандай тиркемелер иштелип чыккан. Алардын айрымдарында бейтаптар дарыгерлерден кеңеш алышса, кээ бир тиркемелерде вируска кабылган адамдардын жүргөн жерлери картага түшүрүлүп, адистер аны көрө алат.

Грузия. Чөнтөк телефондогу коронавируска карата тиркеме.
Грузия. Чөнтөк телефондогу коронавируска карата тиркеме.

Программист Айкут Конушбаев «Кыргызстанда иштелип чыккан атайын ресурс колдонуучулар 100% жоопкерчиликтүү мамиле кылса гана натыйжалуу болушу мүмкүн» дейт. Бирок ал техникада мүчүлүштүктөр дайым болоорун да эске алыш керек экенин кошумчалады:

«Милдеттенме жазган учурда деле техникалык мүчүлүштүктөр көп болот. Телефон бузулуп калышы мүмкүн, байланыш жоголуп кетет, Интернет менен GPS дайым иштеп турса (телефондун кубаттуулугунун 20-30%ы кетет), телефондун кубаттуулугу бат түгөнөт. Кээ бир өлкөлөрдө телефону жокторго мамлекет өзү мажбурлап телефон берип жатыптыр. Бизде болсо бул жагы кандай болору белгисиз».

Ал эми «Интернет саясаты боюнча жарандык демилгенин» жетекчиси Татту Мамбеталиева бул мониторинг системасы адамдын жеке маалыматтарынын корголушуна каршы келет деген пикирде.

«Бул программа коронавирус менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк да бербейт, бир гана укук коргоо органдарына айып салууга негиз түзөт, - деди ал. - Программаны иштеп чыккан кызматкерлердин айтымында, андагы маалыматтарды дарыгерлер жана атайын ыйгарым укуктуу органдар гана көрө алат. Бирок ал атайын ыйгарым укуктуу орган деген ким өзү? Тактала элек. Анын үстүнө бул маалыматтар канча мөөнөткө сакталат же качан жок болот – көрсөтүлгөн эмес. Биздин мыйзам боюнча көп ыкмалары көрсөтүлбөгөндүктөн мындай маалыматты колдонуу мыйзам бузуу болуп эсептелет».

13-апрелге карата 947 адам обсервацияда жатат, оорулуулар менен байланышта болгондордун жалпы саны - 6899 киши.

Кыргызстанда 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн дагы узартуу сунушталууда. Бул маселе президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алган кезде талкууланган. Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербеш үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG