Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Илдетке моюн бербеген айыл чарбасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу айыл чарбасындагы абал кандай?

Өзгөчө абалдын киргизилиши жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө кандай таасир этүүдө? Дыйкандарды күйүүчү-майлоочу каражаттар, керектүү үрөн менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган жокпу? Азык-түлүктү кайра иштетүү, сырттан ун азыктарын алып келүү солгундабайбы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздө жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын айыл чарба, азык-түлүк жана мелорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев катышты.

«Азаттык»: Жаныбек мырза, коронавируска байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал өлкөнүн айыл чарбасына кандай таасир этүүдө? Чектөөнүн күчөтүлүшү жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө тоскоолдук кылган жокпу?

Жаныбек Керималиев.
Жаныбек Керималиев.

Жаныбек Керималиев: Албетте, коронавирус илдети биздин тармакка залакасы тийген жок деп айтсам туура эмес болуп калат. Азыр бардык жерде көзөмөл, өткөрмө жайлары күчөтүлгөнүнө байланыштуу бир аз маселелер жаралууда, бирок алардын баары чечилүүдө. Белгилеп койчу жагдай: биз коронавирус чыкканга чейин эле, кыш мезгилинде эле жазгы талаа жумуштарына, айдап-себүүгө даряданып койгонбуз десем жаңылышпайм. Күйүүчү май, жер семирткич, үрөн маселелеринен азыр тартыштык жок деп айта алам. Учурда карантинге алынган Ноокат, Сузак райондорунда да жазгы талаа жумуштары токтогон жок. Ири дыйкан чарбалары, фермердик чарбалар айдап-себүүгө бири-бирине жардам берип жатышат. Мисалы, Ноокаттагы «Көк-Жар» ири кооперативи башка майда чарбаларга, жеке дыйкандарга чоң жардам көрсөтүүдө. Биз карантин болгон аймактардын коменданттарына кайрылып, жазгы жумуштарга байланыштуу жолдо бараткандарды, азык-түлүк ташыган ишкерлерди тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча кайрылып жатабыз. Бул багытта жергиликтүү бийлик органдары да жакшы жардам беришүүдө. Албетте, биздин өлкө бул илдеттен да арылат. «Жаздын бир күнү жылга тете» демекчи, биздин өкмөт, жергиликтүү бийлик менен дыйкандар күздөгү мол түшүм үчүн болгон аракеттерин жасай бермекчи.

«Азаттык»: Алчынбай мырза, сиз башкарган айыл өкмөттө бүгүнкү чектөө чаралары жазгы айдап-себүү жумуштарын үзгүлтүккө учураткан жокпу? Айыл чарба жумуштары пландалган деңгээлде жүрүп жатабы?

Алчынбай Төралиев: Бүткүл дүйнөнү каптап жаткан илдеттин алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин айыл өкмөт да өз деңгээлибизде штаб түзгөнбүз. Президенттин, өкмөттүн кайрылуулары, айыл чарба ишкерлерине боло турган колдоо боюнча элде туура түшүнүк бар. «Оору келиптир» деп карап отурган жокпуз, айыл чарба жумуштары, анын ичинде айдап-себүү иштери өз нугунда жүрүүдө. Биз дыйкандарга шарт түзүп берип жатабыз. Мисалы, Бүргөндү өрөөнүбүздө негизинен күрүч эгилет, учурда ошол жерлер айдалып жатат. Коронавируска байланыштуу кырдаалдын тескери таасирин сезген жокпуз. Анткени биз мурда эле баарын камдап койгонбуз. Күйүүчү май, үрөн бизде толук бар. Ушул тапта 90 тонна солярка, 60 тонна бензинибиз бар.

«Азаттык»: Сиздин айыл өкмөттө күрүчтү өстүрүүдөн башка дагы кандай азык-түлүк өндүрөсүздөр?

Алчынбай Төралиев: Биз акыркы жылдары күрүчтөн сырткары багбанчылыкка көп көңүл буруп жатабыз. Мөмө-жемиштерди көбүрөөк өстүрүп жатабыз. Бизде кокон гилас деп коёбуз, аны көп эгип, сатып жатабыз. Мындан сырткары шабдалы, алма, өрүктүн аянттары да көбөйүүдө.

«Азаттык»: Жаныбек мырза, дыйкандардын чоң бир көйгөйү - күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыз кылуу эмеспи. Ал жетиштүүбү? Дыйкандарга чейин жеткирүүдө маселе жаралган жокпу?

Жаныбек Керималиев: Кыргызстанда ири чарбалар, кооперативдер күйүүчү-майлоочу майды күн мурунтан эле даярдап алуу жагынан жакшы тажрыйбасы бар. Жеке чарбалар, жеке дыйкандар үчүн керектүү күйүүчү май жер-жерлерде жетиштүү сатылууда. Биздин министрлик ар жылы кайсы өсүмдүктөр канча аянтка эгилет, ага кандай каражаттар - май, үрөн, жер семирткич кетет - болжолдуу түзүмүн берип турабыз. Айыл чарба министрлиги кышында эле Мунайзат ташып келүүчүлөрдүн бирикмеси менен керектүү мунай зат менен камсыз кылуу боюнча макулдашабыз. Азыр ошол боюнча иш жүрүп жатат десем болот. Бизге 40 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектеле турган болсо, ошонун 70% келди. Азыр литри 44 сомдон сатылууда.

«Азаттык»: Алчынбай мырза, өзүңүздүн айыл өкмөтүңүздөн сырткары кошуна айылдарда, жалпы эле Кадамжай районунда, Баткен облусунда учурда дыйкандарды ойлонткон негизги маселелер кайсы деп ойлойсуз?

Алчыбай Төралиев: Дыйкандардын көбү насыя алып иштетет. Ошолордун төлөө мөөнөтүн узартуу, жеңилдик берүү деген маселесин өкмөт менен банктар оң жагына чечип берсе деген ойлор бар. Кечээ президентибиз «насыя төлөө убактысы узартылат» деп айтканы биздин дыйкандарда жакшы үмүттөрдү жаратууда. Алардын ою боюнча төрт айга чейин узартса жакшы болор эле. Акыркы жылдары дыйкандарды ар тараптуу багыттар боюнча окутуу жүрүп жатат, ал да иштин илгерилешине өз таасирин тийгизүүдө. Мисалы, жер семирткичтер, үрөнчүлүк, айыл чарба өсүмдүктөрүн отоо чөптөрдөн арылтуу боюнча окуу-семинарлар көп болду. Ушундай окуулар көп болуп турса дейбиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG