Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстандагы эт өндүрүшүнүн оош-кыйышы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кийинки 20 жылдан бери Кыргызстанда койдун саны 6 миллиондон ашты. "Келечеги кенен" деп эсептелип жүргөн мал чарбачылыгы айыл чарба тармагынын алдына чыгып, таасири күчөп жатат.

Жамы дүйнө шаарлашып атса өлкө калкынын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Алардын дээрлик баары таягын таштабай мал артында. А бирок өлкө өндүрүлгөн мал этин экспорттоо жагын жолго сала элек. Антейин десең, 2016-жылы Кыргызстанга сырттан ташылып келген эт азыктары экспорттон 37 эсе көбөйүп атканын айтпайсызбы? Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, республика сыртка эт жана эт азыктарын чыгаруудан 623 миң доллар акча тапса, импорттун көлөмү 22,4 миллион долларды түздү. Эми салыштырып көрөлү: сыртка сатылган кадимки эле лампочкалардын көлөмү 8,2 миллион доллардан ашкан. Араб өлкөлөрү Кыргызстандын этин "адал стандартына туура келбейт" деп алуудан баш тартса, Казакстан эмгиче чек арадагы ветеринардык текшерүүнү жоё элек. Бул болсо ЕАЭБге кирүүнүн негизги талаптарынын бири болчу.

Шектүү эттин чоо-жайы

“Кыргыз эт” эт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ассоциациясынын президенти Ырысбек Абдрасуловдун маалыматына караганда, Кыргызстан жыл сайын 212 миң тоннага жакын эт өндүрөт, буга чарбалар менен үй кожолуктарынын малы кирет. 2016-жылы Кыргызстан 1 миң тоннадан ашуун эт экспорттоого жетишти. Маселе барып-келип тийиштүү шарттын жоктугуна такалууда.

- Союз кезинде бизде чоң эт комбинаттары бар болчу, алардын баары талкаланып жок болду. Азыр бизде чакан касапканалар, кайра иштетүүчү цехтер бар, бирок алар эл аралык ISO, HACCP стандарттарына жооп бербейт. Экинчи маселе эттин сапатынын сертификатына байланыштуу. Бизде тийиштүү жерде сертификаты тааныла турган атайын лабораториялар да жок. Анан да Кыргызстанда тармактын өнүгүшүнө тийиштүү көңүл бурулбайт – фермерлер өзү менен өзү. Тийиштүү түзүмдөр, атын чыгаруу, ороп берүү, белги салуу сындуу нерселер жок, - дейт нааразылыгын жашырбаган ишкер.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Эт экспорттоонун азайып кетиши бир топ жагдайларга көз каранды,- дейт Абдырасулов. - Малдын этин эмес, өзүн чек арадан аткезчилик менен алып өтүү эмгиче тыйыла элек. Өндүрүш бири экинчисине байланган кошумча нарк чынжырына тизиле элек, бул өнүмдү кайра иштетүүгө жана ага тийиштүү шарт түзүүгө өбөлгө түзбөйт. Кыргызстандан арбын эт сатып алуучу араб өлкөлөрү 2016-жылдан тартып бул жактан эт импорттоону токтотту. Маселен, Бирикен Араб Эмирлиги Кыргызстандан эт жана эт азыктарын 4,3 миллион долларга сатып алышкан.

Кыргызстандан арбын эт сатып алуучу араб өлкөлөрү 2016-жылдан тартып бул жактан эт импорттоону токтотту.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги “Азаттыкка” ырастагандай, Бириккен Араб Эмирлиги айлана-чөйрө менен климаттын өзгөрүлгөнүнө байланыштуу уйдун, койдун, эчкинин эт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Азыр ал айрым чийки эт азыктары менен колбаса жасагандарга гана сертификат берген, алар аз өлчөмдөгү гана өндүрүмүн чет өлкөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк алышкан. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүккө жетишкен беш гана ишкана бар.

"Эт жана эт азыктарын эч кандай тоскоолу жок сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт" деп 2015-жылы чоң үмүт менен кирген ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт жана эт азыктарын экспорттоо жагында деле көңүл жылытардык иштер жок. Биримдикке кирген үч жылдан бери Казакстан менен чек арадагы ветеринардык текшерүү алына элек. Эт менен эт азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого уюмдун бирдиктүү реестрине кирген Кыргызстандын 5 ишканасы гана мүмкүнчүлүк алган.

- 2018-жылдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнө өзүнүн өндүрүмүн экспорттоого Кыргызстандын 43 ишканасы ээ болду, алардын бешөө эт жана эт азыктарын өндүрөт. ISO, HACCP стандарттарынын техникалык регламенти киргенине бир жылдан ашты, ишканалардын чыгарган өндүрүмү ага шайкеш келиши керек, - дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол талаптарга жооп берчү ишканалардын бири - “Тойбосс” деген колбасалары менен белгилүү жоопкерчилиги чектүү “Адыл азык” коому.

- Биз Казакстанга экспортту бир жума мурун баштадык. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык нормаларга шайкеш келчү заводдор Кыргызстанда аябай эле аз. Эл аралык үлгүдөгү сертификатты биз былтыр жыл аягында гана алдык. Ага жетиш үчүн заводду кайрадан куруп чыгууга туура келди, - дейт компаниянын маркетологу Асхат Абдрахманов.

«Эч кандай бөгөт жок»

Анткен менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумканов үчүнчү өлкөлөргө эт экспорттолуп жатканын белгилейт:

Калысбек Жумаканов.
Калысбек Жумаканов.

- Мисалы, Кыргызстан апта сайын Иранга 20-40 тонна кой этин жөнөтөт. Үчүнчү өлкөгө өндүрүмүн экспорттоого эч кандай ветеринардык же санитардык тоскоолдук жок. Биз өзүбүз сертификат бере алабыз. Бишкек менен Оштогу эки лаборатория улуттук статуска ээ, алар керектүү жабдуулар менен жабдылган, эл аралдык аккредитациядан өтүшкөн. Эпизоотикалык жагдай туруктуу. Кийинки 2-3 жылдан бери өлкөдө эл аралык масштабдагы эпидемиялар катталган жок.

Анын айтымында, эттин экспорттолушунун басаңдап калышы эттин жоктугуна байланыштуу:

- Көлөм керек болуп калат. Маселен, жазында Иран кой этин алгысы келет, бул убакта бизде керектүү көлөмдө эт жок болуп калат. Койду негизинен күзүндө союшат. Араб өлкөлөрүнө ветеринардык текшерүү жок. Анан биз фермерлер каалабаса деле "этиңерди саткыла" деп зордойбузбу?

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкы 467 миң, чочко – 51 миң, үй канаттуулары – 5,6 миллион. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG