Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 15:20

Коронавирус экономиканы эңшергени калды


«Бишкек» эркин экономика аймагындагы (ЭЭА) ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус эпидемиясынан улам дүйнөнүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына карата божомол кескин начарлады. Кыргыз өкмөтү алгачкы талдоодо быйыл ички дүң өнүмдө өсүш болбой турганын, тескерисинче артка кетерин мойнуна алды.

Натыйжада ал бюджетке ири өлчөмдө таасир этчүдөй болуп турат. Бийлик быйыл өлкө казынасы 30 млрд. сомдой жоготушу мүмкүн экенин билдирсе, эксперттер бюджеттин жарымы, тагыраагы 85 млрд. сомдой каражат чогулбай каларын эскертүүдө.

Андай болсо бюджет тартыштыгы эмне менен жабылат? Экономиканы көтөрүш үчүн кандай чаралар зарыл? «Элдик экономика» берүүсү ушул темага арналды.

«Ички дүң өнүм артка кетет»

Албетте, коронавирус илдети дагы канчага созулары жана кандай масштабдагы кесепеттерге алып келери белгисиз. Ошол себептүү анын экономикага тийгизе турган таасирин эсептөө да эртелик кылчудай.

Ошентсе да конкреттүү мисалдардын жана реалдуу жагдайдын негизинде талдоого аракет кылып көрөлү. Бул үчүн бизге экономиканын түркүгү болгон жеке ишкерлер жардамга келет.

Алгач Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында базасы бар «Аселим» ишканасынын ээси жана жетекчиси Асел Алымбаеваны кепке тарттык. Анын компаниясы кийим жана башка нерселерди тигүү менен иш алып барат, бирок азыр шартка байланыштуу дээрлик токтоп калды.

Асел Алымбаева.
Асел Алымбаева.

«Илдеттен улам буюртма жок, иш жок. Орусиянын, Казакстандын жолу жабылды, авиа байланыш да жабылды. «Мадина» жабык, материал ала албайбыз. Натыйжада жумушчуларыбыз ишсиз калып жатат. Карантинде жол жабык болгондуктан аларды алып келе албайбыз, анан «чогулуп иштебегиле» деген талап бар. Бизге окшогон чакан бизнесте ижара жана башка чыгымдар бар да. Маселен, имараттын ээлери акы албай койбойт, биз жабылып турганыбызга карабай төлөп турганга аргасызбыз. Башкача айтканда биз киреше таппайбыз, бирок чыгымдар кете берет», - дейт ал.

Киреше жана өндүрүш демекчи, жалпы жыйынтыкта ал да быйыл кыйла азайышы мүмкүн. Көлөмүн ачык айтпаган менен ишкер бул багыттагы болжолун бөлүштү:

«Аселим» компаниясынын кызматкерлери. Коронавирус илдетине чейинки сүрөт.
«Аселим» компаниясынын кызматкерлери. Коронавирус илдетине чейинки сүрөт.

«Азыр эми өзгөчө абал мезгилинде кирешебиз 100% нөлгө түшүп калды десем болот. Карантин бүткөндөн кийин кайра бир аз чыйралып, иштей баштайбыз деңизчи, бирок баары бир мурдагыдай болбойт окшоп калды. Жыл жыйынтыгында менимче өндүрүшүбүз 70% кемийт окшойт. Азыр чыгымдарыбызды азайтып, кризистен кантип чыгып кетсек деп жатабыз. Негизи жайчылыкта 70-80дей кызматкерди иштетчүбүз. Эми натыйжалуу иштеген гана жумушчуларды алып калат окшойбуз. Кыскасы коронавирустун залакасы биздей ишкерлерге катуу эле тийди. Ал эми жалпылап алганда өлкө экономикасы да ылдыйласа керек деп ойлойм».

Кыргызстанда чакан жана орто бизнесте 12 миңдей ишкана болсо, анын жети миңден ашыгы Бишкек шаарына туура келет. Башка шаар, райондор менен кошо өзгөчө абал режиминде тургандыктан борбордогу көпчүлүк тармактагы ишканалар кирешесиз калды. Анын ичинде мейманканалар, туристтик компаниялар, коомдук тамактануу, соода жайлары, сулуулук салондору, авто жуугучтар, таксопарктар жана башка багыттагы фирмалар бар.

Ал тургай бүтүндөй базарлар, андагы жүздөгөн соода жайлары да коронавирустун кесепетинен жабыр тартышууда. Базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева буларга токтолду:

«Мадина» базары. Архивдик сүрөт.
«Мадина» базары. Архивдик сүрөт.

«Биздин ассоциацияга мүчө болгон бардык базарлардын иштери кыйындады. Анын ичинен, маселен, бүтүндөй «Дордой» базары токтоп калып жатат. «Мадина» жана башка базарлар да жабылып турат. Базарлардын башчылары да, катардагы соодагерлер да кыйналууда. Насыя алгандар бар, ижара акысын төлөй албай аткандар андан көп. Бирок албетте, базар жетекчилери сатуучуларга колдон келишинче жардам бергенге аракет кылып жатышат».

Эгер жагдайды жалпыласак, баштапкы эсептөөлөр менен эле тейлөө тармагы кирешесиз калары, өндүрүш да азаяры анык болду. Демек андай болсо жыл жыйынтыгында өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) да күтүлгөндөн аз чыгары белгилүү болуп турат. Муну өкмөт да моюнга алып жатат.

Бизнеске жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамдарды караган Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында экономика министри Санжар Муканбетов мындай деди:

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

«Биз жыл башында экономикада 5 пайыз өсүш боло турганын болжолдоп жатканбыз. Анан февраль айында аны кайра караганда 3 пайызга чейин ылдыйлоо күтүлүп жаткан. Март айынын башында 2,8 пайызды түзүп, валюта рыногундагы абалдан улам 1,8 пайызга түштү. Азыркы биздин божомол боюнча өзгөчө абал улана берсе, анда 6,8 пайыз минуска кетебиз. Ошондуктан ишкерлерди колдоо боюнча азыр экономиканы жандандыруучу чаралардын биринчи топтому каралып жатат. Мыйзам долбоорлорунун экинчи жана үчүнчү топтомдорунда антикризистик фонддорду түзүү сыяктуу экономикага реалдуу түрдө таасир эте турган чараларды көрөбүз».

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 млрд. сомдон ашкан. Эгер экономика министри болжогондой артка кетүү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 530-550 млрд. сомду түзүшү мүмкүн. Пессимисттик маанайдагы эсептер мындан да төмөн.

«Бюджеттин жарымы кемиши мүмкүн»

Адатта ИДӨ азайса, бюджет да азаят. Анткени өндүрүш азайса, андан салык да азыраак төлөнөт. Муну да чакан ишкананын мисалы менен түшүндүрүп көрөлү.

Ал үчүн каарманыбыз Асел Алымбаеваны кайра угалы.

«Биздин «Аселим» ишканабыз жоопкерчилиги чектелген коом катары да өзүнчө салык төлөйбүз, анан жумушчуларыбыз да ар бири патент алат. Маселен, ай сайын ишкананын атынан 20 миң сомдон ашыгыраак, кыздардыкын кошкондо 50 миң сомдой болсо, жылына жалпысынан 500-600 миң сомдой салык төкчүбүз. Карантинден чыккандан кийин да жумуш орундарын кыскарта турган болсок, салыкты да 50% кыскартууга аргасыз болот окшойбуз. Ошондо жылдын жыйынтыгында болжолдуу 200-300 миң сом салык төлөшүбүз мүмкүн», - дейт ал.

Ооба, бул болжолдуу жана индивидуалдуу эсеп. Бирок жалпылап алганда деле көрсөткүчтөр ылдыйлап, салыктын көлөмү да азаят деген божомол бар.

Базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева да ушул жерден «Дордой» базарынын салыгын мисал келтирди. Анткени ал өзү ушул жерде кесиптик кошуундун да жетекчиси эмеспи.

«Дордой» базары. Архивдик сүрөт.
«Дордой» базары. Архивдик сүрөт.

«Бизде, «Дордой» базарында патент менен эле 35 миллион сомдой салык чогултушчу. Жылына 400 миллион сомдой болчу. Бул ишкерлердики. Ал эми «Дордой» ассоциациясы өзү юридикалык жак катары 755 миллион сомдой салык төлөчү. Анан чек арадан кирген-чыккан товарларды жана башка кызматтарды кошкондо, салык жана бажы төлөмдөрү жалпысы болуп бизден 5 млрд. сомдун тегерегинде бюджетке акча түшчү. Азыр иштебеген соодагерлер патент ала албай жатат, чек ара жабык болгондуктан жүк ээн-эркин кирип-чыкпай жатат. Соода болбой жатат. Ошондуктан салык азайышы мүмкүн. Канчага азаярын айта албайм, бирок базар жакшылап иштебесе, сумма азаяры турган иш», - деди Дамира Дөөлөталиева.

Коронавирус илдети башталган учурда эле өкмөт быйылкы бюджет азаярын мойнуна алган. 20-мартта парламентте отчёт берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын жыйынтыгында республикалык бюджет 28 миллиард сом чогулта албай калышы ыктымал экенин билдирген.

Бирок эксперттер жоготуу мындан да көп болорун эскертишүүдө. КЛДП партиясынын теңтөрагасы, саясий экономика боюнча эксперт Сейтек Качкынбай мындайча талдады:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

«Кыргызстанда тейлөө кызматы улуттук экономиканын түзүмүндө 50% ээлейт. Тейлөө дегенде бул чакан жана орто ишкерлик. Өлкөдө 2 миллион 600 миң жумушка жарактуу киши болсо, ошонун жарымы ушул тармактарда иштейт. Менин оюмча бул топ быйыл 70% жабыр тартат. Натыйжада бул тармактагы 500 миңден 700 миңге чейин киши жумушсуз калуу коркунуч бар. Ушундай жагдайлардан жана инфляциядан улам быйыл бюджеттин 45-50% гана топтолушу мүмкүн. Башкача айтканда, доллар менен алсак Кыргызстандын 2 млрд. 200 миллион долларлык бюджетинин бир миллиарды чогулбай калышы мүмкүн».

Улуттук валюта менен эсептегенде, Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2020-жылга 163 млрд. 710 млн. сом деп бекитилген.

Өкмөт мунун ичинен 93 млрд. сомду салыктан, дагы 35 млрд. сомдой акчаны бажы төлөмдөрүнөн жыйнамак. Демек, Салык кызматы менен Бажы кызматы быйыл мына ушул пландарынан ат чабым алыста калчудай.

«Дагы карыз алууга туура келет»

Маалым болгондой, быйылкы бюджеттин чыгашасы алгач долбоордо 173 млрд. сом деп сунушталып, кийин мыйзам кабыл алынганда 171 млрд. 663 млн. сом деп бекитилген.

Мунун 45 млрд. сому мамлекеттик секторго жана 90,4 млрд. сому социалдык секторго жумшалмак. Башкача айтканда маяна менен пенсия-жөлөкпулга гана бюджеттин көпчүлүк бөлүгү коромок.

Эгер жалпы кирешенин жарымы чогулбай калса кандай болот? Айлык менен жөлөкпул кантип берилет? Мурдагы премьер-министр Темир Сариев өкмөт быйыл сырттан ири өлчөмдө карыз алууга аргасыз болорун божомолдоп жатат.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Азыр Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 120 миллион доллар насыя берди. Мунун 70% беш жылдык, 30% он жылдык мөөнөт менен экен. Менимче салыктан, бажы төлөмүнөн жетиштүү акча чогултулбай калса, анда бюджеттин чыгашаларын кайрадан карап чыгып, ашыкча нерселерди азайтып, негизги нерселерге гана жумшаш керек. Бирок менимче кайра эле эл аралык финансылык уюмдардан акча алууга туура келет. Мындан сырткары, балким популярдуу эмес булак катары, Кыргызстандын Кумтөрдөгү акцияларын атай алам. Бүгүнкү күндө «Центеррада» биздин 450-500 миллион долларлык акциянын 200 миллион долларын сатышыбыз керек. Албетте, Кытайдан, Орусиядан жалдырап акча сурашыбыз мүмкүн, бирок ал реалдуу муктаждыкты жаба албай калат. Улуттук банктын эл аралык резервиндеги, «кара күнгө» деп чогултуп келе жаткан 2,4 млрд. доллардын 200 миллион долларын да өкмөткө алууга туура келиши мүмкүн», - деди ал.

Ошентип, өкмөт «өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» дегендей жагдайга туш келди. Бир жагынан коронавирус эпидемиясынын тушунда ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарыл болуп жатса, экинчи четинен аларды салыктан да бошотуп жибере албайт.

Болгону ишканалар туум менен айыппулдан, жеке ишкерлер камсыздандыруу полисинен күзгө дейре бошотулду. Кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акысынын тарифи беш пайызга арзандатылды. Мындан тышкары текшерүүлөргө мораторий киргизилип, салыктарды төлөөнүн мөөнөтү гана узарды.

Жыйындардын биринде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы кыйынчылык бир топко созулуп кетишин эскерткен жайы бар.

Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттеги жыйында.
Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттеги жыйында.

«Азыркы финансылык шок, азыркы кыйынчылык - эки айда бүтө калчу кыйынчылык эмес. Мунун зыяны, кыйынчылыгы дагы уланат. Ошону үчүн биз сөзсүз түрдө ишкерликти коргошубуз керек. Мыйзам жагынан да, финансылык жактан да, өзгөчө салык-бажы мамилелери боюнча колдошубуз зарыл. Азыркы мөөнөттө иштебей турган мезгилдеги карыздарды төлөө мөөнөтүн узартабыз, салыктык жана социалдык төгүмдөр боюнча отчётторду тапшыруу мөөнөтүн 1-октябрга чейин жылдырабыз», - деди өкмөт башчы.

Бирок саясий экономист Сейтек Качкынбай бул чаралар аздык кыларын, өкмөт ишканаларды баары бир кайсы бир салыктардан бошотушу керек болорун белгиледи. Андан да жарандарды жана ишканаларды камап жата бербей, алардын эртерээк иштешине шарт түзүш керек экенин кошумчалады:

Чехия менен Түштүк Кореяда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн коронавирустан текшерип, аларда оорунун белгилери жок болсо, дароо жумушка чыгарып жатат. Биз да ушул алгоритмге батыраак өтүшүбүз керек».
Сейтек Качкынбай.


«Кечээ жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «биз мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бере алабыз» деп айтып атпайбы. Айлык деген ал Бороновдун акчасы эмес, ал салык төлөөчүлөрдүн жана чакан, орто ишкерликтин берип жаткан акчасы. Ошондуктан ишкер чөйрө менен тез аранын ичинде сүйлөшүп, ишти батыраак жандантышыбыз керек. Ооба, карантинде кармоо да аргасыз чара экенин түшүнүп жатабыз. Бирок камалып жата берүү жападан жалгыз жол эмес. Маселен, Чехия менен Түштүк Кореяда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн коронавирустан текшерип, аларда оорунун белгилери жок болсо, дароо жумушка чыгарып жатат. Биз да ушул алгоритмге батыраак өтүшүбүз керек».

Эксперттердин баамында, 2020-жылы чет өлкөдөн которулган мигранттардын акчасы жана түз инвестициянын көлөмү да кескин азайышы мүмкүн.

Башка мамлекетте иштеген кыргызстандыктар 2019-жылы 2,4 млрд. доллар которушса, быйыл алар бул сумманын тең жарымын эле жөнөтүшү ыктымал. Былтыр ошондой эле 876 миллион чет элдик түз инвестиция келсе, 2020-жылы бул көрсөткүчтүн үчтөн бири келбей калышы мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG