Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 17:15

Ишкерлер өкмөттөн жеңилдик күтөт


Заманбап наабайкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда 480 миң адам орто жана чакан ишкерлик менен алектенет. Ишкерлер жыл өткөн сайын чакан бизнестен пайда көрүү оорлоп баратканын айтып, мамлекетке колдоо көрсөтпөгөнү үчүн нааразы.

Жакында эле Кыргызстандагы тигүү тармагында иштеген ишкерлерге Өзбекстанда жумуш ордун түзүп, иш кылууга сунуш түшкөнү кабарланды.

Бажы төлөмдөрү көтөрүлгөн жок

12-мартта "Дордойдогу" ишкерлер жаңы жылдан тарта сырттан ташыла турган товарларга бажы төлөмдөрү эки эсе көтөрүлгөнүн айтып, нааразылык билдирген.

Бирок Мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөр кымбаттабай эле турганын кабарлап, ишкерлердин маалыматын четке какты.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүркановдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, төлөмдөр көтөрүлгөн эмес:

"Бул 2015-жылы ЕАЭБге киргенде бардык тарифтер бирдей болот деп милдеттенме алганбыз. Ошол эле. Соодагерлер бизден эми жүк ташуучу компаниялардын кызмат акысын төмөндөтүп бергиле деп суранып жатышат. Биз аларга таасир эте албайбыз", - деди Жаманак Мүсүрканов.

"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2015-жылга чейин сырттан күнүмдүк керектелүүчү товарларды (ТНП) ташыган жеке ишкерлер бирдиктүү бажы төлөмүн төлөп келген.

Тагыраак айтканда, товардын 1 килограммы үчүн 35 цент төлөнчү. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин, биримдиктен тышкаркы өлкөлөрдүн товарларына бажы төлөмү ЕАЭБ талаптарына жараша алына баштаган.

ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифтерине ылайык, күнүмдүк керектеле турган товарлар менен бут кийимдерден бажы төлөмү товардын бажы наркынан көз карандысыз түрдө алынат.

Товар жеткирүү 1 долларга кымбаттады

Соодагерлер 13-мартта президентке кайрылып, товарды жеткирүүнүн баасын арзандатууну суранышты.

Товар жеткирүү демекчи, акыркы үч жылдан бери Кытайдан товар алып чыгуу карапайым соодагер үчүн кыйынчылык менен коштолууда. Буга кытай тараптын виза берүү системасынын оорлошкону себеп.

Ушундан улам майда соодагерлер ири карго компанияларга күнү түшүп, товарын алар аркылуу алдырууга аргасыз. Бул соодагерлер арасында "товар ташуу монополияга айланып кетти" деген нааразылыктарды жаратууда. Бирок жүк ташуучу ишкерлер мындай айып менен макул эмес.

Кытайдан товар жеткирип берүүчү "Gold Marc" карго ишканасынын жетекчиси Токтобек Акматовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, мында монополия жок:

"Эч кандай монополия жок. Рынок ачык. Казакстан, Орусиядан компаниялар келип, филиалдарын ачып иштеп жатат. Кытайдын ишканалары бар. Өзүбүздүкүлөр да иштейт. Баалар да ар түрдүү", - деди Токтобек Акматов.

Расмий маалымат боюнча, учурда Кытайдан товар ташыган жүк ташуучу он чакты ири ишкана бар. Андан тышкары майда ишканалар ондоп саналат.

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташыган автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташыган автоунаалар.

​"China Trade" компаниясынын жетекчиси Амир Закиров сырттан жүк ташуунун баасы быйыл 1 долларга кымбаттаганын билдирди:

"Жыл сайын эле февралда баа 5-10% көтөрүлүп турат. Карго компаниялар жолдогу чыгашаларды, күйүүчү май, айдоочулардын айлык акысы жана башка чыгымдарды эсептеп, кошуп жүрүшөт. Ушундан улам былтыр жүк ташуунун баасы килограммына 1,5-1,8 АКШ доллары болсо, быйыл 1 долларга кымбаттады. Азыр 1 килограмм кийимди Кыргызстанга жеткирүү 2,5-2,8 АКШ доллары турат".

Кыргызстанда чакан бизнестин 80% иштеп кете албайт

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда дээрлик жарым миллион (480 миң) адам орто жана чакан ишкерлик менен алектенет.

Дүйнөлүк тажрыйбада чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын өзөгүн түзөрү айтылат. Ушундан улам, өнүккөн өлкөлөрдө бизнестин мындай түрүнө мамлекет колдоо көрсөтөт.

Кыргызстандык ишкерлер бул жаатта мамлекеттен колдоо болбой жатканын айтып жүрүшөт.

Бишкекте чакан ишкерлик менен алектенген Айнура Төлөмүшова мамлекет ишкерлерди колдой албаса да, тоскоолдук кылбаса деген пикирде:

"Менин колумда 22 киши иштейт, алардын ар биринин артында үй-бүлөсү, бала-чакасы турат. Аларга айлык акы төлөйм, Соцфондго салыктарын төгөм. Өзүм ишкананын атынан салык төлөйм. Мамлекеттен бир тыйын алган эмесмин. Он жылдан бери иштеп келе жатабыз. Бирок текшерүү көп. Өрт өчүрүүчү келет, санитардык эпидемиологиялык станциядан келет, салыкчы келет дегендей. Бардыгы талаптагыдай болуп турса деле, кээде мүчүлүштүк таап, кыйнай беришет. Кээ бири менен жеке сүйлөшүүгө туура келет, кээде алар салып кеткен айыппулду төлөө керек. Мунун баары эле чыгаша. Кээде бир жылда беш-алты жолудан текшерүү болуп турат. Өкмөт текшерүүлөрдү азайттык дегени менен иш жүзүндө андай эмес. Кээде ишти жаап салып, басып кеткиң келет".


Ишкерлер көп убакыттан бери эле өкмөттөн салык төлөөдө жеңилдик берүүсүн суранып келет. Бирок бюджеттин бир капшытын салыктан түшкөн акча менен толтуруп жаткан өкмөт бул өтүнүчтү кабыл ала элек.

Жакында кыргызстандык тигүүчүлөргө Өзбекстанда ишкерлик кылууга сунуш түштү деген маалымат тараган.

Экономика жаатындагы эксперт Эсен Момункулов бул маалыматты ырастабаганы менен, жагымдуу шарт түзүлсө, ишкерлер кетип калары турган иш деп билдирди:

"Өзбек өкмөтү ишкерликти өнүктүрүүдө туура кадамдарды таштап жатат. Ошого жараша аларга дүйнөлүк каржы институттары аз пайыз менен көп акча берип жатат. Чынында эле биздин тигүү тармагында иштеген ишкерлер чакыруу болсо, ал жакка кетип калышы толук ыктымал. Орусияга деле канча ишкерлерибиз кетти. Эгер мамлекет жеңилдик, шарт түзүп бере албаса, анда агым сөзсүз болот".

Кыргызстандагы базарлардын бири.
Кыргызстандагы базарлардын бири.

Эсен Момункулов мамлекет тарабынан ишкерлерге колдоо: салыктын түрүн азайтуу, бир нече жылга чейин салыктан такыр эле бошотууну, лабораториялардан сертификаттарды берүү, алар өндүргөн товарларды сатууга көмөктөшүү иретинде болушу керек деп эсептейт:

"Биздин товарларды экспортко чыгаралы десе Казакстан менен Орусиядан башка эч жакка чыгара албайбыз. Булардан башка дүйнө турат. Европа Кыргызстандын товарларына жеңилдик берген, ВСП+ иштебей турат. Анын ичинде алты миңден ашуун товар камтылса да, натыйжа жок. Америкага товар сатууга жеңилдетилген шарттар бар. Бирок бизде эскиче эле иш жүрүп келе жатат. Ишкерлер чыгарган товарын сатууга мамлекет көмөктөшүүгө тийиш. Мамлекет башчылар, өкмөт башчылар чет мамлекеттерге кетип жатканда ишкерлерди ала барып, алар ал жактан товарына сатуучу таап келе тургандай шарт түзүп берүүсү керек".

Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин 80% жакыны жабылат. Буга көбүнчө өндүрүлгөн товарды сатуудагы кыйынчылыктар себеп болот.

Ишкерлердин айтуусунда, быйыл өзгөчө күзүндө айыл чарба азыктарын сатып алып, жазга чейин сактап сатууну көздөгөн ишкерлер банкротко учурашты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG