Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орус ишкерлери кыргыз азыктарына кызыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азыктарына Орусияда суроо-талап жогору экени кыргыз-орус ишкерлеринин форумунда белгилүү болду.

Ишкерлик форумдун алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн баасы, 500 миллион долларга жакын айыл чарба азыктарын Орусияга экспорттоо боюнча макулдашууларга кол коюлганын кыргыз тарап билдирди.

Буга айрыкча балык, бал, мөмө-жемиш, кургатылган жер-жемиш, эт жана эт азыктары, жүн жана мал териси сыяктуу айыл чарба товарлары кире турганы белгиленди. Ошол эле кезде айыл чарба азыктарын кайра иштетүүдө жана аларды Орусиянын аймагына жеткирүүдө келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу маселеси да көтөрүлдү.

Айыл чарбасына кызыкчылык

Бишкекте өткөн «Стратегиялык өнөктөштүк жана интеграциянын жаңы горизонттору» аттуу кыргыз-орус ишкерлеринин форумунун алкагында айыл чарба тармагындагы кызматташтык боюнча 349 миллион долларлык 12 келишимге жана меморандумга кол коюлду.

Андан тышкары 67 миллион доллардан ашуун экспорттук келишимдер кабыл алынды. Кыргызстандын балык чарбалары баасы 1 млрд. рублге барабар тоңдурулган балыкты Орусияга экспорттоо боюнча меморандум түзүштү. Андан соң Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбалары менен Орусиянын үрөнчүлүк бирикмелеринин ортосунда баасы 25 миллион АКШ долларына бааланган үрөн алмашуу боюнча келишимге кол коюлду.

Кыргызстандын айыл чарба азыктарын кайта иштетүү ишканалары Орусияга 600 миллион сомдук товар сатууга макулдашты.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев бизнес-форумга келген орус ишкерлеринде айыл чарба тармагына кызыгуу көп болгонун айтты:

Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

«Бизнес-форумдун алкагында айыл чарба тармагы боюнча өз ара алака-катышты караган, жалпысынан 500 миллион долларга чукул макулдашуулар, меморандумдар болду. Бул негизинен соода-логистикалык борборлорду куруу, кайра иштетүү ишканаларын ачуу, органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү жана айыл чарба азыктарын сатып өткөрүү боюнча өз ара макулдашуулар. Муну менен бизде айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, логистиканы жөнгө салууга жана товарларды Орусияга экспортоого жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганы турат».

Таза өндүрүмгө талап күч

«Дордой-Фуд» логистикалык борборунун жетекчиси Талант Сатыбаев бизнес-форумга катышкан орусиялык ишкерлер айрыкча Кыргызстандын экологиялык жактан таза шартта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарына кызыкканын ырастады.

Бирок ал Орусиянын тамак-ашты жана жер-жемишти таратуучу дүң соода тармактары менен ири соода борборлору талап кылган көлөмдү Кыргызстандын айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрү камсыз кыла албай жатканын айтты. Талант Сатыбаев бул тармакты өнүктүрүүгө ири инвестиция талап кылынарын кошумчалады:

«Жолугушууларда орусиялык ишкерлер аларда экологиялык жактан таза азык-түлүккө муктаждык көп экенин айтып, ушул багытта кызматташууну сунуш кылып жатышты. Текшерүүдөн өткөн, органикалык таза азыктарды өндүрүү жана ташып жеткирүү боюнча иштешүүнүн жолдорун талкууга алдык. Биз деле долбоорлордун бет ачарында көрдүк. Бизде деле жалаң эле Кыргызстанда же Орусияда иштеген эмес, эл аралык деңгээлде иштеген компаниялар бар экен. Бирок алар аз болуп жатпайбы. Ошондой багытта иштеген ишканаларды көбөйтүп, логистикалык борборлорду куруш үчүн сырттан инвестиция керек».

Ошол эле кезде бизнес-форумдун алкагында кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү орус ишкерлерине биргелешкен ишканаларды ачууну сунуш кылышты. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү «ВСП+» макамына ээ болгон жалгыз өлкө экенин жана бул шарт 6 миңдей товардын түрүн бажы төлөмүсүз Европа Биримдигине сатууга мүмкүнчүлүк бере турганын айтты. Ошондуктан ал орусиялык ишкерлерди Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, анын ичинде кайра иштетүү ишканаларын курууга чакырды.

Көптөн берки көйгөйлөр

Анткен менен ишкер чөйрөнүн өкүлү, Оштун мурдагы мэри Сатыбалды Чырмашев айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагындагы үч негизги көйгөй чечилмейинче абал өзгөрбөсүн айтты:

Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.

«Агрардык өлкө болгондон кийин бизде өскөн айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн жана аларды кайда алып сатуунун жолдорун ойлонушубуз зарыл. Айыл чарбасы - дүйнө жүзүндө дотацияда турган тармак. Ага мамлекеттен дайыма колдоо керек. Бизде азыр айыл чарба тармагына жогорку пайыздык чендер менен насыялар берилип жатат. Ошону азайтуу зарыл. Анан аны кайра иштетип туруп сыртка алып чыгып сатуунун жолдору табылмайынча бул маселелер чечилиши кыйын. Бизнес-форумда ушундай жагдайлардын жөнгө салуунун жолдорун издейбиз».

Ал эми Орусиянын Свердлов облустук өкмөтүнүн өкүлү Евгений Пичурин Кыргызстан менен айыл чарба азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча кызматташууга кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Ал азыр Свердлов облусунун аймагында логистикалык жана кайра бөлүштүрүүчү борборлор менен иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске салды:

«Азыркы учурда Свердлов облусунун аймагында келген жүктү заманбап шартта кабыл алып, сактоочу жана аларды андан ары башка шаарларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү терминалдар иштей баштады. Терминалдын ичинде бажы, салык көзөмөл кызматы менен бирге эле фитосанитардык лабораториялар бар. Ошол жерден эле кызматкерлер КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан келген жашылча-жемиштерди текшерип, аларды андан ары сатууга уруксат берүүчү тыянак чыгарып беришет. Мындан сырткары, аймакта жашылча жана мөмө-жемиштерди дүңүнөн алып, таратып, бөлүштүрүүчү ири борборлорду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча кызмат көрсөтүү камтылган».

Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстан былтыр 62 миллион долларга барабар айыл чарба азыктарын Орусиянын шаарларына жеткирип, сатып өткөргөнү белгиленди. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров айрым тоскоолдуктарды айтпаганда, жеткирилген товардын сексен пайызга чукулу Орусиянын базарларында сатылганын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG