Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

ЕАЭБдин дараметин сынаган дарт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстан мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) коронавирус илдети менен күрөшүүдө бирдиктүү аракет кылбай жатат» деген сын айтылууда.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда пандемияга каршы күрөштө өз ара түшүнүшүү барбы? Оорунун кесепеттерин жоюуда мүмкүнчүлүктөр бар беле? Экономика тарткан зыяндын ордун кантип толтурууга болот? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Темир Сариев жана экономика министринин орун басары Элдар Алишеров катышты.​

«Азаттык»: - Элдар мырза, «дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБ бирдиктүү аракеттене албай жатат» деген сын көп айтылууда. Мындай сөздүн жөнү барбы? Болсо өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

Элдар Алишеров: - Мен мындай көз караштарга, сынга кошулбайм. Учурда коронавирус илдети ЕАЭБге кирген бардык мамлекеттерде күч алды. ЕАЭБдин алкагында үч баскычтуу кеңешме бар, ал вице-премьерлердин, премьер-министрлердин жана мамлекет башчылардын деңгээлинде иштеп жатат. Биздин өнөктөш мамлекеттердин вице-премьер-министрлери бир айдын ичинде эле төрт сыйра жолугушту. Премьер-министрлер болсо бир жолу, мамлекет башчылары бүгүн видеоконференцияда жолугушуп, актуалдуу маселелерди сүйлөштү. Бардык мамлекеттердин алдында ушул илдетке каршы бирдиктүү күрөшүү милдети турат. Кыргызстан өнөктөш мамлекеттер менен дары-дармек, медициналык жабдуу менен камсыз кылуу, аларды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү маселелерин карап жатат. Бул багытта салык, алым жагынан да жеңилдиктер каралууда. Эгер кайсы бир чектөөлөрдү киргизүү ниети болсо ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бири менен акылдашары, макулдашары да сүйлөшүлгөн. Бардык маселелерде бирдиктүү чечимдерди кабыл алуу макулдашылган. Аларды турмушка ашыруу максатында тиешелүү министрликтер башка мамлекеттердин органдары менен күн сайын сүйлөшүп, маалымат алмашып, иш алып барууда десем болот.

«Азаттык»: - Темир мырза, коронавирус жайылып жатканына байланыштуу эки айдан бери күрөш жүрүп жатат. Ага каршы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттеринен майнап, натыйжа болуп жатабы, сезилип жатабы?

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Темир Сариев: - Биз бул ЕАЭБ уюмунда болгондон кийин үмүт артышыбыз керек, ишенбесек анда иш чатак болот. Башка маселе - өзүбүз тараптан аракеттерибизди ыкчамдатышыбыз керек. Интеграциялык уюмдарда бюрократия күчтүү, убакыт күтүп турбайт, маанилүү чечимдер бир жерде кабыл алынбайт, бардык өнөктөштөр менен макулдашуулар болот. Азыр Орусияда, Казакстанда, Арменияда, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилди. Мына ушундай шартта чечимдерди тез кабыл алуунун жолдорун издеш керек. Бүгүн мамлекет башчылар видеоконференция өткөрүштү, өкмөттөргө тапшырмаларды беришти, аны алар аткарышы керек. Биринчиден, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, Орусия - өтө чоң жана таасирдүү мамлекет. Демек, ошого жараша лидерлик сапаты болушу керек эле. Экинчиден, мамлекет башчылардын жыйыны мындан бир ай мурда эле болуш керек болчу, бир аз кечигип өтүп жатат. Дагы бир маселе - «азык-түлүккө жашыл коридор» дейбиз, бирок айткан сөз башка, иш жүзүндө такыр башка жагдайлар чыгып жатат. Кечээ Казакстан ун менен буудайга чектөө киргизип, «суу майды сыртка алып чыгууга тыюу салабыз» деп жатат. Эгер ал ишке ашып кала турган болсо анын Кыргызстанга залакасы оор болот. Биримдиктин ортосунда мындай чектөөлөр болбошу керек. Биздин өкмөт күн-түн дебей бул багытта иштеши керек. Үчүнчүдөн, биздин Орусиядан келе албай жаткан мекендештердин маселесин чечиш керек. Канча күндөн бери аэропорттордо жатышат. Биздин өкмөт аларды алып келүүгө милдеттүү. Эгерде маселе вице-премьердин же премьердин деңгээлинде чечилбей жатса, мамлекет башчыбыз өз кызматташтарына түз байланышка чыгып, чечиши керек. Президенттердин кийинки жолугушуусу 18-майда болот. Эгер ага чейин маселе жаралса токтоосуз чыгып, маселени кабыргасынан коюш керек, чечиш керек. ЕАЭБди түзүп жатканда бардык мамлекеттер төрт эркиндикти: адам ресурстарынын, капиталдын, товардын, тейлөөнүн эркин жүрүшүн тандап алганбыз.

«Азаттык»: - Элдар мырза, кыргыз саясатчыларынын бири ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирус жугузуп алган кыргызстандыктар ошол мамлекеттерде бекер дарыланышы керек деп эсептейт. Болбосо андай келишимге жетиш керек экенин айтты. Бул канчалык ишке аша турган сунуш?

Элдар Алишеров.
Элдар Алишеров.

Элдар Алишеров: - ЕАЭБге кирген мамлекеттер ортосундагы келишимдерде алардын жарандары кайсы өлкөдө жашабасын, иштебесин ошол мамлекеттердин жарандарындай эле социалдык коргоо алынат. Биз кечээ ЕАЭБдин министрликтеринин деңгээлинде өткөн жыйында ушул маселени көтөрдүк. Биздин өнөктөштөр «бул биздин жаран, ал башка деп бөлбөйбүз, келишимдер аткарылат» деп бир ооздон ишендиришти. Ошондуктан бул жагынан кооптонууга себеп жок деп эсептейбиз.

Темир Сариев: - Мен биздин өкмөттөр көңүл бура турган 4 маселени айткым келет. Биринчиден, ЕАЭБде туруктуу иштеп жаткан комиссия бар. Андан ар бир өлкөдөн экиден болгондо 10 министр бар, алардын Координациялык кеңеши бар, ал ыкчам иштеши керек, чечимдерди тез кабыл алышы керек. Экинчиден, ЕАЭБдин Өнүктүрүү банкынын акчасын туура, натыйжалуу колдонуу зарыл. Алган акчаны бюджетке салып жеп койбой, орто жана чакан ишкерликти өнүктүүгө жумшашыбыз керек. Үчүнчүдөн, товарлардын өтүшүнө «жашыл коридор» деп макулдашылды, аны так сактоону талап кылышыбыз зарыл. Төртүнчүдөн, ЕАЭБге кирген мамлекеттер ортосунда экономикалык кооперация түзүлүшү керек. Эгер ал болбосо биримдиктин келечеги бүдөмүк боло берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG