Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Эчкинин тыбыты эки миң сомго чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда беш жарым миң тоннадай жүн өндүрүлдү. Былтыр бул көрсөткүч 13 миң тоннага жакындаган.

Бул негизинен асыл тукум койлордун жана тыбыт берген эчкилердин гана жүнү. Калктын короосунда басымдуулук кылган кара койлордун жүнү жөн гана өрттөлүп же ыргытылып келатат. Албетте, ал товарды да иштеткендер аз-аздан чыга баштады. Бирок азырынча меринос кой менен кашемир эчкилеринин гана жүнү баалуу болуп турган кези.

Тыбыттын биринчи сорту - кашемир

Биздин сөзүбүз алгач эчкинин тыбыты, тагыраагы анын эң мыкты деп саналган сорту тууралуу болмокчу.

Мал чарбасы боюнча адистер жана андан азыраак кабары барлардын баары тыбыт өзү баалуу товар экенин жакшы билишет. Айылда чакан чарба кармагандар же ири фермерлер деле кошумча эчки багып, тыбытын сатып тиричилик кылат.

Бирок тыбыттын «кашемир» сорту бардык жерде эле кездеше бербейт экен. Бул сейрек тыбыт Оштун эки районунда багылган эчкилерден алынат. Айыл чарба багытындагы «Бай Алай» программасынын адиси Максатбек Койчуманов аны мындайча түшүндүрдү:

Максатбек Койчуманов.
Максатбек Койчуманов.

«Ош облусунун Чоң-Алай районунун бардык аймагында жана Алай районунун жогорку зонасында, болжол менен 1900-2000 метрден бийик жерлерде жайдары эчкилер багылат. Бийик жерде эчкинин жүнүнүн астында майда тыбыт пайда болот. Ал октябрдын ортосунан апрелдин ортосуна чейин кыска болуп туруп, андан кийин өсүп чыгат. Температура жогорулап кеткенден кийин өрдөп, өзү түшүп калат. Бул тыбыт эчкини сууктан сакташ үчүн чыккан, изоляция сыяктуу коргоочу нерсе. Эгер ушул эле эчкини ылдыйкы, жылуу райондордо баксаң андай тыбыт өспөйт. Мына ушул тыбыт - кашемир».

«Кашемир» демекчи, бул Индия, Пакистан, Непал өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кашмир деген жердин аталышынан келип чыккан экен. Башкача айтканда ошол жерде багылган эчкилердин түркүмү кашемир аталып, алардан алынган жүн да ушундайча айтылып калган. Мына ушул сапаттагы жүн Алайдан табылып отурат.

«2010-жылы «Helvetas» уюмунун «Бай Алай» программасынын алкагында эки миңге жакын эчкинин тыбытынан үзүп (проба) алып, Монголиянын Илим жана текстил университетине анализге жөнөткөнбүз. Эл аралык деңгээлде аккредитациядан өткөн бул лабораториядан «тыбыттын 33% жогорку сапатта» деген бүтүм келди. Бул тыбыттын диаметри 16 микрондон ичке болду, бул адамдын чачынан 100 эсе ичке дегенди билдирет. Башкача айтканда Алайдын жогорку зонасында жана Чоң-Алайда багылып жаткан эчкилер дүйнөлүк сапатка жооп берген тыбыт берет деген жыйынтык колубузга тийди. Дагы 30% орточо сапатта экен. Башкача айтканда, биздеги тыбыттын 63% сыртка экспорттосок болот деген жыйынтыкка келдик», - деди айыл чарба адиси Максатбек Койчуманов.

Мына ушундан кийин Чоң-Алай району менен Алай районундагы эчкилерден жөнөкөй эле тыбыт эмес, анын мыктысы кашемирди өндүрүү жанданыптыр. Долбоордун негизинде миңге жакын фермер тыбыттын бул түрүн тарап алуу боюнча окуп, атайын тарактар менен камсыз болушту. Аларды болгондо да Англиядан тыбыт заводдун өкүлдөрү өздөрү келип окутушту. Натыйжада фермерлердин кирешеси да арбыган.

Максатбек Койчуманов билдиргендей, аталган эки райондо 2014-жылы миң килограмм кашемир өндүрүлсө, анын кирешеси 20 миң 533 евро болгон. 2015-жылы 1600 килограмм алынса, ал 39 миң 42 евро, 2016-жылы 1375 килограмм болсо, анын кирешеси 28 миң 500 евро деп эсептелген. 2017-жылы болсо 2118 килограмм тыбыт өндүрүлсө, анын кирешеси 35 миң 200 евро, 2018-жылы 1380 килограмм кашемир өндүрүлсө, дүң киреше 35 миң 181 евро болду. Жалпы төрт жылда 7473 килограмм кашемир тыбыты топтолгон.

Бул сандарды Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынын тургуну Убайдылла Абдраимов да ырастап, чакан чарбасынан таап жаткан кирешеси тууралуу айта кетти:

«Мен дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кошо азыраак эчки да багам. Болгону 30 баш эчким бар. Ушул эле эчкилерден тыбыт алып, сатып турам. Беш эчкиден болжолдуу бир килограмм кашемир тыбытын алабыз. Биринчи сортун 2200 сомдон сатып жатабыз, экинчи сорту 1500 сом, үчүнчү сорту 900 сом болду. Бул ошол сортуна, кылдуураак болгонуна, микронуна карайт. Мисал үчүн мен бир эле сезондо ушул эчкилерден 36 миң сом киреше таптым. Күнүмдүк тиричиликке бул жакшы эле пайда, кошумча киреше болуп калып жатат. Биздеги эчкилер чыныгы жайдары, кыргыз эчкилер. Чоң-Алайда 90% эчки ушул, кашемир багытындагы эчки».

АКШда сатылып жаткан кыргыз тыбыты.
АКШда сатылып жаткан кыргыз тыбыты.

Кеп болуп жаткан кашемир тыбыттарын Ош шаарында жайгашкан «Osh Business Training center» (OBTС) же кыргызчалап айтканда «Ош бизнес тренинг борбору» сатып алып турат экен. Алар да жогоруда аталган изилдөөгө катышып, анын жыйынтыгында алынган жогорку сорттогу тыбытты Европага жана Америка Кошмо Штаттарына экспорттоп жатышыптыр. Алар бул үчүн АКШда «June cashmere» аттуу ишкана да ачып, аны кыргызстандык фирманын филиалы катары пайдаланып жатышат.

Аталган фирманын директорунун орун басары Канатбек Анарбаев иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди:

Канатбек Анарбаев.
Канатбек Анарбаев.

«Бул иш азыр кыйла жолго коюлуп калды. Башында фермерлер жалаң кыркып жүрчү экен, азыр атайын тарактар менен тарап, жыйнап, бизге тапшырып жатышат. Биз биринчиден Белгияга жөнөтүп жуудурабыз, дезинфекциялайбыз, андан кийин Англияда жип токулат. Даяр өнүм АКШга же Шотландияга жеткирилип, боелуп, анан андан ары сатылат. Анан ошол жактардан кийим же түрдүү буюмдар токулат».

«Ага Хан» жана «Helvetas» уюмдарынан каржыланган «Бай Алай» программасынын адистери кабарлагандай, долбоор Ош облусунун эки районуна багытталган үчүн ушул эле аймактардагы эчкилердин тыбыты изилденген. Бирок алар Нарын, Атбашы, Суусамыр, Чаткал, Аксы, Баткен райондорундагы эчкилерден да кашемир тыбыттарын алууга болорун белгилешти. Ошол себептүү аталган программага окшош долбоорлор эми ушул райондордо да уланышы мүмкүн.

«Жакын арада дагы Кыргызстан боюнча эчкилердин тукумун (порода) өзгөртүү боюнча жаңы долбоорлор жүрөт. Бишкекте да кеңсебизди ачканы жатабыз. Нарын, Аксы, Баткен, Токтогул жергесинде да эчкилер көп тыбыт бергенин билебиз. Мына ушул жерлердеги фермерлерге биз «жайдары багыттагы эчкиге өткүлө» деп түшүндүрүп жатабыз. Себеби дүйнө азыр ушуну талап кылууда, ири-ири фирмалар сурап жатышат. «Жакшы сапаттагы тыбыт жөнөтсөңөр биз алабыз» деген кардарларыбыз дүйнөнүн булуң-бурчунда толтура», - дейт Канатбек Анарбаев.

«Ош бизнес тренинг борбору» өндүрүп жаткан тыбыттар.
«Ош бизнес тренинг борбору» өндүрүп жаткан тыбыттар.

Фирманын өкүлү ырастагандай, алар кашемир сортундагы тыбытты түрүнө жараша быйыл 1600 сомдон 2550 сомго чейин алып жатышыптыр.

Адистер түшүндүргөндөй, башка тыбыттардын наркы мындан бир аз арзаныраак. Алар көбүнчө Кытайга жана башка өлкөлөргө сатылып жатат.

Мыкты жүндүү меринос койлору

Эми жогорку сапаттагы жүн берген койлорго келели.

Сөзүбүздүн бул өңүтү Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүндөгү М.Н Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүүчү заводдон уланат. Советтер Союзунун учурунда чоң чарба болгон бул жайда азыр алты миңдей меринос койлору бар.

Ишкана аны азыр фермерлерге ижарага берип, үлүшүн алуу менен иш алып барат. Ал эми фермерлер мекемеге малдын акысын төлөп, чарбасын ирдентишет. Заводдун директору Досболот Кошалиев жергиликтүү чарбалар менен иштешүүнүн өзгөчөлүгүн чечмеледи:

«Бизде бардык эле жүн багытындагы меринос асыл тукум койлору бар. Талас тиби жана кыргыз тоо мериносу - уяң жүндүү койлор. Жалпы, козуларды кошкондо 6800 баш, кыркыла тургандары 5700 баш кой. Муну бага ала турган фермерлерге шартына жараша 200дөн, 300дөн же андан көп кылып 23 кишиге бөлүп, ижарага бергенбиз. Маселен, фермер бизден 200 кой алса, анын 30% төлүн бизге берет, 70% төлүн өздөрү алып калат. Жем-чөбүнүн бүт баарын өздөрү камсыз кылышат. Жүн боюнча бизде тубар койлорго 4 килограммга 400 граммдан план коюлган, ошонун 1 килограмм 300 граммын бизге беришет. Малдын башын да ошол боюнча сактайт, кемитпейт. Башка койлор менен аралаштырып бакпайт. Ал эми биз алган төлдү кошуп, малдын саны улам көбөйтө беребиз. Быйыл 6 миң болсо, келерки жылы 6300 кылабыз. Кийинки жылы дагы өсөт дегендей».

Лущихин заводундагы койлор.
Лущихин заводундагы койлор.

Кошалиевдин айтымында, алар жүндүн да кайсы бир бөлүгүн гана заводго алышат.

«Жүндү кадимки базар аркылуу же экспортерлор аркылуу Кытайга сатып жатканбыз. Азыр кытайлар жок, башка бир фирмалар менен сүйлөшүп жатабыз. Мериностун жүнү былтыр 300 сомдон бааланган, быйылкысы аныктала элек. Бирок алуучуларга «ушул баадан жогору болбосо биз бербейбиз» деп айтып жатабыз. Жүн сапаттары менен бааланып, ошого жараша сатылат», - дейт ал.

Жогоруда айтылгандай, койду ижарага берүүнүн негизги максаты - асыл тукумду көбөйтүүгө салым кошуп туруу эмеспи. Башкача айтканда мериносту баккандар андан ашканын көбөйтүп, койдун бул түрүн арбытышы керек. Маселен, Кара-Буура районунун Молдо Асан айылынын тургуну Урмат Рүстөмов дал ушинтип кой алып, чарбасын кеңейтиптир.

«Биз бул «Лущихин» заводунан 200 кой алганбыз, - деди ал. - Койго, токтуларга коюлган жүндү, төлдү пландагыдай берип жатабыз. Биз мындай ыкма менен кеминде 10-15 жылдан бери иш алып барабыз. Ортодо планга берген төлдөн артып калган козуларды чоңойтуп, өзүмдүн да чарбамды кеңейттим. Маселен, азыр өзүмдө 300дөй меринос койлору бар. Ошо менен жалпысынан 500дөй койду багып жатам. Биз койдун жүнүнөн, этинен пайда табабыз».

Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү М.Н Лущихин атындагы завод асыл тукумду жайылтууга көп салым кошуп жатат дегенге анча кошула бербейт экен. Алар бир канча жыл мурда чарбада канча мал болсо, дагы эле ошол боюнча турганын, мындан же мал көбөйбөй же мамлекет пайда таппай жатканын айтышты.

Лущихин заводунда өткөн иш-чарадан тартылган сүрөт.
Лущихин заводунда өткөн иш-чарадан тартылган сүрөт.

Талас облусунун Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жергиликтүү бийликке бермейинче, асыл тукум кой көбөйбөйт деп эсептейт.

«Лущихин заводу - тээ союз учурунан бери келе жаткан завод, - деди аким. - 2010-жылы төңкөрүш учурунда эл талап кете жаздаганда жетекчилиги араң сактап алып калган. Бирок бүгүнкү күндө завод реформага муктаж. Өткөндө барып Финполиция менен кошо койду санап чыкканбыз. Бул бизге карабайт, Айыл чарба министрлигинин карамагындагы Изилдөө институтуна карайт. Биз азыр муну жергиликтүү бийликке, айыл өкмөткө же акимиатка өткөрүп бергиле деп жатабыз. Себеби биз алардын малын санай албайбыз, отчет бербейт экен. Алардан мамлекетке бир тыйын да пайда түшпөйт. Маселен, ошол эле койлорду алып жаткан фермерлердин жети-сегизине койлорду жеп койгону үчүн кылмыш иши козголуп, кайра төлөп беришти. Ушундай ызы-чуунун алдын алыш үчүн, өнүктүрүш үчүн, койдун санын чындап көбөйтүш үчүн чарбаны бизге өткөрүп бериши керек. Бизде бул жерде аларды оперативдүү карап турганга, жергиликтүү кеңеш аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк болот. Бүгүнкү жол менен кете берсек өнүкпөйт. Биз бул боюнча министрликке, жогорку бийликке сунуштарыбызды берип жатабыз».

Асыл тукумду көбөйтүүнүн аргасы

Жүн өндүрүү жөнүндө сөз кылып жатып асыл тукум койлорду жайылтууга көбүрөөк кайрылганыбыз бекеринен эмес. Анткени Кыргызстанда кара кой көп болгону менен анын жүнү тыйынга тете. Ал жөнүндө бир аздан кийин өзүнчө айтабыз, бирок азыр асыл тукумду өлкө ичинде жайылтуу темасын улап туралы.

Асыл тукум койлор.
Асыл тукум койлор.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине бул багытта кандай аракеттер жүрүп жатканын такташ үчүн бир нече ирет кайрылып, жооп ала алган жокпуз.

Мекеменин басма сөз кызматы алгач министрликтин мал чарба бөлүмүнүн жетекчиси Сулайман Мамаевдин номерин берди эле, ага күн бою телефонун көтөрбөй койду. Кийин министрдин орун басары Жаныбек Керималиев түшүндүрмө бермек болуп, аны менен байланышуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

Кыргыз жайлоолорундагы койлор.
Кыргыз жайлоолорундагы койлор.

Ошол себептүү асыл тукум койлорду багып жаткан фермерлердин пикирин билмек болдук. Ысык-Көлдүн Тоң районунун Көк-Сай айылында 500дөй меринос койлорун багып жаткан Баатырбек Акматов фермерлер бийликтин көмөгүн сезбей жатканын билдирди.

«Асыл тукум койлорду көбөйтүш үчүн мамлекеттен атайын бир жардам деле көргөн жокпуз. Мисалы үчүн мен быйыл Болгарияга, койчулардын дүйнөлүк чогулушуна барып келдим. Ошол эле өлкөдө асыл тукум кой бакса өкмөт 150 доллардан дотация кылып, төлөп берип турат экен. Ошентсе анан фермерлер жанталашып жакшы көрсөткүчкө жетишет да! Бизде болсо дотацияны мындай кой, жөн эле жеңилдиктерди бере албай жатышпайбы. Жайыттардан жеңилдик жок, жыл жаңырганда эле «салык-салык» деп чуркап келишет. Мисалы этин сатууга Арабияга экспорт кылалы десек, анын документтерин бүтүрүүнү жеңилдетишпейт экен. Бир канча жылдан бери ошону менен убарабыз. Мунун териси чет жакта күрмөгө керектелет, бирок ошо терисин экспорттой албай, чек ара жана башка машакаттардан чыга албай жатабыз. «Асыл тукумду жайылтабыз» дешкени менен мына ушуга окшогон маселелерди чечишпесе, аны багууга ким кызыгат? Азыр ак кой баккан менен кара кой баккандын айырмасы жок болуп калып жатпайбы», - дейт Акматов.

Баатырбек Акматов чарбасында.
Баатырбек Акматов чарбасында.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, ири асыл тукум заводдор Ош облусунда «Катта-Талдык», Ысык-Көлдө Жети-Өгүздө «Оргочор» деген аталышта иштейт. Нарында «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводу бар. Бирок 2010-жылы андагы койлордун көбү таланып кеткени кабарланган.

Ушул чарбалардан алынган жана өз алдынча союздан сактап калган койлорду баккан дагы жүздөгөн чакан фермалар бар.

Жүндү кайра иштетүү

Ошентип Кыргызстанда даяр болгон жүндүн көлөмү жана аны кайра иштетүү жөнүндөгү кепке келели.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2019-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстанда 5 миң 614 тоннадай жүн өндүрүлдү. 2018-жылы бул көрсөткүч 12 миң 789 тонна болгон.

Эгер токсонунчу жылдардагы 30-40 миң тонналык өндүрүштү эске албаганда, акыркы беш-он жылдагы статистика Кыргызстанда жылына орто эсепте 10-12 миң тонна жүн өндүрүлөрүн көрсөтүүдө.

Асыл тукум койлордун уяң жүнү.
Асыл тукум койлордун уяң жүнү.

Адистердин айтымында, мунун азыраак бөлүгү гана Кыргызстанда калбаса, калган бөлүгү жалаң Кытайга жана башка өлкөлөргө сатылып кетет. Кол өнөрчүлүк жаатындагы ишкер Гүлмира Акматова мындай дейт:

«Меринос койлордон жүн өндүрүүчүлөр адатта аны Токмок шаарындагы «Касиет» фабрикасына алып келип тапшырышат. Ал жерде аны жууп, тыттырып, даярдап чыгарышат. Тыттырганда кымбатыраак түшөт, анан биз, кол өнөрчүлөр, ошондон сатып алып, жасаган ыңгайлуу болчу. Биз андан кадимки кийиз, шырдак, калпактардан баштап кийим-кечек, ар кандай буюмдарды жасайбыз. Бирок ал заводду да азыр өзбекстандыктарга берип салып, жиптин 100% жүн деген менен, андай чыкпай калып жатат. Сыягы ага пахта же синтетика кошуп жиберип жатышат окшойт. Ошол себептүү мен көбүнчө жүндү өзүм да ийрип, кездеме токуп жатам. Мен мындан башка жүн иштеткен заводдорду билбейт экенмин».

Алдыда айтылгандай, Кыргызстанда кара койдун жүнү кийиз жасоону эсепке албаганда, дээрлик иштетилбейт, сыртка да сатылбайт. Ошондон улам бардык аймактын тургундары койлорун кыркканда жүнүн же ыргытып, же өрттөп жиберишет. Бирок аны да акырындан иштетүүгө өткөндөр чыгыптыр.

Кара койдун жүнүн иштеткен Ноокаттагы завод.
Кара койдун жүнүн иштеткен Ноокаттагы завод.

Маселен, Ноокат районунун Мирмахмудов айыл округу инвестициянын жардамы менен жаңы цех ачып, кара жүндү кайра иштете баштаптыр. Айыл округдун башчысы Шухрат Гафаров буларга токтолду:

«Тыбыт издеп эле отура берсек, болбой калат го. Жалаң эле жакшы товарды эмес, мындай жөнөкөй товарды да иштеткенге өтүшүбүз керек го дейм. Биз ошол максатта айыл округдун балансынан 1 миллионго жакын, Жапониядан 4 миллион сомго жакын жардам алып, «Асыл мал» муниципалдык цехин ачтык. 2019-жылдын башында ачылып, ишке түштү. Азыр анча-мынча маселебизди эске албаганда иштеп жатабыз. Беш түрдүү станогубуз бар. Анда негизинен ошол кара койдун жүнүн иштетип жатабыз. Ал жүнгө беш сомдон 15 сомго чейин баа койгонбуз, кээ бирлери жүндү бекер эле берип жатышат. Жүндү жууп, химикаттар менен иштеп чыгып, кургатабыз. Негизи кара жүнгө мите, күбө түшүп кетет деп коркушат да, биз иштеп чыккандан кийин ошондой курттар түшпөй калат. Жыты да жоголот. Натыйжада көрпө-төшөктөргө да иштетсе боло тургандай болуп калат. Бирок негизинен азыр жылуулаткычтарды, кийиздерди жасап жатабыз. Боз үй жасоого азыртан эле буюртмалар түштү».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата Кыргызстанда кой-эчкилердин саны 6 миллион 167 миң 949 деп эсептелген. Мунун ичинен канчасы асыл тукум, канчасы эчки экени так көрсөтүлгөн эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG