Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Баары үмүт арткан Бишкек ишсиз отурат


Жогорку Кеңеш. 26-март, 2020-жыл.

2020-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш болорунан үмүт кылбай эле койгон оң. Эң ири үч шаарды карантин каптап, көчөлөрү жымжырт.

Баарынан баш калаага оор болду, өлкөнүн ишенген иштемчил шаары. Чакан бизнес токтоп, банкроттук коркунучунда. Өнүккөн өлкөлөрдүн жолоюна түшүп, ишкерлерди колдоого акча бөлүп берүүгө бюджеттин чама-чаркы чак.

Кыргызстандын экономикасына Бишкектин тийгизген таасирин аныкташ үчүн ашкан акылдын деле кереги жок.

  • 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 167 млрд. сомду түздү, анын 60 млрд. сомун Бишкек чогултуп берген. Опол тоодой акчанын 8,5 млрд. сомун гана баш калаа өзүндө калтырат, калганы өлкөнүн башка керектөөлөрүнө жумшалат.
  • Республиканын тышкы соодасынын көлөмү 6,8 млрд. долларды түзөт, анын 4 млрд. доллары Бишкекке тиешелүү.
  • Өлкөгө 851 млн. доллар түз чет элдик инвестиция келсе, анын 367 млн. доллары Бишкекке багышталган каражат.


2020-жылды Бишкек жакшы баштаган. Баш калаанын экономикасынын реалдуу өнүгүшү эки ай ичинде 4,9% көтөрүлгөн. Бардык тармактарда – текстил өндүрүшүнөн жабдууларды орнотууга чейин - өнүгүү байкалган болчу. Мэрия жыл аягына дейре буга чейин ойго кирбеген 10,1 млрд. сом жыйнайбыз деген үмүтү бар эле.

Шаар жетекчилиги эми башка белгилеген божомолдорун кайрадан карап чыгууга мажбур. Жаңы эсептерди эрикпей тактап чыгууга убакыт жок. «Азыр биз социалдык маанилүү товарлардын баасына байкоо жүргүзүү менен гана чектелип калдык», - дейт Бишкек мэриясынын экономика жана инвестициялар департаментинин директорунун орун басары Сато Караш.

Кризис кирип келди

Жугуштуу оорунун залалынан Бишкек менен өлкө экономикасы кандай зыян тартканын так эсептеп чыгыш мүмкүн эмес. Балакеттүү оору дагы канча турары да белгисиз. Андан дүйнөлүк экономика өзгөчө жапа чегүүдө.

Кристалина Георгиева.
Кристалина Георгиева.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева бул кризис 2009-жылдагы апааттан да оор болорун, өнүгүп бараткан өлкөлөр бул апааттан өзгөчө жабыр тартышарын эскертүүдө. Анын айтымында, азыркы учурдун абдан оор мүшкүлү - банкрот болгондор менен жумуштан айдалгандардын үйөр толкуну. Жаалданган мына ушул ээн баш күч баштагы калыбына келе албай араң жан турган коом турмушун ала салдырып кетиши мүмкүн.

ЭВФтин эсебинде экономикасы жаңыдан көтөрүлүп келаткан өлкөлөрдүн кризистен чыгышы чыгышы үчүн бери дегенде 2,5 триллион доллар акча керек. Кристалина Георгиева экономикасы өнүгүп бараткан өлкөлөрдү банкрот менен дефолтторду азайтыш үчүн «эң ири» программаларга каражат аябаганга чакырды.

Кыргызстанда андай каражат дээрлик жок. Жыл сайын өкмөт бюджеттин 15-20 миллиард сомдук таңкыстыгын сырттан келчү жардам акча менен же кымбат мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен жаап келатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан экономикасынын учурдагы абалын «аябай эле оор» деп атады. Ошондон улам ал 2020-жылдын жыйынтыгында республикалык бюджет болжолдонгон 163 миллиард сомдун 28 миллиардын ала албай калышы ыктымал экенин айтууда.

Жугуштуу оору күчөп жаткан чакта салыктарды азайтууну же албай коюуну өкмөт ойлоно элек. Экономика боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мамлекеттин чама-чаркын «олуттуу баалоого» чакырды.

Бекерчи Бишкек

Өкмөт акчаны кайдан чогултары да белгисиз. Бишкектеги чакан ишкерликтин баары банкроттук коркунучунда. Баш калаада 7,3 миң чакан жана орто бизнес ишканалары бар (республика боюнча 12 миң). Бүтүндөй тармактар кирешесиз калды: мейманканалар, туристтик компаниялар, коомдук тамактануу, сода жайлары, сулуулук салондору, авто жуугучтар, таксопарктар...

«Биз жок дегенде тамактарыбызды ташып берет болушубуз керек деп ойлогонбуз, - дейт тай кафесинин башчысы Сумсарбек Мамыралы. - Бирок бардык жерде блокпосттор турат, такси жүрбөйт, биз эмне кылышыбыз керек? Тааныштарым аркылуу «тамак-аш менен медикаменттерди жеткирип берүүгө» уруксат алууга аракет кылдым, бирок мага өткөрмө беришкен жок. Кызматкерлеримдин баарын акча төлөнчү өргүүгө жөнөттүм, бирок апрелден тартып мүмкүн мага алардын баарын иштен бошотууга туура келет. Ушул бойдон тура берсе мен кафени жабам. Ай сайын үч миңден ашуун доллар жоготуп жатам. Буга чыдаш мүмкүн эмес. Анан да насыя деген бар. Насыяны болсо үйдү күрөөгө коюп алгам, ал жерде апам жашайт».

Бишкектин чакан бизнеси азыр арасат турат: тартып аткан чыгымдары азырынча өтө чоң эмес, ошондон жабыла элек, ошол эле мезгилде кризис соңуна чыгып баратат деп да эч ким айта албайт. Айла жок күтүүгө туура келет, жагдайды карап туруш гана калды.

«Маанайды көтөргүң келет, а бирок азыр кандайдыр бир план түзө коюш кыйын. Убакыттын өтүшүн күтөсүң. Баарын жаңыдан башташ керек. Соода 90-95% түштү. Азыр адамдар эң зарыл деген нерселерди гана сатып алышууда, болушунча үнөмдөөгө өтүштү. Бул жагдай дагы канчага созулары белгисиз. Жашаш керек», - дейт аялдардын бут кийим дүкөнүн кармаган Назгүл. Ал ижарага алган жайдын ээси жакшы учур келгенге чейин ижара акысын төлөбөй эле тура беришине макул болду.

Жугуштуу оорунун эмгек базарына кандай таасир этерин баалаш кыйын. Кыргызстанда көбүнесе айлыкты конверт менен алышат. Расмий статистикага ишенсек, миллион кишини батырган Бишкекте 6 миң киши гана жумушсуз. Эмгек базары эмитен эле кризиске капталууда.

«Өзүм баш болуп беш кызматкерим менен жумушсуз калдык. Марттан тартып кыскартуу тизме боюнча жүргүзүлүп атат, 50% кыскартылды, анан 80%, артынан 90%. Мага СМС жазган кыз ири салондор да карантинге жабыла баштаганын жазды. Мен да жаптым. Өзгөчө абал киргизилгенге чейин эле жапканбыз», – деп билдирди биз менен болгон аңгемесинде маникюр салонунун ээси Айдана. Ал азыр да ижарага алган жайы үчүн айына 18 миң сомдон төлөп жаткан кези.

Келечек бүдөмүк

Кыргыз бийлиги коронавирус менен күрөшүүнүн «Кытай жолун» тандап алды, экономикага зыян келерине карабай катаал карантинди киргизди. Өзгөчө абал режими мурда белгиленгендей 15-апрелге чейин созулат, бирок ал дагы узартылышы деле мүмкүн.

Жакын арада Бишкектин экономикалык жигердүүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Жагдайды жаман жагына түрткөн дагы бир нерсе - баш калаа вирусту жайылтуунун салыштырмалуу очогуна айланып баратканы.

(Макаланын түп нускасын бул жактан окусаңыз болот).

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG