Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Өзгөчө абалдын талаптары күчөйт


Бишкектин көчөлөрүнө кошумча 400 патрулдук кызматкер чыга баштайт.

Бишкек шаары 30-марттан тартып күчөтүлгөн көзөмөлгө өтүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиевдин айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгат:

"Алар санитардык-карантин эрежелерин бузгандарга карата чара көрүшөт".

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык саат талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды.


Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашина да жүрбөшү керек.

Түштүккө дарыгерлердин экинчи тобу жөнөтүлдү

Ал арада дарыгерлердин экинчи тобу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына жөнөп кетти.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барып иштөө ниетин билдирген дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Бул тууралуу 30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Коронавирус көп катталган облустарга жөнөгөн доктурлардын экинчи бригадасы. 30.03.2020
Коронавирус көп катталган облустарга жөнөгөн доктурлардын экинчи бригадасы. 30.03.2020


Мекеменин маалыматына караганда, алар аталган облустардагы эпидемияга каршы жана дарылоо иш-чараларына катышат.

“Жогорку квалификациядагы медицина кызматкерлери бир айга жөнөп кетишти. Алар облустук клиникалык ооруканаларга жардам берет” деп айтылат министрликтин маалыматында.

Дарыгерлер бригадасы жеке коргонуу жана тамактануу үчүн зарыл каражаттар менен толук камсыз болду. Аларга кошумча айлык төлөнүп берилет.

25-мартта Жалал-Абад облусуна Бишкектен сегиз доктурдан турган бригада барган.

Ал арада министр саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар бар экенин айтты. Бул тууралуу ал Ош, Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча инфекционист, пульмонолог, анестезиолог–реаниматологдордон турган тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого бир ай бою көмөктөшөт.

Алар менен жолуккан саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дарыгерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, эң башкасы ооруну жугузуп албай өз милдетин так аткаруу зарыл экенин билдирди.

Кыргызстанда 30-мартка карата 84 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен 39 адам Жалал-Абад облусунда, 31 адам Ош облусунда, эки адам Ош шаарында, бир адам Баткен облусунда, Чүй облусунда эки, Бишкек шаарында сегиз жана Нарын облусунда бир адам катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG